Бишкектеги Комсомол көлүндө сууга түшүү сезону ачылды

Бишкек шаарында Комсомол көлүндө сууга түшүү сезону жана Кара жыгач токоюнун эс алуу аймагынын ачылышы болду. Муниципалитеттен билдиришкендей, шаардыктар жана борбор калаанын коноктору үчүн оюн-зоок программасы жана майрамдык концерт даярдалды.   Ошондой эле асфальтка сүрөт тартуу боюнча мастер-класстар жана борбордук фонтандын айланасындагы чыгармачылык зоналар уюштурулду.… Кененирээк…

Париж-2024: Денис Петрашов жарым финалга чыкты

Денис Петрашов Париждеги Олимп оюндарында жарым финалга чыкты. Кыргызстандык суучул 200 метрди брасс ыкмасы менен сүздү.   Жалпысынан мелдешке 25 спортчу катышып, алар 4 топко бөлүнүп жарышты.   Петрашов маарага 2 мүнөт 10,99 секундада келди. Муну менен ал өз тобунда 6-орунду ээледи.   Жарым финалдык… Кененирээк…

Ысык-Көлдүн жээгинде парашют иштетүүгө тыюу салынды

Ысык-Көлдүн жээгинде парашют иштетүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Асел Раимкулова билдирди.   Мындай чечим эс алуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында кабыл алынган.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештер таркатылат

Кыргызстанда жүргүзүлгөн административдик-аймактык реформанын алкагында шаардык жана айыл аймактык кеңештер таркатылат. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду.   Документти Жогорку Кеңеш 20-июнда кабыл алган. Ага ылайык, жергиликтүү кеңештин депутаттарынын мөөнөтү төрт жылдан беш жылга чейин узартылган.   Буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров… Кененирээк…

Кыргыз-тажик чек арасынын 94% тилкеси такталды

Кыргыз-тажик чек арасынын 94% тилкеси такталды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Министрлер кабинетинин чек ара боюнча өкүлү Назирбек Бөрүбаев билдирди.   Анын айтымында, чечиле элек 6% тилкелер Баткен районунун аймагындагы “татаал жерлер”.   “11-17-августта эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн жумушчу топторунун жолугушуусу өтөт. Биз калган жерлерди да тактаганга аракет… Кененирээк…

Бишкекте №34 автобустун акыркы аялдамасы өзгөрдү

Бүгүнтөн тарта Бишкекте №34 муниципалдык автобустун акыркы аялдамасы өзгөрдү. Муниципалитеттен билдиришкендей, “Жеңиш” жаңы конушу жана “Бишкек автобекети” боюнча каттаган автобустун “Бишкек автобекетиндеги” акыркы аялдамасы “Ак-Жол” чек ара өткөрүү пунктуна чейин узартылды.   Мындай чара тургундардын кайрылууларынын негизинде ишке ашты. Ага ылайык, Чүй облусунун аймагында жүрүүдө… Кененирээк…

Ысык-Көлдө талапка жооп бербеген 10дон ашык пансионаттын иши токтотулду

Ысык-Көл облусундагы экологиялык талаптарга жооп бербеген 12 пансионатка жазма буйрук берилип, ишмердүүлүгү убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Асел Раимкулова билдирди.   Анын айтымында, Ысык-Көл облусунда жайгашкан 1 миң 127 санаторий, пансионат, эс алуу жайы текшерилип, анын 754ү… Кененирээк…

Кыргыз-өзбек чек арасындагы эки бажы посту 24/7 режимине өттү

Өзбекстандын Кыргызстан менен чек арасындагы эки бажы посту 24/7 режимине өттү. Бул тууралуу LogiStan Өзбекстандын бажы кызматына таянуу менен билдирди.   Фергана облусундагы “Фергана” жана Шахимардан анклавынын кире беришиндеги “Ок-Кыя” бажы посттору күнү-түнү тыныгуусуз жана дем алышсыз иштей баштады.   Бажы постторун 24/7 режимине өткөрүү… Кененирээк…

Кадамжай районунда жаңы мектеп курулуп жатат

Кадамжай районунда жаңы мектеп курулуп жатат. Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, 375 орундуу объект Кара-Жыгач айылында жайгашкан.   Эки кабаттуу имаратта окуу үчүн бардык шарттар түзүлөт.   Курулуш иштери 2022-жылы башталган мектепке каражат мамлекеттик казынадан бөлүнгөн.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан… Кененирээк…

Улуттук банктын төрагасы доллардын төмөндөп жатканына түшүндүрмө берди

Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаев Кыргызстанда доллардын курсу төмөндөп жатканы боюнча түшүндүрмө берди. Ал мунун себебин туристтик сезонго байланыштырып, сырттан келгендердин саны өсүп, аны менен кошо өлкөдө доллардын көлөмү көбөйгөнүн белгиледи.   Ошондой эле Улуттук банк күн сайын рыноктогу кырдаалга көз салып турарын кошумчалады.  … Кененирээк…