Нурлан Дарданов кызматтан бошотулду

Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Дарданов кызматтан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койду.   Буга чейин чиновниктин функционалдык милдеттерин жетишсиз деңгээлде аткаргандыгы, аймактагы координация иштеринин жоктугу, уюштуруу ишиндеги кемчиликтерге жол бергендиги кабарланган.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан… Кененирээк…

Таластын губернаторун кызматтан бошотуу сунушталды

Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Дардановду ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө тиешелүү чечимдин долбоору Садыр Жапаровго киргизилмей болду. Мындай чечим Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жетекчилиги алдында өткөрүлгөн президенттин администрациясынын коллегиясынын отурумунда кабыл алынды.   Мунун себеби чиновник функционалдык милдеттерин жетишсиз деңгээлде аткаргандыгы, ишенип… Кененирээк…

Париж-2024: дзюдочу Эрлан Шеров экинчи беттешинде жеңилди

Парижде өтүп жаткан Олимп оюндарында дзюдочу Эрлан Шеров 90 килограммга чейинки салмакта испаниялык Тристани Мосахлишвилиге 1:0 эсеби менен жеңилди. Ага чейин Шеров кубалык Иван Фелипе Силва Моралис менен беттешип, 0:10 упай менен жеңген.   Кыргызстандан бул Олимпиадага спорттун беш түрүнөн 16 спортчу катышууда.   Ушул… Кененирээк…

Баткенде ири мунай заводу ишке кирет

Баткенде сентябрдын аягында ири мунай заводу ишке кирет.   Энергетика министрлигинин маалыматына караганда, объект Кадамжай районунун Көк-Талаа айылында жайгашкан. Анын пландаштырылган кайра иштетүү кубаттуулугу суткасына 500 тонна сырьену түзөт.   Бүгүнкү күндө курулуш иштери 90 пайыздан ашуун бүткөрүлдү. Учурда төрт мунай скважинасында оңдоо жана даярдоо… Кененирээк…

Ички каттамдарга жаңы учактар күздөн тарта жүрө баштайт

Кыргызстанда ички каттамдарга жаңы учактар күздөн тарта жүргүнчүлөрдү ташыйт. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунан билдиришти.   Маалыматка ылайык, болжол менен самолеттор 28-сентябрдан баштап жүрө баштайт. Бул үчүн эки учак сатып алынган. Алар каттап баштаса, ички каттамдарда билеттин баасы арзандай турганы белгиленди.   Ушул жана… Кененирээк…

Бишкек — Балыкчы каттамында VIP купе ишке кирет

Эртеңден тарта Бишкек — Балыкчы каттамында VIP купе ишке кирет. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” ишканасы билдирди.   Маалыматка ылайык, вагондо жумшак дивандары бар алты купе, кең стол, панорамалык терезелер, электрондук шаймандарды кубаттоо үчүн USB жана Type-C туташтыргычтары, аудиостереосистема, аба муздатуу аппараттары болот.   Интерьер… Кененирээк…

Алайда курулушу эки жыл мурун башталган мектеп ачылат

Алайда курулушу эки жыл мурун башталган мектеп ачылат. Жергиликтүү бийликтен билдиришкендей, Ош облусунун Кум-Шоро айылындагы объект 100 окуучуга чакталган.   Бүгүнкү күндө мектептин айланасын көрктөндүрүү жана футбол, волейбол аянтчаларын куруу иштери жүрүүдө. Долбоор боюнча эки кабаттуу окуу корпус, спорттук зал, көмүр сактоочу жай, сырткы ажаткана,… Кененирээк…

Кыргызстандан АКШга авиакаттам ачуу пландалууда

Кыргызстандан АКШга авиакаттам ачуу пландалууда. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун төрагасы Манасбек Самидинов билдирди.   Анын айтымында, бул маселе АКШнын Кыргызстандагы элчилиги менен талкууланды.   Жыл соңуна чейин аэропорттун иши менен таанышууга америкалык адистер келмей болду, — деп айтылат маалыматта.   Ушул жана башка… Кененирээк…

Энергетика министрлигине жаңы орун басар дайындалды

Нурлан Садыков Энергетика министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.   Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.   Жаңы дайындалган министрдин орун басарын буга чейин «Чакан ГЭС» ААКтын директору болуп иштеп жаткан.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк… Кененирээк…

«Каракол» эл аралык аэропорту быйыл күздө ишке берилет

«Каракол» эл аралык аэропорту быйыл күздө ишке берилет. Бул тууралуу “Манас” аба майданынын башкы директору Манасбек Самидинов билдирди.   Анын айтымында, аэропорт эл аралык стандарттарга ылайык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү.   “Учурда аэропортту реконструкциялоо иштери аяктап калды”, — деди Самидинов.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк… Кененирээк…