Кыргызстанда өткөн жылга салыштырмалуу мектептердин, окуучулардын саны көбөйдү

Кыргызстанда өткөн жылга салыштырмалуу мектептердин, окуучулардын саны көбөйдү. Бул тууралуу маалыматты Билим берүү жана илим министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө жалпы 2 миң 377 мектеп бар, анын ичинен мамлекеттик – 2 миң 173, жеке менчик – 204. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 27 мектепке көп.… Кененирээк…

Ош шаарында эки көчө капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, колдонууга берилди

Ош шаарында эки көчө капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, колдонууга берилди.   Муниципалитеттен билдиришкендей, Ош көчөсү Райымбеков көчөсүнүн кесилишинен Бабараимов көчөсүнө чейин жана Ленин көчөсү менен Загородная көчөсүнүн кесилишинен Курманжан-Датка көчөсүнө чейинки бөлүгү реконструкциядан кийин унаа кыймылына ачылды.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм… Кененирээк…

Ала-Тоо аянтында бийиктиги 100 метр болгон туу көтөрүлдү

Ала-Тоо аянтында бийиктиги 100 метр болгон туу көтөрүлдү. Салтанаттуу иш-чарага өлкө башчы Садыр Жапаров баш болгон бийлик өкүлдөрү катышып, гимн жаңырды.   Туунун узундугу Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдык мааракесинин алкагында 100 метр, ал эми желектин туурасы Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 33 жылдыгына байланыштуу 33 метр болгон.… Кененирээк…

Бүгүн, 31-август – Кыргызстандын эгемендигинин 33 жылдыгы белгиленип жатат

Бүгүн, 31-август – Кыргызстандын эгемендигинин 33 жылдыгы белгиленип жатат. Жогорку Кеңеш 1990-жылдын октябрында өлкө аталышын Кыргыз Республикасы деп өзгөртүп, 15-декабрда Эгемендик декларациясы кабыл алынган. 1991-жылдын 31-августунда өлкөнүн Эгемендик күнү жарыяланган.   Быйыл андан тышкары Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөнүнө 100 жыл болду. Эгемендик күнүнө карата Бишкектин… Кененирээк…

Бишкекте президенттик администрациянын «Ынтымак Ордо» имараты ачылды

Бишкекте бүгүн 30-августта президенттик администрациянын жаңы имаратынын ачылыш аземи өттү. Иш-чарага мамлекеттик кызматкерлер, коомдук ишмерлер катышты.   Ачылыш аземинде президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп, бул имарат эгемендиктин, өнүгүүнүн символу болот деп айтты. Президент бийликке келген учурда өлкөдөгү экономикалык өнүгүүнү камсыздоо убадасын бергенин белгилеп, аны ишке… Кененирээк…

Жогорку Кеңештин сессиясы 2-сентябрда башталат

2-сентябрда Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын IV сессиясы өз ишин баштайт.   Парламенттин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмүнөн билдиришкендей, жыйындар сентябрдын биринчи жумушчу күнүнөн тартып келерки жылдын июнунун акыркы жумушчу күнүнө чейин өткөрүлөт.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.

Чүй облусундагы “Жунда” заводу кайра ишке берилди

Чүй облусунун Кара-Балта шаарындагы “Жунда” заводу кайра ишке берилди. Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, заводду модернизациялоо долбоорунун алкагында Садыр Жапаров курулушка капсула салды.   Маалыматка ылайык, “Жундада” 400гө жакын жаңы жумуш орундары түзүлөт.   Эске салсак, мындагы иш 2019-жылы токтоп калган. Мунун себеби пандемияга байланыштуу… Кененирээк…

БШК Нуржигит Кадырбековду депутаттык мандатынан ажыратты

Борбордук шайлоо комиссиясы 30-августтагы отурумунда Жогорку Кеңештеги “Ыйман Нуру” фракциясынын лидери Нуржигит Кадырбековду депутаттык мандатынан ажыратты.   Ал мандатынан баш тартуу боюнча арызын өзү Боршайкомго бүгүн берген.   Нуржигит Кадырбековдун бошогон мандаты “Ыйман Нуру” партиясынын тизмесиндеги Эрнис Айдаралиевге берилди.   Ушул жана башка жаңылыктар менен… Кененирээк…

Кыргызстанда бир катар товарларга милдеттүү акциздик маркалоо киргизилет

Кыргызстанда бир катар товарларга милдеттүү акциздик маркалоо киргизилет. Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, Министрлер кабинетинин токтому 1-сентябрдан тарта иштеп баштайт.   Өндүрүүчүлөр жана импорттоочулар акциздик марка менен маркалоого милдеттүү болгон товарлардын түрү төмөнкүдөй:   — ТЭИ ТН 2403 товардык позициясына киргизилген түтүктүү тамеки, тартуучу тамеки, жыттоочу,… Кененирээк…

Эгемендүүлүк күнү коомдук транспорт түнкү саат 2ге чейин иштейт

Бишкекте Эгемендүүлүк күнү коомдук транспорт түнкү саат 2ге чейин иштейт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.   Эске салсак, 31-августта Ала-Тоо аянтында Эгемендүүлүк күнүнө жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата иш-чаралар өткөрүлөт. Майрамдык саамалыктар түнкү саат экиге чейин уланат.   Ушул жана башка жаңылыктар менен… Кененирээк…