УКМК 300 батир Мамлекеттик ипотекалык компанияга өткөнүн билдирди

Курулуп жаткан көп кабаттуу турак жай комплексинин 300 батири мамлекетке өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.   Маалыматка караганда, УКМКнын дарегине Орто-Сай айылындагы 3,08 гектар жер тилкесинин тең ээси болгон эки жаран 17 жаштагы Б.С. аттуу жарандан алданып калгандарын айтышып, арыз менен кайрылышкан. Анын негизинде кылмыш… Кененирээк…

Олимп оюндарында байге алгандарга канча акча берилери айтылды

Париждеги Олимп оюндарында байге алгандарга канча акча берилери айтылды.   Дене тарбия жана спорт департаментинин маалыматына ылайык, алтын алган кыргызстандык спортчуга 10 млн сом, күмүш медалдын ээсине 7 млн сом жана коло байге алгандарга 5 млн сомдон берилет.   Кыргызстандыктар чоң үмүт арткан күрөш боюнча… Кененирээк…

Ак-Босого конушунда бала бакчанын курулушу уланууда

Бишкектин Ак-Босого конушунда бала бакчанын курулушу уланууда. Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда имаратты ички жана тышкы жасалгалоо, ошондой эле аймакты көрктөндүрүү иштери жүрүп жатат.   Мектепке чейинки билим берүү мекемеси бир кабаттан турат жана 140 орунга чакталган.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан… Кененирээк…

Кыргызстандыктарга Израиль жана Ливанга барбай туруу сунушталат

Кыргызстандыктарга Израиль жана Ливанга барбай туруу сунушталат. Тышкы иштер министрлиги мунун себебин Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын курчушу менен түшүндүрдү.   Ошондой эле министрлик Ливан жана Израилде жашаган Кыргызстандын жарандарына региондогу кырдаал турукташканга чейин жеке коопсуздук чараларын күчөтүүсү зарыл экенин белгилейт.   Ушул жана башка жаңылыктар менен… Кененирээк…

Оштун тургуну Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына велосипед менен сапар алды

77 жаштагы кыргызстандык V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына велосипед менен сапар алды. Ош шаарынын мэриясынан билдиришкендей, бүгүн Мамыт Таштановду Казакстандын Астана шаарына узатуу аземи болду.   Ал жалпы 2 миң 16 чакырым жолду түрк тилдүү мамлекеттердин элдеринин достугун бекемдөө максатында басып өтөт.   Эске салсак, Мамыт… Кененирээк…

Таластагы Көк-Сай – Арчагул унаа жолуна асфальт төшөлүүдө

Талас облусундагы Көк-Сай – Арчагул унаа жолунун 610 метри асфальтталды. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, Көк-Сай – Кайнар, Көк-Сай – Арчагул унаа жолдоруна 3 миң 420 метр асфальт төшөө каралган. Учурда анын 2 миң 290 метри асфальтталды. Ушул жуманын аягына чейин жол толугу менен асфальтталып,… Кененирээк…

Кара-Суудагы мектептин курулуш иштери 70%га аяктады

Ош облусунун Кара-Суу районундагы мектептин курулуш иштери 70%га аяктады. Бул тууралуу жергиликтүү бийликтен билдиришти.   Маалыматка ылайык, имарат 225 орунга ылайыкталган, эки кабатуу төрт блоктон турат.   Объекттин курулушу 2023-жылы башталып, республикалык казынадан каржыланууда.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша… Кененирээк…

Автоунааларды техникалык кароодон милдеттүү өткөрүү сунушталды

Кыргызстанда автоунааларды техникалык кароодон милдеттүү өткөрүү сунушталды. Экономика жана коммерция министрлигинин тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.   Мыйзамга ылайык, азыркы учурда жүргүнчүлөрдү, жүктөрдү, кооптуу жүктөрдү жана атайын, адистештирилген транспорт каражаттары техникалык кароодон милдеттүү өтүшү керек.   Министрлик мындай чара экологиялык абалды жакшыртуу максатын көздөй… Кененирээк…

“Кыргызалтындын” активдери 95 млрд 650 млн сомдон ашты

“Кыргызалтындын” активдери 95 млрд 650 млн сомдон ашты. Бул тууралуу ишкананын төрагасынын орун басары Нарынбек Сатыбалдиев билдирди. Анын айтымында, ушул жылдын 6 айында “Кыргызалтындын” активдери 6 млрд 297 млн 396 миң 800 сомго өстү.   “Жарым жылдын ичинде күтүлгөн план боюнча 40 млрд 884 млн… Кененирээк…

Кийинки жылы Жалал-Абадда жаңы эл аралык аэропорт курулат

Кийинки жылы Жалал-Абадда жаңы эл аралык аэропорт курулат. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунун башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов билдирди.   Анын айтымында, буга чейин курулуш үчүн 300 гектарга жакын жер бөлүнгөн. Курулуш боюнча бардык зарыл корутундулар алынган. Долбоор даярдалууда.   “Шаардын борборунда жайгашкан азыркы аэропорттун… Кененирээк…