Париж-2024: Бүгүн Кыргызстандын эки спортчусу мелдешке чыгат

Париждеги Олимп оюндарында бүгүн Кыргызстандын эки спортчусу мелдешке чыгат. Суучул Елизавета Печерских аялдар арасында 50 метр аралыкты эркин сүзүү боюнча жарышат. Мелдеш саат 11:00дө башталат.   Ал эми боксчу Мунарбек Сейитбек уулу чейрек финалда күч сынашат. Ал АКШнын спортчусу Жамал Харви менен кез келет. Беттеш… Кененирээк…

GoBus кичи автобустары Бишкектен Нарынга каттай баштайт

GoBus кичи автобустары Бишкектен Нарынга каттай баштайт. Бул тууралуу Туризмди колдоо жана өнүктүрүү фондунан билдиришти.   Маалыматка ылайык, каттам 8-августтан тарта ишке кирет. Билет баасы 500 сом.   Учурда GoBus мобилдик тиркемеси аркылуу Ысык-Көлгө, ошондой эле Ала-Арча жаратылыш паркына же “Манас” аэропортуна билет сатып алса… Кененирээк…

Кара-Сууда 60 орундуу бала бакчанын курулушу аяктоодо

Ош облусунун Кара-Суу районундагы 60 орундуу бала бакчанын курулушу аяктап калды. Жергиликтүү бийликтен билдиришкендей, объект 85 пайызга бүткөрүлдү.   Учурда айланасын жашылдандыруу иштери жүрүүдө.   Курулушу 2021-жылы башталган бала бакча республикалык казынадан каржыланууда.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.

Президенттин Таластагы өкүлү болуп Эрмат Жумаев дайындалды

Президенттин Таластагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Эрмат Жумаев дайындалды. Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койду.   Жумаев Талас шаарынын мэри болуп иштеп жаткан. Ал ошондой эле Каракол шаардык кеңешинин депутаты, Каракол шаардык «Зеленстрой» ишканасынын жетекчиси, Караколдун мэри болуп иштеген.   Ал эми буга чейинки президенттин… Кененирээк…