Жыл башынан бери Сириядан Кыргызстанга 85 бала кайтарылды

Жыл башынан бери Сириядан Кыргызстанга 85 бала кайтарылды. Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдирди.   Ал белгилегендей, “Айкөл” гуманитардык миссиясынын алкагында Сириядан Кыргызстанга 121 адам кайтарылды. Анын 35и аялдар болсо, 85и жаш балдар.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан… Кененирээк…

Кыргыз паспорту дүйнөлүк рейтингде көрсөткүчүн жакшыртты

Кыргыз паспорту дүйнөлүк рейтингде көрсөткүчүн жакшыртып, 10 баскычка көтөрүлдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдирди.   Ал белгилегендей, учурда атамекендик паспорт дүйнө паспортторунун интерактивдик рейтингинде 67-орунга жайгашты.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.  

Бир катар облустарга жаңы прокурорлор дайындалды

Кыргызстандын бир катар облустарында жаңы прокурорлор дайындалды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.   Маалыматка ылайык, башкы прокурору Максатбек Асаналиевдин буйругунун негизинде, Чүй облусунун прокурору болуп Шүкүрбеков Азизбек Шарипович, Ысык-Көл облусунун прокурору болуп Каримов Эмирбек Каримович, Баткен облусунун прокурору болуп Молдокматов Абай Молдокматович, Нарын облусунун прокурору… Кененирээк…

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары кайрадан Кыргызстанда өтөт

Алтынчы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, 8-августта министр Алтынбек Максүтов казакстандык кесиптеши менен жолугуп, анда иш-чараны өткөрүп берүү форматы талкууланат.   Кыргызстан бул оюндардын демилгечиси болуп саналат жана саамалык өлкөдө үч жолу өткөрүлдү. Андан кийин Дүйнөлүк көчмөндөр… Кененирээк…

Курулуш тармагындагы 500дөй компаниянын лицензиясы алынат

Кыргызстанда курулуш тармагында иш алып барган 500дөй компаниянын лицензиясы алынат. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай, коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Нурдан Орунтаев билдирди.   Маалыматка ылайык, алардын лицензиясы мыйзам бузгандыгына байланыштуу кайтарылат.   Өлкөдө 7 миңдей ишканага лицензия берилген. Ушул тапта анын 2… Кененирээк…

Бишкектин негизги көчөлөрүнүн биринде жолду капиталдык оңдоо иши аяктады

Бишкекте Байтик баатыр/Жусуп Абдрахманов көчөсүндө жолду капиталдык оңдоо аяктады. Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда аталган көчөнүн Чүй проспектисинен Жибек-Жолу проспектисине чейинки бөлүгү ачылды.   Байтик баатыр\ Абдрахманов көчөсү Аалы Токомбаев көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейин оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша… Кененирээк…

1-сентябрга карата 30 билим берүү мекемесинин курулушу аяктайт

Кыргызстанда 1-сентябрга карата 30 билим берүү мекемесинин курулушу аяктайт. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев билдирди.   Анын айтымында, жаңы окуу жылын утурлай 20 мектеп жана 10 бала бакча пайдаланууга берилет. Мындан тышкары, дагы 20 социалдык багыттагы объекттин… Кененирээк…

Кыргызстанда 1-класска электрондук каттоонун II этабы уланууда

Кыргызстанда мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин 1-классына балдарды электрондук каттоонун II этабы уланууда. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.   Өнөктүк 30-августка чейин катталган жерине карабастан, бош орундары бар мектептерге жүргүзүлөт.   Баланы каттоо үчүн ата-энелери же мыйзамдуу өкүлдөрү mektep.edu.gov.kg маалыматтык система аркылуу өтүнмө… Кененирээк…

Париж-2024: Бүгүн Шаршенбеков менен Жуманазарова килемге чыгат

Бүгүн Париждеги жайкы Олимп оюндарында күрөш боюнча мелдештер башталат.   Турнирдин биринчи күнүндө 60, 68  жана 130 кг салмак категориясына чейинки грек-рим, эркин күрөш боюнча финалисттер аныкталат. Кыргызстандын атынан балбандар Мээрим Жуманазарова менен Жоламан Шаршенбеков килемге чыгат.   Мелдештер Бишкек убактысы боюнча кечки саат 7де… Кененирээк…

ЖОЖдорго тандоо жана кабыл алуунун төртүнчү туру башталды

Бүгүн Кыргызстандын ЖОЖдоруна тандоо жана кабыл алуунун төртүнчү туру башталды.   Билим берүү жана илим министрлиги эскерткендей, каттоо “Абитуриент онлайн” автоматташтырылган маалымат системасы аркылуу гана жүргүзүлөт.   Өнөктүк 7-август, күндүзгү саат 2ге чейин уланат.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша… Кененирээк…