Кореяда расмий түрдө иштеп, эмгек акыларынан төгүмдөрдү жүргүзгөн кыргыз жарандары бир жолку төлөмдөрдү алууда

Кореяда расмий түрдө иштеп, эмгек акыларынан төгүмдөрдү жүргүзгөн кыргыз жарандары бир жолку төлөмдөрдү алууда. Социалдык фонддон билдиришкендей, жарандарга каражат Кыргызстанга келгенден кийин берилет.   Бир жолку төлөмдүн орточо өлчөмү 4 миң 200  долларды түзөт. Жалпысынан бүгүнкү күндө Кореяда иштеп келип пенсиялык топтоолордун бир жолку төлөмдөрүн… Кененирээк…

Кыргызстанда ымыркайларды төрөт үйүндө каттоо долбоору ишке кирди

Кыргызстанда ымыркайларды төрөт үйүндө каттоо долбоору ишке кирди. Санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаеванын айтымында, эми төрөт үйүндө ымыркайдын төрөлгөндүгү жөнүндө маалымат дароо Калкты каттоо департаментине түшөт.   Ата-энеси 60 күндөн кийин ымыркайына туулгандыгы тууралуу күбөлүк алуу үчүн кайрылбаса, социалдык кызматкерлер эскертип турат.   Кутнаева билдиргендей,… Кененирээк…

Амантур Исмаилов жарым финалга чыга алган жок

Грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык балбан Амантур Исмаилов 67 кг салмак ченинде Париждеги Олимпиада оюндарынын алкагында 7-августта чейрек финалдагы беттешин өткөрдү.   Анын атаандашы украиналык Парвис Насибов аттуу балбан болду. Исмаилов атаандашына 6:7 эсебинде утулду. Амантур Исмаилов 1/8 финалда грузиялык Рамаза Зоидзени 12:1 ири эсебинде жеңген.… Кененирээк…

Кыргызстанга Россиядан акча которуулар көбөйдү

Кыргызстанга Россиядан акча которуулар көбөйдү.   Улуттук банктын маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылдын июнь айында өлкөгө 222,5 миллион доллар которулду, бул өткөн жылдын ушул эле айына салыштырмалуу 37 пайызга көп.   Жалпысынан жыл башынан бери Россиядан Кыргызстанга 1,3 миллиард доллар жөнөтүлгөн.   Ушул жана башка жаңылыктар… Кененирээк…

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу октябрь айында башталат

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу октябрь айында башталат. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Рыскулбек Жумабаев билдирди.   Анын айтымында, темир жол Кашкар – Торугарт – Макмал – Жалал-Абад – Андижан каттамы менен өтөт. Долбоор ишке кирген… Кененирээк…

Баткен шаарына өрүктүн инсталляциясы орнотулду

Баткен шаарына өрүктүн инсталляциясы орнотулду. Бул тууралуу шаар мэринин орун басары Акылбек Орозов маалымдады.   Анын айтуусунда, инсталляция эропортко жакын жерге жайгашты. Демилгени жашоочулар көтөрүп, жергиликтүү бийлик колдоого алган.   «Сырттан эч кандай демөөрчүлөр жок, жалаң карапайым калк, классташтарыбыз уюштурдук. Баткен шаарына эстелик, кийинки муунга… Кененирээк…

Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайга «улуттук» макамы ыйгарылды

Мураталы Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайына “улуттук” макамы ыйгарылды. Тийиштүү Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.   Мындай токтом маданият жана искусство жаатындагы орто кесиптик билим берүүнү өркүндөтүүгө жана музыкалык искусствону өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн кабыл алынганы айтылды.   Ага ылайык, окуу… Кененирээк…

Амантур Исмаилов чейрек финалга чыкты

Бүгүн, 7-август күнү Париждеги Олимпиада оюндарынын алкагында кыргызстандык балбан Амантур Исмаилов грек-рим күрөшү боюнча 67 кг салмак категориясында алгачкы беттешин өткөрдү.   Ал грузиялык 28 жаштагы Рамаз Зоидзе менен күч сынашты. Ал мөөнөтүнөн мурда атаандашын 12:1 эсебинде утту. Исмаилов муну менен чейрек финалга чыкты. Амантур Исмаилов Азия оюндарынын… Кененирээк…

Акжол Махмудов жана Үзүр Жусупбеков жубатуучу беттеште утту, эми коло үчүн күрөшөт

Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында кыргызстандык балбан Акжол Махмудов грек-рим күрөшүнөн 77 килограммга чейинки салмакта коло медал үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк бере турган көңүл жубатуучу беттеште колумбиялык Алексис Муньозди 9:0 менен утуп алды.   Эми Акжол коло медал үчүн азербайжандык Санан Сулейманов менен беттешет. Коло медал… Кененирээк…

Ысык-Көлдүн Кара-Ой айылында спорт комплекс пайда болот

Ысык-Көлдүн Кара-Ой айылында спорт комплекс пайда болот. Кыргыз футбол биримдигинен билдиришкендей, курулуш иштерине дээрлик 18 гектар жер тилкеси бөлүндү.   Долбоорго ылайык, комплексте футбол, сууда сүзүү, жеңил атлетика, волейбол, баскетбол, күрөш, дзюдо, гимнастика, оор атлетика, теннис жана башка спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча инфраструктура түзүлөт.