Кубалык балбан Михаин Лопес Нуньес күрөш боюнча дүйнөдөгү алгачкы беш жолку олимпиада чемпиону болду

Кубалык балбан Михаин Лопес Нуньес күрөш боюнча дүйнөдөгү алгачкы беш жолку олимпиада чемпиону болду. Бүгүн Париждеги оюндарда ал Чилиден келген атаандашын утуп алды.   Беттештин соңунда 41 жаштагы спортчу карьерасын жыйынтыктаганын жарыялады. Лопес 2008-жылдан бери бардык Олимп оюндарында алтын медаль уткан жалгыз балбан.   Ушул… Кененирээк…

Эски үлгүдөгү ID-карталарды алмаштырууга июль айында 50 миңден ашык арыз түштү

Эски үлгүдөгү ID-карталарды алмаштырууга июль айында 50 миңден ашык арыз түштү. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева билдирди.   Анын айтымында, ведомство президенттин тапшырмасы менен 1-июлда 2004-жылкы паспортторду биометрикалык өздүк документтерге акысыз алмаштыруу өнөктүгүн жарыялаган.   Кампания 31-августка чейин созулат. Андан кийин паспорт алмаштыруу… Кененирээк…

Өлкө боюнча жалпы 8 миң 500 аз камсыз үй-бүлө мамлекет менен социалдык келишим түздү

Өлкө боюнча жалпы 8 миң 500 аз камсыз үй-бүлө мамлекет менен социалдык келишим түздү.   Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Долбоордун катышуучуларынын басымдуусу Ош облусуна туура келет – 2 миң 420 үй-бүлө, андан кийин 1 миң 915 катышуучу менен Жалал-Абад облусу… Кененирээк…

Кыргызстанда сүт продукциясы менен сүт кошулган товарлар эки башка текчеге коюлуп сатыла баштайт

Кыргызстанда сүт продукциясы менен сүт кошулган товарлар эки башка текчеге коюлуп сатыла баштайт. Тиешелүү токтом долбоорун Айыл чарба министрлиги коомдук талкууга чыгарды. Ага ылайык, соода түйүндөрү сүт жана курамында сүтү бар азыктарды эки башка текчеге коюуга милдеттендирилет.   Мындай чара товардын курамы боюнча элдин маалымдуулугун… Кененирээк…

Чолпон-Атадагы «Рух-Ордо» комплексин сел каптап, эки күнгө жабылды

Ысык-Көл облусундагы «Рух-Ордо» комплексин кечээ сел каптады.   Натыйжада комплексти баткак басып калган. Жерине барган ӨК министри Бообек Ажикеев каналдын жээктерин бекемдөөнү тапшырды. Бүгүн-эртең комплекс тазаланып, конокторду кабыл албай турганы кошумчаланды. Буга чейин синоптиктер Ысык-Көл жана Нарындын тоолуу аймактарында сел кооптуулугу сакталарын эскертип, тоо-ташта эс… Кененирээк…

Тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн

Тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.   Ведомстводон билдиришкендей, туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.   Жарандарга сак болуу… Кененирээк…

Кыргызстанда 2-сентябрь жумуш күнү болот

Кыргызстанда 2-сентябрь жумуш күнү болот. Эмгек министрлигинин маалыматына караганда 31-август, Эгемендүүлүк күнү ишембиге туура келгендиктен, дүйшөмбү эс алуу жарыяланышы керек болчу.   Бирок министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, 2-сентябрь өлкөдө узак дем алыш боло турган 5-январга жылдырылды.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм… Кененирээк…

Өлкөдөгү колониялар жоюлушу мүмкүн

Өлкөдөгү колониялар жоюлушу мүмкүн. Бул тууралуу юстиция министри Аяз Баетов билдирди.   Анын айтымында, абактагылардын баарын атайын электрондук билериктер менен жабдып, пробацияга өткөрүү сунушталууда. Бирок өзгөчө оор кылмыш жасаган адамдарга пробация колдонулбайт.   Колонияларды жоюу боюнча акыркы чечим Министрлер кабинетинин макулдугун талап кылат. Демилге колдоого… Кененирээк…

Кыргызстанда автогаз менен камсыздоодо көйгөйлөр болууда

Кыргызстанда автогаз менен камсыздоодо көйгөйлөр болууда. Бул тууралуу Мунай ташуучулар ассоциациясы өлкөдөгү күйүүчү-майлоочу май рыногундагы учурдагы абалга комментарий берип жатып билдирди.   Ассоциациянын маалыматына караганда, негизги себеп — Россия темир жолундагы темир жол цистерналарынын жетишсиздиги. Экинчи себеп керектөөнүн көбөйүшү болууда.   Кошумчалай кетсек, Россиянын түштүгүндө… Кененирээк…

Садыр Жапаров Казакстанга иш сапары менен барат

Президент Садыр Жапаров 8-10-августта Астана шаарына иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.   Маалыматка ылайык, мамлекет башчы Борбордук Азия Мамлекет башчыларынын алтынчы консультативдик жолугушуусуна жана “Борбордук Азия+Япония” диалогунун мамлекет башчыларынын саммитине катышат.   Сапардын алкагында Садыр… Кененирээк…