Жарым жылда Баткенде 40 чакан ишкана ачылды

Баткен облусунда алты айда 40 чакан ишкана ачылды. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, ушул жылдын биринчи жарым жылдыгында облус аймагында 2 миң 382 жумуш орду түзүлгөн. Бул мамлекеттик, жеке менчик мекеме-ишканалар, өнөр жай, анын ичинде кен казуу, айыл… Кененирээк…

Нарында сел жүрүп 40тан ашык үйдү суу каптады

Нарында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Куланак айылындагы бир нече коктудан сел жүрүп 42 үйдүн короосун, чарбалык жолдорду суу каптап, көпүрө талкаланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.   Жеринде ӨКМдин райондук бөлүмүнүн куткаруучулары үйлөрдү тазалап жатат.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм… Кененирээк…

Париж-2024: Бүгүн балбандар Исмаилов, Махмудов жана Жусупбеков килемге чыгат

Париждеги Олимп оюндарында бүгүн Кыргызстандын үч балбаны — Амантур Исмаилов, Акжол Махмудов жана Үзүр Жусупбеков килемге чыгат. Акжол Махмудов менен Үзүр Жусупбеков коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк бере турган көңүл жубатуучу беттеште күчтөрүн сынайт.   Грек-рим күрөшүнөн 77 килограммга чейинки салмакта Махмудов колумбиялык Алексис Муньоз… Кененирээк…

Бишкекте 1-класска кирүү үчүн 17 миңден ашуун бала катталды

Бишкекте быйыл 1-класска кирүү үчүн 17 миңден ашуун бала катталды. Мэриянын маалыматына ылайык, учурда дагы 4 миңдей бош орун бар.   2024-2025-окуу жылы үчүн 1-класска жалпы 21 миң 850 квота берилген.   Ордо калаада 238 билим берүү мекемеси бар. Анын ичинде 121и орто мектеп, 111и… Кененирээк…

Баткенде өрүктүн инсталляциясы пайда болду

Баткен шаарынын борбордук көчөлөрүнүн бирине бийиктиги 5 метрден ашык, салмагы 2 тоннага чукул өрүктүн инсталляциясы пайда болду.   Жергиликтүү тургундардын демилгеси менен орнотулган инсталляция үчүн бир миллион сомдой каражат сарпталган. Анын максаты Баткенди даңазалоо, ынтымактын символу экени белгиленди.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк… Кененирээк…

Париж-2024: Махмудов менен Жусупбеков коло медаль үчүн күрөшөт

Акжол Махмудов менен Үзүр Жусупбеков коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк бере турган көңүл жубатуучу беттешке чыгышат. Таймаштар бүгүн, 7-августта болот.   Грек-рим күрөшүнөн 77 килограммга чейинки салмакта Махмудов колумбиялык Алексис Муньоз менен күч сынашат. Жусупбеков 97 килограмм салмакта АКШ балбаны Жосеф Патрик Рау менен күрөшөт.… Кененирээк…

Париж-2024: Жоламан Шаршенбеков коло медаль тагынды

Балбан Жоламан Шаршенбеков грек-рим күрөшүнөн 60 килограмм салмакта коло медаль утту. Бул Кыргызстандын Париж Олимпиадасындагы алгачкы байгеси болду.   Жоламан Шаршенбеков 3-орун үчүн беттеште ирандык Мехди Мохсен Нежадды 3:1 эсебинде жеңди.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.

Париж-2024: Мээрим Жуманазарова күмүш медаль утту

Париж Олимпиадасында Мээрим Жуманазарова күмүш медаль тагынды. Ал Кыргызстандын эгемендик тарыхындагы Олимпиадада эки жолу байге алган алгачкы спортчу болду.   Кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограммга чейинки салмакта Мээрим Жуманазарова финалда дүйнөнүн эки жолку чемпиону, америкалык Эмит Элор менен беттешип, 0:3 эсебинде жеңилди.   25 жаштагы Мээрим… Кененирээк…