Кыргызстанда билим берүү мекемелеринин жаңы окуу жылына даярдыгы текшерилди

Кыргызстанда билим берүү мекемелеринин 2024-2025-жаңы окуу жылына карата даярдыгы текшерилди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет.   Текшерүү жаңы курулуп жаткан, жаратылыш кырсыктарынан жабыркаган, ошондой эле бардык билим берүү уюмдарында жүргүзүлгөн кезектеги ремонт иштеринин сапатын кароо максатында уюштурулду.

12-13-августта Бишкектин бир катар аймагында жаратылыш газы өчөт

Орто жана төмөн басымдагы газ өткөргүчтөрүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу 12-13-август күндөрү Бишкектин бир катар аймагында жаратылыш газы өчүрүлөт.   «Бишкекгаз» газ кызматы билдиргендей, Курманалиев, Зеленая, Колхозный, Кыргызская, Новая көчөлөрүндөгү даректерде газ өчөт.   Ишкана газ өчүрүлгөн мезгилде энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт. Оңдоо жумуштары… Кененирээк…

Кыргызстан Олимпиада оюндарындагы медалдардын саны боюнча рекордун жаңылады

Кыргызстан Олимпиада оюндарындагы медалдардын саны боюнча рекордун жаңылады.   Биздин спортчулар Парижде 4 медаль багындырышты. Ал эми жалпысынан өлкө тарыхында Олимп оюндарында 11 медаль бар: Сиднейде – 1 коло, Пекинде 1 күмүш жана 2 коло, Токиодо 2 күмүш жана бир коло, ал эми азыркы Париждеги… Кененирээк…

Бишкектин Лев Толстой көчөсү 25-августка чейин жабык болот

Бишкектин Лев Толстой көчөсү 25-августка чейин жабык болот.   Мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришкендей, анын Фрунзе – Садыгалиев тилкесинде капиталдык оңдоо иштери жүрүүдө.   Бул жерде асфалттын жаңы катмары төшөлүп, ирригация системасы жана бордюрлар жаңыртылат. Айдоочуларга тыгындардын алдын алуу максатында башка каттамдарды түзүп алуу сунушталат.

Кыргызстанда жыл аягына чейин 83 объектинин курулушу аяктайт

Кыргызстанда жыл аягына чейин 83 объектинин курулушу аяктайт.   Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, 64 социалдык объект ишке берилет. 33 объекттин курулушу аяктады. Буга чейин белгилүү болгондой, жаңы окуу жылына карата 20 мектеп жана 10 бала… Кененирээк…

УКМК Эркин Мамбеталиев кармалганын кабарлады

Кримтөбөл Эркин Мамбеталиеи кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет билдирди. Белгиленгендей, атайын кызмат тарабынан уюшкан кылмыштуулукка жана мамлекеттик түзүмдөрдөгү коррупциялык көрүнүштөргө каршы күрөшүүнүн алкагында, Мамбеталиевдин кримтөбөл Рыспек Акматбаевге, ошондой эле мурда өзгөчө оор кылмыштары үчүн соттолгон Камчы Асанбектин кылмыштуу тобуна тиешеси бар экендиги тууралуу… Кененирээк…

Бишкекте жолдорду капиталдык оңдоо иштери уланууда

Бишкекте жолдорду капиталдык оңдоо иштери уланууда. Мэрия билдиргендей, эртеңден тарта Горький көчөсүнүн Кунанбаевден Байтик баатырга чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат.   Ал эми 11-августтан тарта Юнусалиев көчөсүнүн Сүйөркуловдон Ахунбаевге чейинки бөлүгүндө реконструкциялоо иштери башталат.   Жол тыгындарын болтурбоо үчүн айдоочулар маршруттарын алдын ала пландап… Кененирээк…

Бишкекте №222 автобустун кыймылынын схемасы өзгөртүлдү

Бүгүнтөн тарта Бишкек шаарында 222 автобустун кыймылынын схемасы өзгөртүлдү.   Мэриянын маалыматына караганда, акыркы аялдамалар ошол бойдон калат, бирок эми автобус Кара-Жыгач конушунан чыгып, Достоевский, Кожомкул, Ысык-Көл, Оберон, Виноградная көчөлөрү менен андан ары Алтын Ордого чейин каттайт.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg… Кененирээк…

Ысык-Көлдө мыйзамсыз курулган 10дон ашык объект буздурулду

Ысык-Көлдө жолдун боюна мыйзамсыз курулган 13 объект буздурулду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, министрликтин алдындагы Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызмат Ысык-Көл облусунда Барскоон – Каракол мамлекеттик автоунаа жол тилкесинин аймагына мыйзамсыз салынган майда… Кененирээк…

Бишкектин айрым жерлеринде эки күн газ болбойт

Бишкектин айрым жерлеринде эки күн газ болбойт. «Бишкекгаз» кызматы билдиргендей, мунун себеби оңдоо иштерине байланыштуу.   Мындан улам 12-13-август күндөрү Курманалиев, Зеленая, Колхозный, Кыргызская, Новая көчөлөрү менен чектелген райондо көгүлтүр от убактылуу өчүрүлөт.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.