Улуттук банк валюта рыногуна 51 млн 650 миң доллар сатты

Улуттук банк чет элдик валютаны сатуу боюнча интервенция жасады. Мекеменин сайтындагы маалыматка караганда, валюта рыногуна 51 млн 650 миң доллар сатылды.   Учурда доллардын расмий курсу 85 сом 16 тыйынды түзүүдө.   Улуттук банк жыл башынан бери валюта рыногуна 90 млн 150 миң доллар сатты.… Кененирээк…

Бишкектен Нарынга Go Bus кичи автобустары каттай баштады

Бишкектен Нарынга Go Bus кичи автобустары каттай баштады. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.   Маалыматка ылайык, транспорт «Бишкек-Нарын-Бишкек” каттамы боюнча жүрө баштады. Алгачкы жүргүнчүлөр Бишкектен Нарын шаарына келишти.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.

Олимпиада-2024: Бүгүн Тыныбекова менен Лазарев мелдешке чыгат

Париждеги Олимп оюндарында бүгүн кыргызстандан Айсулуу Тыныбекова менен Айаал Лазарев мелдешке чыгат.   Айсулуу Тыныбекованын алгачкы атаандашы нигериялык Эстер Колаволе болот. Ал эми Айаал Лазарев ирандык Амир Хоссейн Заре менен кез келет.   Эске салсак, учурда Кыргызстандын капчыгында Париж олимпиадасынын бир күмүш, үч коло медалы… Кененирээк…

Париж-2024: Балбан Бекзат Алмаз уулу көңүл жубатуучу беттешке чыгат

Олимпиадада эркин күрөштөн 57 килограммга чейинки салмакта балбан Бекзат Алмаз уулу коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды. Ал чейрек финалда жеңилген АКШ спортчусу Спенсер Ричард Ли жарым финалда өзбекстандык Гуломжон Абдуллаевди 14:4 эсебинде жеңди.   Алмаз уулу эми көңүл жубатуучу беттешке чыгат. Андан утса, коло… Кененирээк…

Париждеги Олимп оюндарында Мунарбек Сейитбек уулу финалга чыкты

Париждеги Олимп оюндарында кыргыз мушкери Мунарбек Сейитбек уулу финалга чыкты. Ал бокстон жарым финалдык беттеште болгариялык Хавьер Ибаньес Диясты 4:1 эсеби менен утуп алды.   Мунарбек Сейитбек уулу финалда өзбекстандык мушкер Абдумалик Халоков менен беттешет. Таймаш 11-августта өтөт.   Мунарбек Сейитбек уулу Олимпиаданын финалына чыккан… Кененирээк…