Мушкер Мунарбек Сейитбек уулу Олимп оюндарында күмүш медаль багындырды

Париж-2024: Мунарбек Сейитбек уулу күмүш медал тагынды Париж Олимпиадасында 11-августка караган түнү кыргызстандык мушкер Мунарбек Сейитбек уулу күмүш байгеге ээ болду. Ал бокстон 57 килограмм салмакта финалдык беттеште өзбекстандык Дүйнө чемпиону Абдумалик Халоков менен беттешип, жеңилди (0:5).   Олимп оюндарындагы спорттун бул түрүнөн Кыргызстандын алгачкы… Кененирээк…

Айсулуу Тыныбекова Олимпиада оюндарында коло медаль утту

Айсулуу Тыныбекова коло медал утту. Париж Олимпиадасында кыз-келиндер күрөшүнөн 62 кг салмакта Айсулуу Тыныбекова коло байгеге ээ болду. Ал 11-августка караган түнү 3-орун үчүн болгон беттеште монголиялык Орхон Пуревдоржду жеңди (6:6). Айсулуу ушуну менен Олимпиаданын экинчи жолку байгесине ээ болду. Токио Олимпиадасында күмүш байге алган.