Ноокатта 150 орундуу мектеп ачылат

Жаңы окуу жылына карата Ноокатта 150 орундуу мектеп ачылат.   Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, курулушу 2022-жылы башталган объект республикалык казынадан каржыланууда.   Учурда курулуш этабы 85 пайызды түзүп, 53 млн сом сарпталды.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg… Кененирээк…

Ош шаарында Турсунбаева көчөсүн асфальттоо иштери жүрүүдө

Ош шаарында Турсунбаева көчөсүн асфальттоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.   Маалыматка ылайык, капиталдык оңдоп-түзөө иштеринин алкагында аталган көчө жаңы темир жол өткөөлүнөн И.Раззаков көчөсү менен кесилишкен жерге чейин 18 метрге кеңейтилип, учурда жолго асфальттын биринчи катмары төшөлө баштады.   Ал эми жолдун… Кененирээк…

Күз-кыш мезгилине даярдык иши талкууланды

Бүгүн энергетика министринин биринчи орун басары Курсантбек Өмүрбеков онлайн форматында Кыргызстандын калкын күз-кыш мезгилине даярдоо жана өтүү боюнча республикалык штабдын жыйынын өткөрдү.   Аталган мекемеден билдиришкендей, жыйынга облус башчылары, министрлик жана ведомстволордун, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын жана энергокомпаниялардын өкүлдөрү катышты.   Жыйындын жүрүшүндө Кыргызстандын… Кененирээк…

Ырчы Адель турмушка чыга турганын расмий жарыялады

Ырчы Адель турмушка чыга турганын расмий жарыялады. Бул тууралуу артист күйөрмандарына Мюнхендеги концертинде билдирди.   Аделдин сүйүктүүсү америкалык спорт агенти Рич Пол. Алар 2021-жылдан бери сүйлөшүп келишкен.   Түгөйлөр өткөн айда Лондондун түндүгүндөгү шаарда жашыруун түрдө баш кошушкан.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк… Кененирээк…

Чолпон-Атада селден улам өзгөчө кырдаал жарыяланды

Чолпон-Атада селден улам өзгөчө кырдаал жарыяланды. Бул тууралуу жергиликтүү бийликтен билдиришти.   Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аймактагы сел каптаган 60 үйдүн 41и тазаланганын, учурда суу кирген үйлөрдү тактоо иши уланып жатканын кабарлады.   Эске салсак, 11-августта түнкү саат 10дор чамасында нөшөрлөп жааган жаандан улам Бактуу-Долоноту айылындагы… Кененирээк…

Лос-Анжелес 2028-жылкы Олимпиаданы унааларсыз өткөрүүнү пландоодо

Лос-Анжелес бийлиги тыгындарды болтурбоо үчүн 2028-жылкы Олимпиаданы унааларсыз өткөрүүнү пландоодо.   Көрүүчүлөр мелдеш өтүүчү жайларга коомдук транспорт менен барышы керек. Бул максатта АКШнын башка райондорунан үч миңден ашык автобус тартылат.   Ал эми жергиликтүү тургундар жол жүгүн азайтуу үчүн “дистанттык башкарууга” өткөрүлөт.   Ушул жана… Кененирээк…

Эки күндөн кийин кээ бир уюлдук телефондор жараксыз болуп калышы мүмкүн

Эки күндөн кийин кээ бир уюлдук телефондор жараксыз болуп калышы мүмкүн. Мамлекеттик салык кызматы эскерткендей, 15-августка чейин өлкөгө тастыктоочу документтери жок алынып келинген телефондорду каттоодон өткөрүү керек.   Каттоо үчүн төлөм түздөн-түз дистрибьюторлор жана аппараттарды импорттоочулар тарабынан жүргүзүлөт. Каттоодон өтпөгөн уюлдук телефондордун ээлери бардык процедуралар… Кененирээк…

Ысык-Көлдө сел каптаган 25 үй тазаланды

Ысык-Көлдө сел суусу кирген 25 үй тазаланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, 11-августта саат 10:20 чамасында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы Тогуз-Булак сел өтүүчү каналдан суу ашып, жээгинде жайгашкан үч турак үйгө, Бактуу-Долоноту айылындагы Жүдөмүш сел өтүүчү каналдан… Кененирээк…

Кара-Суу районуна жаңы аким дайындалды

Канат Табалдиев Ош облусунун Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду.   Ошондой эле мамлекет башчы кол койгон башка тескемеге ылайык, Ош облусунун Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Темирболот Абыкеев ээлеген кызматынан бошотулду.  … Кененирээк…

Бишкекте жарнама такталарын алуу иштери уланууда

Бишкекте жарнама такталарын алуу иштери уланууда. Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда 300дөн ашуун жарнамалык конструкция демонтаждалды.   Маалыматка ылайык, эскирген такталар заманбап экрандарга алмаштырылат. Анын алкагында Бишкек шаарына эстетикалык көрк берүү максатталууда.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.