Кыргызстандагы үч аэропорт ички каттамдарды кабыл алууга даяр

Кыргызстандын үч аэропорту жаңы сатып алынган учактар менен каттамдарды кабыл алууга даяр. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аба майданынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, «Жалал-Абад», «Казарман» жана «Кербен» аймактык аэропортторунда күздөн тарта биринчи ички каттамдар пландалып жатат.   Аталган аба майдандарда негизинен учуп-конуу тилкеси толугу менен… Кененирээк…

Бишкекте 41 чакырым электр чубалгылары капиталдык оңдоодон өткөрүлдү

Бишкекте 41 чакырым электр чубалгылары капиталдык оңдоодон өткөрүлдү. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен маалымдашты.   Аба чубалгыларында техникалык тейлөө жана оңдоо иштери алдыдагы күз-кыш мезгилине карата электр тармактарын даярдоо максатында жүргүзүлүүдө. “2024-жылдын башынан бери 2 миң 33 даана фарфор жана сынган изоляторлор айнекке алмаштырылган. Ал эми… Кененирээк…

Ордо калаада бир жумадан кийин салкындайт

Ордо калаада бир жумадан кийин салкындайт. Синоптиктердин маалыматына ылайык, 17-августка чейин күндүз аба табы 32-38 градус болушу күтүлөт.   Түнкүсүн 25 градус жылуу болот. Кургак аба-ырайы сакталат, жаан-чачын алдыдагы эки жумада күтүлбөйт.   Ал эми 18-августтан тарта температура акырындап төмөндөйт, алсак, күндүз 28 градустан жогору… Кененирээк…

Кыргызстанда бүгүн жогорку окуу жайларга кабыл алуунун акыркы туру башталды

Кыргызстанда бүгүн жогорку окуу жайларга кабыл алуунун акыркы туру башталды.   Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти. Каттоо “Абитуриент онлайн” автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу  14-августка чейин жүргүзүлөт.   Белгилеп кетсек, жогорку окуу жайларга учурга карата жалпы 24 миң 797 абитуриент кабыл алынды.   Ушул жана башка… Кененирээк…

Бишкек – Ташкент – Бишкек аба каттамы 3-сентябрда аткарылып баштайт

Бишкек – Ташкент – Бишкек аба каттамы 3-сентябрда аткарылып баштайт.   Рейстерди аткарууга уруксаатты кыргызстандык авиакомпания алды. Өзбекстандын борбор шаарына учактар жумасына 4 жолу – шейшемби, шаршемби, жума жана ишемби күндөрү каттайт.   Жакын арада Ош – Ташкент – Ош каттамы дагы кое берилет деп… Кененирээк…

Кыргызстанда орточо номиналдык айлык 35 миң 298 сомду түзөт

Кыргызстанда орточо номиналдык айлык 35 миң 298 сомду түзөт.   Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын январь – июль айларындагы орточо маяна өткөн жылга салыштырмалуу 10,5 пайыза өстү.   Ведомстводон такташкандай, айлыктын эң чоң өсүшү тейлөө, соода жана… Кененирээк…

Ысык-Көл облусундагы сел 17 үйдү каптап, ички көпүрөнү жууп кетти

Ысык-Көл облусундагы сел 17 үйдү каптап, ички көпүрөнү жууп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, нөшөрлөгөн жамгырдан улам Бактуу-Долоноту суусу жана Жүдөмүш каналындагы суу нугунан чыгып кеткен.   Сел Тогуз-Булак, Бактуу-Долоноту, Булан-Сөгөттү, Бостери айылдары менен Чолпон-Ата шаарында жүрдү.   Жерине куткаруучулар, техника… Кененирээк…

Таш-Көмүр шаарында турак жайдан чыккан өрттөн төрт адам каза болду

Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын Панфилов №193 дарегиндеги турак жайдан чыккан өрттөн төрт адам каза тапты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалыматына ылайык, кырсык 11-августта болгон.   Өрттү өчүрүүгө Таш-Көмүр шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн эки өрт өчүрүү автоунаа, куткаруучулар тартылган. Тилсиз жоодон 6 жаштагы кыз, 11, 13… Кененирээк…

Олимпиада оюндарында жеңишке жеткен спортчулардын сый акысы көбөйтүлдү

Олимпиада оюндарында жеңишке жеткен спортчулардын сый акысы көбөйтүлдү. Мындай чечимди Министрлер кабинети кабыл алганынын 24.kg агенттиги билдирди.   Маалыматка ылайык, күмүш медаль үчүн 10 миллион сом, коло медаль уткандарга 7 миллион сомдон тапшырылат. Буга чейин мындай даражадагы медалдарга 7 жана 5 миллион сомдон убадаланган болчу.… Кененирээк…

Балыкчы – Бөкөнбаев унаа жолу кыймылга ачылды

Балыкчы – Бөкөнбаев унаа жолу кыймылга ачылды. Бул тууралуу Турмуш басылмасы Тоң районунун администрациясына шилтеме келтирип билдирет.   Кечээ кечинде Ысык-Көл облусунда нөшөрлөгөн жаан жаап, андан кийин кокту-колоттордон суу агып, Чолпон-Ата шаарын жана бир нече айылдарды сел каптады.   Балыкчы – Бөкөнбаев унаа жолу жабылган.… Кененирээк…