Бишкекте белгилүү скрипач Даниэль Лозаковичтин концерти өтөт

Токтогул Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониясында “скрипканын ханзаадасы” атыккан Даниэль Лозаковичтин концерти өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт туризм жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чара 29-августта болот. «Бул концерт классикалык музыканын бардык күйөрмандары үчүн чыныгы музыкалык майрам жана дээрлик 300… Кененирээк…

«Реал» Мбаппенин дебюту качан болорун чечти

Футболчу Килиан Мбаппе 14-августта “Реал Мадриддин” курамында биринчи жолу оюнга чыгышы мүмкүн. Бул Европанын Суперкубогу үчүн беттештин алкагында болору күтүлүүдө.   Талаада ал италиялык “Аталанта” менен беттешет.   Эксперттер Мбаппенин мындай маанилүү беттеште командага кошулушу “Реалдын” франциялык чабуулчуга карата олуттуу ниетинен кабар берерин белгилешүүдө.  … Кененирээк…

Бишкекте түндүк айланма жолду оңдоо пландалууда

Бишкекте түндүк айланма жолду оңдоо пландалууда.   Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына караганда, жол кыймылынын көлөмү көбөйгөндүктөн трасса оңдоого муктаж. Ага ылайык, ушул жылдын июль айында долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин жаңылоо аяктады.   Учурда министрлик эл аралык каржы институттары менен байланышып, каржылоо булактарын издеп жатат. Тагыраагы,… Кененирээк…

Угуусу начар кичинекей кыргызстандыктарга акысыз операция жасалат

Катарлык дарыгерлер угуусу начар кичинекей кыргызстандыктарга бекер операция жасашат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, 24-октябрда Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда Катардан келген отохирург-дарыгерлер тобу тарабынан уюштурулган кайрымдуулук акциясы башталат. Иш-чаранын алкагында угуусу начар балдарга кохлеардык имплантация боюнча бекер операциялар жасалат.… Кененирээк…

Кант шаарына амфитеатр салынат

Кант шаарына амфитеатр салынат. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, учурда эскиздик долбоор өз алдынча башкаруу органдарына сунушталууда.   Демилге жергиликтүү паркты көрктөндүрүү жана жашылдандыруу максатын көздөйт.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан… Кененирээк…

Кыргызстандыктардын акчалай кирешеси 21,5 пайызга көбөйдү

Кыргызстандыктардын номиналдык акчалай кирешелери жылдын I кварталында дээрлик 220 млрд сомду түзүп, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 21,5 пайызга көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.   Милдеттүү төлөмдөрдү жана төгүмдөрдү чыгаруу менен кирешелерди мүнөздөгөн калктын жан башына алгандагы колдо болгон акчалай кирешелери айына 10… Кененирээк…

Кыргызстанда бокс академиясы курулат

Кыргызстанда бокс академиясы курулат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов билдирди.   Анын айтымында, учурда академия куруу үчүн жер табылды.   «Долбоор даярдалып, бекитилген. Азыр даярдык иштери жүрүүдө», — деди ал.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан… Кененирээк…

Париж Олимпиадасында бокс боюнча Кыргызстанга алгачкы медалды алып келген Мунарбек Сейитбек уулунун жеке машыктыруучусу Беганас Султанбаевге 2,5 миллион сом тапшырылды

Париж Олимпиадасында бокс боюнча Кыргызстанга алгачкы медалды алып келген Мунарбек Сейитбек уулунун жеке машыктыруучусу Беганас Султанбаевге 2,5 миллион сом тапшырылды. Ушундай эле суммадагы сыйлыкты Жоламан Шаршенбековдун жеке машыктыруучусу Хаким Махмудов да алды.   Андан тышкары мамлекеттин атынан бардык жеке, биринчи жана башкы машыктыруучуларга 50 миң… Кененирээк…

Кыргызстанда бүгүн кесиптик орто окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алуунун үчүнчү туру башталды

Кыргызстанда бүгүн кесиптик орто окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алуунун үчүнчү туру башталды. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, болочок студенттерди кабыл алуу edu.gov.kg сайты аркылуу жүргүзүлөт.   Үчүнчү этап 20-августка чейин созулат. Белгилеп кетсек, буга чейинки эки турдун алкагында колледждерге 37 миңден ашык абитуриент кабыл алынды.

Раззаков шаарында 26 миллион сомго муниципалдык мал базар курулду

Раззаков шаарында 26 миллион сомго муниципалдык мал базар курулду. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.   Маалыматка ылайык, объект бардык архитектуралык жана санитардык талаптарга жооп берет. Курулушка республикалык бюджеттен 15 миллион сом,  6,5 миллион Лейлек районун өнүктүрүү фондунан жана жергиликтүү бюджеттен  3,5… Кененирээк…