Олимпиада оюндарына катышкан спортчулардын бардыгына акчалай сыйлык жана унаалар тапшырылды

Олимпиада оюндарына катышкан спортчулардын бардыгына акчалай сыйлык жана унаалар тапшырылды.   Кураманы расмий тосуп алуу салтанаты Эски аянтта өттү. Күмүш медаль тагынган Мээрим Жуманазарова менен Мунарбек Сейитбек уулуна 10 миллион сомдон, коло медалга ээ болгон Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов, Үзүр Жусупбеков жана Жоламан Шаршенбековго 7… Кененирээк…

Париж Олимпиадасына катышкан спортчулар Кыргызстанга келишти

Парижде өткөн Олимп оюндарына катышкан кыргызстандык спортчулар менен алардын машыктыруучулары жана дарыгерлер 13-августта Кыргызстанга кайтып келишти. Аларды “Манас” эл аралык аэропортунан туугандары, күйөрмандары жана Министрлер кабинетинин мүчөлөрү тосуп алышты. 26-июлдан 11-августка чейин өткөн Париж ХХХIII Жайкы Олимп оюндарына 206 өлкөдөн 10 миңден ашык спортчу катышты.… Кененирээк…

Бишкекте жаӊы салынып жаткан көп кабаттуу үйдүн 850 чарчы метр аянты өрттөндү

12-августта Бишкек шаарынын Октябрь районунун Анкара көчөсү 5 дарегиндеги “Аалам строй” курулуш компаниясы салып жаткан көп кабаттуу үйдүн 13-кабатынан өрт чыккан.   Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) кабарлагандай, өрт жалпы 850 чарчы метр аянтты каптап, аны өчүрүүгө ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынан сегиз өрт өчүрүүчү автоунаа,… Кененирээк…

Швейцариянын Женева шаары быйыл жашоо үчүн эң кымбат калаа деп аталды

Швейцариянын Женева шаары быйыл жашоо үчүн эң кымбат калаа деп аталды. Экинчи орунда Цюрих жайгашса, үчүнчү орунду Нью-Йорк, Сан-Франциско жана Бостон шаарлары бөлүшөт.   Ошондой эле эң кымбат калаалар рейтингине Рейкьявик, Вашингтон, Сиэтл, Лос-Анжелес жана Чикаго кирди. Жалпысынан тизмеде 218 шаар бар. Аны түзүүдө азык-түлүк… Кененирээк…

Бишкекте 14-августта Лев Толстой жана Тимур Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишиндеги темир жол өтмөгү бир күнгө жабылат

Бишкекте 14-августта Лев Толстой жана Тимур Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишиндеги темир жол өтмөгү бир күнгө жабылат.   “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, чектөөлөр эртең мененки саат 8ден кечки 8ге чейин киргизилип, оңдоо иштерине байланыштуу.   Айдоочуларга альтернативалык вариант катары Лущихин, Алыкулов, Садыгалиев көчөлөрү сунушталат.

Чолпон-Ата шаарында кайрадан сел жүрдү

Чолпон-Ата шаарында кайрадан сел жүрдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, нөшөрлөп жааган жаандан кийин кокту-колоттордон суу агып, шаардын көчөлөрүн, турак-жайлардын короолорун каптады.   “Тогуз-Булак” каналынан дагы суу ташкындаган.   Учурда жеринде атайын техника жана министрликтин куткаруучулары иштеп, табигый кырсыктын кесепетин жоюу аракетин көрүүдө. Эске салсак,… Кененирээк…

Парижде өткөн олимпиада учурунда Кыргызстанда төрөлгөн 90 ымыркайга медалга ээ болгон спортчулардын ысымдары коюлду

Парижде өткөн олимпиада учурунда Кыргызстанда төрөлгөн 90 ымыркайга медалга ээ болгон спортчулардын ысымдары коюлду. Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, 37 балага Акжол аты коюлса, 15 кыз Айсулуу деген ысымды алышты.   Дагы 14 кызга Мээрим, 12 балага Жоламан, 9 кызга Айпери жана  1 ымыркайга Мунарбек… Кененирээк…

Бишкекте Олимпиада оюндарына катышкан спортчуларды тосуп алуу аземи өтөт

Бишкекте Олимпиада оюндарына катышкан спортчуларды тосуп алуу аземи өтөт.   Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Салтанаттуу иш-чара бүгүн саат 9.30да Эски аянтта, өкмөт үйүнүн астында уюштурулат.   Бардык күйөрмандар келип катышып кетсе болот. Белгилеп кетсек, Парижде өткөн жайкы олимп оюндарында кыргызстандык спортчулар… Кененирээк…

Бишкекте Чүй проспектисинин бир бөлүгүн капиталдык оңдоо аяктады

Бишкекте Чүй проспектисинин бир бөлүгүн капиталдык оңдоо аяктады. Мэриядан билдиришкендей, бүгүн, 13-августта анын Манас проспектисинен Панфилов көчөсүнө чейинки тилкеси ачылат.   Андан кийин кең көчөнүн Төрөкул Айтматов көчөсүнө чейинки бөлүгү калыбына келтирилет.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.

Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолунун сел жууп кеткен тилкелерин калыбына келтирүү иштери уланууда

Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолунун сел жууп кеткен тилкелерин калыбына келтирүү иштери уланууда. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, нөшөрлөп жааган жаандан кийин сел жолдун 25-71-чакырымдарын каптаган.   Ушул эле жолду айланып өтүүчү 32-чакырымынан баштап 4 жерден 500 метр ашык жолду сел жууп кеткен.… Кененирээк…