«Торугарт» жана «Эркечтам» бекеттеринин жөндөмдүүлүгү жогорулайт

Кыргыз-кытай чек арасындагы “Торугарт” жана “Эркечтам” бекеттеринин өткөрүү жөндөмдүүлүгүн суткасына 1 миң унаага жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти.   Азыр ар бир пунктка 160тан машина туура келет. Алардын санын көбөйтүү максатында “Эркечтам” постунун аянты 2,5 гектардан 8 гектарга кеңейтилди. Ошондой эле жолду жакшыртуу… Кененирээк…

Тоолуу аймактарда сел жүрүү коркунучу бар

Тоолуу аймактарда сел жүрүү коркунучу бар.   Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, семындай абал 15-16-августка чейин сакталат. Буга туруксуз аба ырайы жана жаан-чачын себеп болушу мүмкүн.   Жарандарга тоолорго сейилдөөдөн, капчыгайларда жана дарыялардын жанында эс алуудан убактылуу баш тартуу сунушталат.   Ушул жана башка жаңылыктар менен… Кененирээк…

Тамчыдагы “Ысык-Көл” аэропортунда учкучсуз учак кулады

Тамчыдагы “Ысык-Көл” аэропортунда учкучсуз учак кулады. Социалдык тармактарда өрт чыгып жатканы тартылган видео жана сүрөттөр боюнча маалыматты “Манас” аба майданынын басма сөз кызматы ырастады.   Алдын ала маалымат боюнча кырсыктан эч ким жабыркаган жок.   Мекеме ушул күндөрү Ысык-Көл облусунун аймагында аскердик машыгуу өтүп жатканын… Кененирээк…

27-сентябрдан тарта Бишкектен Талас, Нарын жана Караколго аба каттамдар ачылат

27-сентябрдан тарта Бишкектен Талас, Нарын жана Караколго аба каттамдар ачылат.   “Манас” эл аралык аэропортунун басма-сөз кызматынан билдиришкендей, Ички каттамдар Asman Airlines мамлекеттик авиакомпаниясы тарабынан аткарылат.   Билеттердин баасы 2 миң сомдон башталат. Жүргүнчүлөр үчүн бир нече тарифтер сунушталат. Жакынкы арада Канададан 80 орундуу үч… Кененирээк…

Кант шаарында электрондук китепкана пайда болот

Кант шаарында электрондук китепкана пайда болот. Жаңы форматтагы окуу залы “Жеңиш” паркынын аймагында орун алат. Долбоордун эскизи даярдалды. Ага ылайык, имарат эки кабаттан туруп, 50 сотых жер тилкесинде жайгашат.   Шаардык электрондук китепкананы түзүү демилгеси жаштар арасында китеп окууну жайылтуу максатын көздөйт.   Ушул жана… Кененирээк…

Нарын шаарында 375 орундуу мектептин курулушу аяктоо алдында турат

Нарын шаарында 375 орундуу мектептин курулушу аяктоо алдында турат.   Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, жаңы окуу жылдын башталышы менен №9 мектеп каалгаларын ачат.   Объекттин курулушу 2022-жылы башталып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда. Долбоор боюнча эки кабаттуу мектепте спорт зал,… Кененирээк…

Энергетика министрлиги айрым абоненттер үчүн электр энергиясынын тарифин көтөрүүнү сунуштады

Энергетика министрлиги айрым абоненттер үчүн электр энергиясынын тарифин көтөрүүнү сунуштады. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Ал кабыл алынса, тарифтин кымбатташы 89 миң 767 керектөөчүгө тиешелүү болот.   Өлкөдө 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясынын тарифтик саясаты бекитилген. Ага ылайык, инфляцияга жараша тарифтерге түзөтүүлөр киргизилип турат. Электр… Кененирээк…

Улуттук банк сентябрдан тарта юандын сомго карата расмий курсун күн сайын аныктайт

Кыргызстандын Улуттук банкы үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрынан тартып юандын сомго карата расмий курсун күн сайын аныктайт. Бул тууралуу финансылык жөнгө салуу органдан билдиришти.   Маалыматка ылайык, Улуттук банк башкармалыгы 7-августта «КР Улуттук банкы тарабынан чет өлкө валюталарынын кыргыз сомуна карата расмий курстарын аныктоо эрежелерин бекитүү тууралуу»… Кененирээк…

Саламаттыкты сактоо министрлиги электрондук жолдомо берүү системасын сынамык иретинде ишке киргизүүдө

Саламаттыкты сактоо министрлиги электрондук жолдомо берүү системасын сынамык иретинде ишке киргизүүдө. Ведомство маалыматына ылайык, система 15-августтан тарта иштеп баштайт.   Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун дарыгерлерине аймактардан электрондук жолдомо берилет. Ал онлайн-режимде дарыгерге жазылып, көрүнүүгө шарт түзөт.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк… Кененирээк…

Баткен облусунда мөмө-жемишти кайра иштетүү боюнча эки муниципалдык цех пайда болот

Баткен облусунда мөмө-жемишти кайра иштетүү боюнча эки муниципалдык цех пайда болот. Жергиликтүү бийликтен билдиришкендей, Ак-Татыр айылындагы объекттин сметалык баасы 22 миллион сомду түзөт.   Ишкана суткасына 8 тоннага чейин мөмөнү кайра иштетип, кургатып, таңгактай алат. Андан тышкары, Дара айылында логистикалык борбор курулууда, анда вакуум муздаткычы… Кененирээк…