Бишкекте мопед жана мотоцикл айдагандарга рейд жүрүүдө

Бишкек шаарынын аймагында 14-августтан тарта «Мотоайдоочу» аталышындагы рейддик иш-чаралар башталды. Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, 1 күн ичинде 130дан ашык мототранспорт айып короого киргизилди.   Белгиленгендей, учурда ордо калаада ар кандай модификациядагы мототранспорт айдоочуларынын катышуусунда жол кыймылынын башка катышуучуларынын өмүрүнө жана ден соолугуна реалдуу коркунуч туудурган,… Кененирээк…

Салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча 18,6 млрд сом өндүрүлдү

Мамлекеттик салык кызматы январь-июль айларында салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарды азайтуу боюнча иш-чаралардын алкагында республиканын бюджетине 18 млрд 681,1 млн сом чогултту.   Ведомстводон билдиришкендей, бул суммадан салык карыздары боюнча 17 млрд 198,2 млн сом жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча 1 млрд 482,9 млн сом… Кененирээк…

Бишкек ЖЭБинде эки энергетикалык блок оңдолууда

Бишкек ЖЭБинин №3 жана №4 энергетикалык блокторуна капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Муниципалитеттен билдиришкендей, жумуштар алдыдагы күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өткөрүү максатында аткарылууда.   Белгиленгендей, энергетикалык блоктор жети жыл бою тынымсыз иштеген. Ушуга байланыштуу алардын долбоордук кубаттуулугу 200 МВт чейин төмөндөгөн. Ремонттон кийин блоктордун кубаттуулугу 300 МВт… Кененирээк…

Паралимпиадада Кыргызстандын намысын төрт спортчу коргойт

Паралимпиадалык оюндарда Кыргызстандын намысын төрт спортчу коргойт. Маматибраим Суранов дзюдо, Миргүл Боталиева пауэрлифтинг, Айтунук Жоомарт кызы менен Гүлназ Жүзбаева триатлон боюнча күч сынашат.   Паралимпиада 28-августтан 8-сентябрга чейин Парижде өтөт. Мелдештин жүрүшүндө спорттун 22 түрү боюнча 549 ​​медаль ойнотулат.   Ушул жана башка жаңылыктар менен… Кененирээк…

Улуттук банк эми юандын сомго карата курсун да жарыялайт

Улуттук банк 1-сентябрдан тарта юандын сомго карата курсун күн сайын жарыялайт.   Мындай чечим валюталык операцияларды жүргүзүүдө тобокелдиктерди азайтуу, чет өлкөлүк валюталарды эсепке алуу процессин оптималдаштыруу, банктар аралык рынокту өнүктүрүү жана валюта базарындагы реалдуу рыноктук кырдаалды чагылдыруу максатында кабыл алынган.   Учурда юандын сомго карата… Кененирээк…

Кыргызстанда мамлекеттик ипотеканы төлөө курагы жогорулады

Кыргызстанда мамлекеттик ипотеканы төлөө курагы 70 жашка чейин жогорулады. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниядан маалым болду.   Ошондой эле жарандар 18 жаштан баштап үлүштүк курулушта турак жай сатып алуу үчүн мамлекеттик ипотека ала алышат. Бул учурда алар мүлктүн жарым наркын дароо төлөп бериши болот.  … Кененирээк…

Кийинки жумадан тарта Нарында электробустар каттамга чыгат

Кийинки жумадан тарта Нарын шаарында электробустар каттамга чыгат. Бул тууралуу жергиликтүү мэриядан билдиришти.   Маалыматка ылайык, бүгүн айдоочуларга унаалардын ачкычтары тапшырылды жана алар 19-августтан баштап эл ташый баштайт.   Эске салсак, Нарын шаарына 7 жылдык насыя менен 5 электробус сатып алынган. Ар бири 37 орундуу… Кененирээк…

“Реал Мадрид” алтынчы жолу УЕФА Суперкубогун утту

“Реал Мадрид” алтынчы жолу УЕФА Суперкубогун утту. Кечээ испан клубу италиялык “Аталантаны” 2:0 эсеби менен жеңип алды. Голдорду жеке эсебине жарым коргоочу Федерико Вальверде жана командада биринчи оюн өткөргөн Килиан Мбаппе жаздырды.   Буга чейин “Реал” 2002, 2014, 2016, 2017 жана 2022-жылдардагы суперкубокторго ээ болгон.… Кененирээк…

Кыргызстанда жыл башынан бери 35,2 миң жаран пенсияга чыкты

Кыргызстандын Социалдык фонду 2024-жылдын январь-июль айларында 35 миң 248 жаранга пенсия чектеди. Маалыматка ылайык, анын ичинде июль айында 1 миң 205 жаранга пенсия чектелди.   Андан тышкары, эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча 271 пенсионерге кошумча берилген документтерге ылайык пенсиялар кайрадан эсептелинди.

Айрым уюм, объектилер өрткө каршы кызмат түзүүгө милдеттендирилди

Министрлер кабинети милдеттүү түрдө өрткө каршы кызмат түзүлө турган уюмдар менен объектилердин тизмегин бекитти. Өкмөт өрт коопсуздугун камсыз кылуу, мүлктү тилсиз жоонун коркунучтуу факторлорунун таасиринен коргоо максатында 31-июлдагы №445 токтомун кабыл алганын белгилеген. Анда тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдарга, уюм, мекемелерге өрткө каршы кызматты түзүү,… Кененирээк…