Ошто 95 үй-бүлө мамлекеттен кайтарымсыз 100 миң сомдон алышты

Ошто 95 үй-бүлө мамлекеттен кайтарымсыз 100 миң сомдон алышты. Бул тууралуу жергиликтүү мэриядан билдиришти.   Каражат «Үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулун алуучуларды колдоо максатында түзүлгөн “Социалдык келишим” долбоорунун алкагында аялуу үй-бүлөлөргө берилди.   Алар эми өз алдынча ишкерлик баштап, турмуш-шартын жакшыртууга аракет кылышы керек.   Ушул… Кененирээк…

«Быстровка» ГЭСне жаңы дизелдик генератор орнотулду

«Быстровка» ГЭСне жаңы дизелдик генератор орнотулду. Энергетика министрлигинен билдиришкендей, мурдагы техника узак убакыт иштеп, кубаты жетишсиз болгондуктан алмаштыруу зарылчылыгы келип чыккан.   Жаңы генератор 2023-жылы Кытайда өндүрүлгөн. Кубаттуулугу 25 киловольт-амперди түзөт.   Бул генератор жабдуулардын туруктуу иштешин гана камсыздабастан, ГЭСтин эксплуатациясынын жалпы коопсуздугун да жогорулатат… Кененирээк…

Таласта төө буурчактын жаңы сорту өстүрүлүүдө

Талас облусунда төө буурчактын жаңы сорту өстүрүлүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, облуста акыркы отуз жылдан бери селекция жана үрөнчүлүктүн жоктугунан сортту жаңылоо иштери жүргүзүлбөй, түшүмдүүлүк жана продукциянын сапаты төмөндөп кеткен.   «Бул көйгөйдү… Кененирээк…

Сузакта 27 млн сомго бала бакча курулууда

Сузак районунун Калмак-Кырчын айылында курулуп жаткан бала бакча быйыл бүткөрүлөт. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, бала бакча 50 орунга ылайыкташкан. Объекттин курулушу 2023-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Курулуштун наркы 27 млн сомду түзөт.   Долбоор боюнча… Кененирээк…

Талас шаарына жаңы мэр дайындалды

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Байышбек Астанакулов Талас шаарынын мэри болуп дайындалды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.   Байышбек Астанакулов буга чейин Ысык-Көл облусунун Тоң районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким болуп иштеп жаткан. Ал эми Талас шаарынын мурдагы мэри Эрмат… Кененирээк…

Өлкөдө катуу шамал тууралуу эскертүү жарыяланды

Өлкөдө катуу шамал тууралуу эскертүү жарыяланды. Бүгүн жана эртең Кыргызстандын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, ылдамдыгы секундасына 15 метрге жеткен катуу шамал болушу күтүлөт.   Куткаруучулар айдоочуларды өзгөчө этият болууга чакырат.   Жолдордун тоолуу участкаларында сел жүрүү коркунучу бар. Жарандарга сак… Кененирээк…

Чаткалда 225 орундуу мектеп курулууда

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда жаңы мектеп курулуп жатат. Жергиликтүү бийликтен билдиришкендей, 225 орундуу объект Курулуш айылында жайгашкан.   Иш 2022-жылдан бери республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлүүдө. Долбоордун баасы 141 миллион сомду түзөт.   Мектепте эки кабаттуу окуу корпусунан тышкары өтмө галерея, спорт зал, откана жана көмүр… Кененирээк…

Ишкерлерге жети миллиард сомдон ашык жардам берилди

“Чакан, кичи жана орто ишканаларды колдоо” долбоорунун алкагында ишкерлерге жети миллиард сомдон ашык жардам берилди. Каржы министрлигинин маалыматына караганда, акчаны жалпысынан 10 миңден ашуун ишкер алды.   Долбоордо бир же үч миллион сомго чейин каржылык жардам көрсөтүү каралган. Программа 2027-жылдын июлуна чейин Кыргызстандын бардык аймагында… Кененирээк…

Кыргызстанда лом экспорттоого тыюу салынды

Кыргызстанда кайра эритүү үчүн кара металлдын сыныктарын, калдыктарын жана кара металл куймаларын экспорттоого убактылуу чектөө киргизилди. Токтомго өкмөт башчы Акылбек Жапаров кол койду.   Чектөөлөр алты ай бою күчүндө болот. Ага ылайык, Экономика министрлиги, Тышкы иштер министрлиги жана Бажы кызматы чечимди ишке ашырууга багытталган чараларды… Кененирээк…

Таштандыларды кайра иштетүүчү завод кийинки жылы ишке кирет

Бишкекте таштандыларды кайра иштетүүчү завод кийинки жылы ишке кирет. Ишкана кытайлык инвесторлор тарабынан жалпы аянты 12 гектарды түзгөн санитардык полигондун аймагына курулууда.   Завод күн сайын 850 тоннага жакын таштандыны кайра иштетет.   Эске салсак, министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров таштандыларды кайра иштетүүчү экологиялык ишкананы… Кененирээк…