Чүй облусунун Заречное айылындагы Аламүдүн – Арашан – Кой-Таш унаа жолуна жаңы көпүрө курулат

Чүй облусунун Заречное айылындагы Аламүдүн – Арашан – Кой-Таш унаа жолуна жаңы көпүрө курулат. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда Ала-Арча дарыясынан өткөн көпүрөнү демонтаждоо иштери жүрүүдө.   Бүгүнкү күндө көпүрөнүн негизин салуу үчүн котлован казуу иштери толугу менен аяктап, бетон… Кененирээк…

Кыргызстандын аймактарында автобекеттерди оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө

Кыргызстандын аймактарында автобекеттерди оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, учурда Нарын облусундагы Ат-Башы автобекетинин аймагында оңдоо иштери жүрүп жатат. Оңдоо иштерин министрликке караштуу «Кыргыз автобекети» мамлекеттик ишканасы аткарууда. Мында жүргүнчүлөргө жагымдуу шарт түзүү максатында вокзалдын ичи акталып, сырдалып,… Кененирээк…

Чүйдүн Жайыл районунда жаңы эс алуу аймагы пайда болот

Чүйдүн Жайыл районунда жаңы эс алуу аймагы пайда болот. Мамлекеттик курулуш агенттиги Ийри-Суу айылына курула турган парктын эскиздерин жарыялады. Парктын жалпы аянты 1,5 гектарды түзөт.   Долбоор өз алдынча башкаруу органдарына сунушталды.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.

“Кичи, чакан жана орто ишканаларды ыкчам колдоо” долбоорунун алкагында 10 миң 425 ишкерге пайызсыз насыя берилди

“Кичи, чакан жана орто ишканаларды ыкчам колдоо” долбоорунун алкагында 10 миң 425 ишкерге пайызсыз насыя берилди.   Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, берилген сумманын жалпы көлөмү 7 миллиард 412 миллион сомду түзөт.   Белгилеп кетсек, долбоор Кыргызстандын бүткүл аймагында 2027-жылдын июлуна чейин ишке ашырылат.   Ушул… Кененирээк…

Ысык-Көл облусунда чагылган тийип 60 кой өлдү

Ысык-Көл облусунун Тоң районунда чагылган тийип болжол менен 60 кой кырылып калды. Бул тууралуу  президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.   Кырсык 15-августта Тоң районунун Көлтөр айылынын Кичи-Анги жайлоосунда болгон. Окуя болгон жерден тартылган видеодо чагылган тийген малдын жарымы күйүп кеткени… Кененирээк…

Нарын шаарында электробустар бүгүн каттамга чыгат

Нарын шаарында электробустар бүгүн каттамга чыгат. Бул тууралуу жергиликтүү бийликтен билдиришти. Калаанын РТС районуна 3, Москва аймагына 2 жаңы транспорт каттайт. Жол кире 10 сомду түзөт.   Электробустар 36 орундуу, кондиционери жана ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн атайын пандусу бар.   Белгилеп кетсек, Нарын шаарын… Кененирээк…

Ысык-Көлдө Самбо боюнча Дүйнө кубогу старт алды

Чолпон-Ата шаарындагы  Газпром спорт комплексинде самбо боюнча Дүйнө кубогу башталды. Мелдешке 14 мамлекеттен келген 200дөн ашык спортчу катышып, анда спорттук жана күжүрмөн самбо боюнча мелдештер өтөт. Улуттук курамдын тизмеси: Спорттук самбо (эркектер арасында): — 58 кг Камил Оболбеков, Сандар Марип уулу; — 71 кг Алай… Кененирээк…

Ош шаардык мэриясы мушкер Мунарбек Сейитбек уулуна үч бөлмөлүү батир берди

Ош шаардык мэриясы Парижде өткөн Олимпиадада күмүш медал алган Мунарбек Сейитбек уулуна Ош шаарынан үч бөлмөлүү батир жана 500 миң сом, ал эми анын машыктыруучусу Беганас Султанбаевге Ош шаарынан эки бөлмөлүү батир жана 500 миң сом берди. Ошондой эле Олимп оюндарында коло медал алган Акжол… Кененирээк…

Санариптик өнүктүрүү министрлиги 52 миң 500 паспортту акысыз берди

Санариптик өнүктүрүү министрлиги 52 миң 500 паспортту акысыз берди. Ведомстводон эске салышкандай, учурда эски үлгүдөгү ID-карталарды алмаштыруу боюнча өнөктүк жүрүп жатат.   Акция 30-августка чейин уланат. Анын алкагында   2004-жылкы үлгүдөгү AN сериядагы ID-карталарды биометрикалык документке акысыз алмаштырса болот.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк… Кененирээк…

Бишкекте Ахунбаев көчөсүнүн дагы бир бөлүгүндө оңдоо иштери башталды

Бишкекте Ахунбаев көчөсүнүн дагы бир бөлүгүндө оңдоо иштери башталды.   Мэриядан билдиришкендей, учурда жумуштар анын Чыңгыз Айтматов проспектисинен Бакаев көчөсүнө чейнки тилкесинде жүрүп жатат.   Бул жерде асфальттын жаңы катмары төшөлүп, ирригациялык система, бордюрлар жаңыртылат. Белгилеп кетсек, ордо калаада Байтик Баатыр, Чүй, Горький, Ахунбаев жана… Кененирээк…