Ысык-Көлдө чагылган тийип өлгөн койлор эрежеге ылайык көмүлдү

Тоң районунда чагылган тийип өлгөң койлор эрежеге ылайык көмүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, 15-август күнү саат 17:30 чамасында Көлтөр айылынын Кичи-Анги жайлоосунда чагылган түшүп болжолдуу 60 баш кой өлгөндүгү тууралуу маалымат түшкөн. 16-августта жерине тактоо иштерин жүргүзүүгө Тоң району боюнча… Кененирээк…

Свердлов акимчилигинде кадрдык өзгөрүүлөр болду

Свердлов акимчилигинде кадрдык өзгөрүүлөр болду. Муниципалитеттен билдиришкендей, Айбек Жолдошев Бишкек шаарынын мэриясынын Свердлов административдик району боюнча муниципалдык администрациясынын башчысынын биринчи орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев кол койду. Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.