Нигерия тургуну өзгөчө рекорд койду

Нигерия тургуну өзгөчө рекорд койду. Эркек бир сутка ичинде 150 тез тамактануу түйүнүнө кирди. Ал кечки саат 5те баштап, түнкү 12ден 9га чейин уйкуга тыныгуу алып, андан кийин кайра саат 5ке чейин ресторандарды кыдырган.   Ар биринде ал жок дегенде бир тамак же суусундук алышы… Кененирээк…

Билим берүү министрлиги мектеп формасы боюнча талаптарды жарыялады

Билим берүү министрлиги мектеп формасы боюнча талаптарды жарыялады. Быйыл бирдиктүү форма жок, бирок окуучулар үстү ак, асты кара жана класстардагы температуралык режимге ылайык кийим кийиши керек.   Ведомстводон такташкандай, мугалимдер тарабынан аз камсыздалган үй-бүлөлөрдөн форма кийүү талап кылынбашы керек.   Ушул жана башка жаңылыктар менен… Кененирээк…

Ысык-Көлдө селден жабыркагандар жок

Ысык-Көлдө селден жабыркагандар жок. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Булан-Сөгөттү, Корумду жана Темир айылдарында жалпысынан 480 үйдү суу каптады.   Жеринде тазалоо иштери уланууда. Табигый кырсыктын кесепетин жоюуга 440тан ашык адам жана бир нече атайын техника тартылды. Эске салсак, Ысык-Көл облусунда кечээ… Кененирээк…

Кыргызстанда жыл башынан бери 16 миң жумушчу орду түзүлгөн

Кыргызстанда жыл башынан бери 16 миң жумушчу орду түзүлгөн. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди. Ведомство жыл соңуна чейин 38 миң иш ордун түзүү милдетин алган.   Жумуш орундары “Социалдык келишим” программасынын алкагында, акы төлөнүүчү коомдук жумуштарда жана жеке ассистенттин кызматында түзүлгөн.… Кененирээк…

Кыргызстандын мектептери 10 баллдык баалоо системасына өтөт

Кыргызстандын мектептери 10 баллдык баалоо системасына өтөт.  Бул тууралуу “12 жылдык билим берүүгө өтүү концепциясында” айтылат. Документте көрсөтүлгөндөй, 1-2-класстарда окуучуларга баа коюлбайт. 3-класстан 12-класска чейин 1ден 10го чейинки баа коюлат.   Бул академиялык жетишкендиктерге байкоо жүргүзүүгө, билим берүүнүн кийинки этабында окууга даярдыктын деңгээлин аныктоого мүмкүнчүлүк берет… Кененирээк…

“Айыл чарбасын каржылоо-12” долбоорунун алкагында жыл башынан бери 3 миллиард 650 миллион сомго жеңилдетилген насыя берилди

“Айыл чарбасын каржылоо-12” долбоорунун алкагында жыл башынан бери 3 миллиард 650 миллион сомго жеңилдетилген насыя берилди. Каржы министрлигинин маалыматына караганда, каражатты 9 миң 246 ишкер алган.   Жеңилдетилген кредит эки категория боюнча берилет: мал чарбачылыгы жана өсүмдүк өстүрүү.   Насыя эки мамлекеттик банк аркылуу берилүүдө.  … Кененирээк…

Мейкинбек Абдалиев депутаттык мандатынан ажыратылды

Жогорку Кеңештин «Ата Журт-Кыргызстан» фракциясынан депутаты Мейкинбек Абдалиев мандатынан ажыратылды. Чечимди Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүнкү жыйынында кабыл алган. Абдалиев депутаттыктан өз ыктыяры менен баш тартып арыз жазганы белгилүү болду. Анын ордуна тизме боюнча Арсланбек Эгембердиев эл өкүлү болуп келмекчи. Мейкинбек Абдалиев 1976-жылы 11-февралда Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун… Кененирээк…

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда жаңы мектеп курулууда

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда жаңы мектеп курулууда. Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, объект 225 окуучуга чакталып, Курулуш айылында жайгашат.   Иштер 2022-жылы башталып, каражат мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн. Долбоорду ишке ашыруунун баасы 141 миллион сомду түзөт.   Эки кабаттуу окуу корпусунан… Кененирээк…

Чүй облусундагы мектептердин жана бала бакчалардын жанында жол кыймылы үчүн максималдуу ылдамдык саатына 40 чакырымдан 30 чакырымга кыскарды

Чүй облусундагы мектептердин жана бала бакчалардын жанында жол кыймылы үчүн максималдуу ылдамдык саатына 40 чакырымдан 30 чакырымга кыскарды.   Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, балдардын коопсуздугун камсыздоо чаралары дүйнөлүк практиканы эске алуу менен көрүлүүдө.   Учурда тиешелүү жол белгилери орнотулуп, чийиндер түшүрүлүп жатат.… Кененирээк…

Токмокто мыйзамсыз менчиктештирилген автобекет мамлекетке кайтарылды

Токмокто мыйзамсыз менчиктештирилген автобекет мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети маалымдайт.   Тергөөгө чейинки текшерүүнүн жүрүшүндө акционерлер автобекеттин мыйзамсыз менчиктештирилген фактысын таанып, баасы 117 млн сомдон ашык болгон аталган объектти жер тилкеси жана административдик имараты менен мамлекеттин балансына өткөрүп берди.   УКМК мыйзамсыз… Кененирээк…