Ысык-Көл районунда нөшөрлөгөн жаандан улам келген сел 380 үйдү,  11 дүкөн, беш пансионатты каптады

Ысык-Көл районунда нөшөрлөгөн жаандан улам келген сел 380 үйдү,  11 дүкөн, беш пансионатты каптады. Бул тууралуу президенттин аталган аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.   Жеринде селдин кесепетин жоюу иштери жүрүп, куткаруучулар, атайын техника тартылды.   Эске салсак, 18-августта Ысык-Көл облусунда катуу сел жүргөн. Ысык-Көл, Тоң жана… Кененирээк…

Кыргызстандыктардын банк карталары көбөйдү

Кыргызстандыктардын банк карталары көбөйдү. Улуттук банктын маалыматына караганда, ушул жылдын 30-июнуна карата республика боюнча карттардын жалпы саны 7 миллион 900 миңди түздү. Бул өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 1,5 миллионго көп.   Жүгүртүүдөгү эң көп банк карталары Бишкек шаарында тагыраагы, 4 миллиондон ашуун. Эң азы… Кененирээк…

Самбо боюнча курама команда дүйнө кубогунда 13 медаль жеңди

Кыргызстандын самбо боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Чолпон-Ата шаарында өткөн Дүйнө кубогунда 13 медаль (2 күмүш, 11 коло) жеңди. Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдеш 15-16-август күндөрү өтүп, 14 мамлекеттен келген 250 дөн ашык спортчу катышты.   Эске салсак, курама команда башкы машыктыруучу Азамат… Кененирээк…

Сел: Жети-Өгүз, Ак-Суу, Тоң райондорундагы жолдордо каттам ачылды

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз, Ак-Суу, Тоң райондорундагы унаа жолдорунда каттам ачылды. Бул тууралуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, Ысык-Көл районунун Григорьевка – Көл – Кашка-Суу жана Корумду – Кум-Бел унаа жолдорунда каттам убактылуу жабык, учурда тазалоо иштери уланып жатат.   Эске салсак, 18-август күндүз… Кененирээк…

Сузак округунан шайлоого катышуу үчүн 12 киши арыз берди

Бир мандаттуу №13 Сузак округунда мөөнөтүнөн мурда өтчү шайлоого катышуу үчүн 12 киши арыз берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.   Талапкерлердин арызын кабыл алуу 22-августка чейин уланат. Шайлоо өзү 22-сентябрда өтөт.   Эске салсак, Сузак шайлоо округунан Жогорку Кеңешке шайланып келген депутат Тазабек… Кененирээк…

Ысык-Көлдүн эки районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Ысык-Көлдүн эки районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу жергиликтүү бийликтен билдиришти.   Облус аймагында катуу жааган жаандан жана анын кесепетинен жүргөн селден улам Ысык-Көл районунда жана Тоң районунда өзгөчө кырдаал жарыяланды.   Ошондой эле Жети-Өгүз, Түп жана Ак-Суу райондорунун администрациялары күчөтүлгөн режимде иштеп жатканы… Кененирээк…

Тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн

Туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу бүгүн республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.   Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.   Батыштан соккон… Кененирээк…

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча жумушчу топтордун кезектеги жолугушуусу өттү

Баткен шаарында 11-17-август күндөрү кыргыз-тажик чек арасын демаркациялоо жана делимитациялоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын кезектеги жыйыны өттү. Министрлер кабинетинен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар калган тилкелерде чек ара сызыгынын өтүүсүн сыпаттоо боюнча сунуштар менен алмашышты.   Жыйын достук жана өз ара түшүнүшүү маанайда өткөнү белгиленди.… Кененирээк…

Ысык-Көлдүн сел жүргөн айылдарына куткаруучулар тартылды

Нөшөрлөп жааган жаандан улам кечээ түнү Ысык- Көл облусундагы бир катар айылдарда сел жүрдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, Ысык-Көл районундагы Булан-Сөгөттү, Корумду, Темировка айылдарын жана бир пансионатты сел каптаган. Учурда жеринде куткаруучулар иштеп жатат.   Селден эң көп Темировка айылы жабыркап, 100дөн ашык үйдү суу… Кененирээк…

Жергиликтүү кеңештерди шайлоо ноябрда өтүшү мүмкүн

Административдик аймактык реформага байланыштуу жергиликтүү кеңештин депутаттары сентябрь айында тарашы мүмкүн. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдиргендей, аймактарда кайрадан шайлоо ноябрга белгилениши күтүлүүдө.   Маалыматка ылайык, Бишкек жана Ош шаардык кеңештерине 45 мандат берилсе, башка аймактарда мандаттар калктын санын эске алуу менен бөлүнөт. Эгер… Кененирээк…