Сосновка пунктунун жолдору кеңейтилип, асфтальт төшөө иштери жүрүп жатат

Сосновка пунктунун жолдору кеңейтилип, асфтальт төшөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.   Ошондой эле унаалардын өтүүсү үчүн төлөмдөрдү QR-код аркылуу төлөө мүмкүнчүлүгү түзүлүүдө. Жаңычылдык калкка кызмат көрсөтүү сапатын жогорулатуу, адам факторун жокко чыгаруу, коррупциялык көрүнүштөрдү болтурбоо максатында киргизилип… Кененирээк…

Индияда авиакомпания өзгөчө жаңычылдык киргизди

Индияда авиакомпания өзгөчө жаңычылдык киргизди. Эми рейске билет сатып алууда аялдар жанында ким отура турганын тандап алса болот. Компаниянын жаңы саясаты боюнча, аял учактын отуруу планын эртелеп көрө алат.   Аялдар отурган жерлер кызгылт өң менен көрсөтүлөт. Эркектер үчүн мындай кызмат киргизилбейт.      … Кененирээк…

Бишкектиктер эми коммуналдык кызматтар үчүн төлөмдү “Менин шаарым” уюлдук тиркемеси аркылуу жүргүзө алат

Бишкектиктер эми коммуналдык кызматтар үчүн төлөмдү “Менин шаарым” уюлдук тиркемеси аркылуу жүргүзө алат. Мэриядан билдиришкендей, тиркемеден эми коомдук транспорттун жүрүшүн гана көзөмөлдөбөстөн, бир нече баскыч менен төлөм жүргүзсө болот.   Ага газ, суу, жылуулук, электр энергиясы жана таштанды үчүн төлөм жүргүзүү кызматтары кошулду.   Ушул… Кененирээк…

Кочкор районунун Мантыш айылында социалдык шаарча ачылды

Кочкор районунун Мантыш айылында социалдык шаарча ачылды. Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, шаарчада 30 үй-бүлөгө үйлөр, мектеп, бала бакча, мечит, тигүү цехи, ашкана жана фельдшердик-акушердик пункт бар.   Соцшаарчанын алдына 3 гектар жер бөлүнгөн. Курулушка Катар мамлекетинин кайрымдуулук фонду тарабынан 100 миллион сом тапшырылган.  … Кененирээк…

Кыргыз-кытай чек арасында “Бедел” өткөрүү түйүнү сентябрда ачылат

Кыргыз-кытай чек арасында “Бедел” өткөрүү түйүнү сентябрда ачылат. Министрлер кабинетинен билдиришкендей, анда жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте убактылуу шарттар түзүлөт.   Учурга карата көпүрөнүн курулушу аяктады.   Жакынкы арада эл аралык талаптарга жооп берген инфраструктура түзүлөт. Өкмөттөн белгилешкендей, “Бедел” түйүнүнүн ишке кириши менен Кытай жана Борбордук Азия мамлекеттери… Кененирээк…

Чоң-Алай районунун Бурган-Суу айылында Памирден келген этникалык кыргыздарга үйлөрдүн курулушу аяктады

Чоң-Алай районунун Бурган-Суу айылында Памирден келген этникалык кыргыздарга үйлөрдүн курулушу аяктады. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, турак-жайлардын ачкычы эгемендүүлүк майрамына карата 31-августта тапшырылат.   Эске салсак, курулуш 2023-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Долбоорду ишке ашыруунун баасы… Кененирээк…

Лейлектин үч айылын таза суу менен камсыздоо жакшырды

Лейлек районунун үч айылында суу кудугу казылып, таза суу жана сугат суу муктаждыгы жеңилдеди. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.   Маалыматта айтылгандай, суу долбоору үчүн Баткен облусун өнүктүрүүгө багытталган каражаттын эсебинен 2,6 млн сом бөлүнгөн.   Учурда Ак-Терек айылынын Боз-Көлмө… Кененирээк…

2024-2029-жылдарга карата Кыргызстандын жайыттарын өнүктүрүү программасы бекитилди

Кыргызстандын министрлер кабинети 2024-2029-жылдарга карата Кыргызстандын жайыттарын өнүктүрүү программасын бекитти. Тиешелүү мамлекеттик органдардын белгилөөсүндө, учурда жайыт аянтынын үчтөн бир бөлүгүн уулуу, зыяндуу жана мал жебей турган өсүмдүктөр басып калган, анын ичинде тикенектүү алтыгана бадалы бар.   Ошол себептүү деградацияланган жайыттарды жакшыртуу максатындагы бул программа –… Кененирээк…

Мейкинбек Абдалиевдин ордуна Арсланбек Эгембердиев депутат болду

Жогорку Кеңештин «Ата Журт Кыргызстан» фракциясынан бошогон депутаттык орун Арсланбек Эгембердиевге берилди. Ага төш белги менен күбөлүктү Борбордук шайлоо комиссиясы кечээ, 19-августта тапшырды.   БШК Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын алып салуу жөнүндө түшкөн өз арызынын негизинде Мейкинбек Абдалиевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө токтомун… Кененирээк…

Британиялык басылма Англия премьер-лигасынын тарыхындагы мыкты чабуулчуларды атады

Британиялык басылма Англия премьер-лигасынын тарыхындагы мыкты чабуулчуларды атады. FourFourTwo журналынын версиясы боюнча, биринчи сапта “Ливерпулдун” футболчусу Мохамед Салах жайгашат, ал буга чейин “Челсиде” дагы ойногон.   Экинчи орунда “Манчестер Юнайтеддин” курамында оюн талаасына чыккан Криштиану Роналду турат.   Ал эми үчилтикти “Тоттенхэмдин” чабуулчусу Сон Хын… Кененирээк…