Өлкөдө кылкандуу дан эгиндеринин 71 пайызы оруп-жыйналды

Бүгүнкү күнгө карата өлкө боюнча кылкандуу дан эгиндердин 71%ы оруп-жыйналды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.   Мекеменин маалыматы боюнча, быйыл оруп-жыйноо иштери өткөн жылга салыштырмалуу жогорку деңгээлде жүрүүдө.   Кылкандуу дан эгиндеринин (буудай, арпанын) 351,2 миң гектары… Кененирээк…

Улуттук банк жаңы коллекциялык монетаны жүгүртүүгө чыгарды

«Кара-Кыргыз автономиялуу облусуна – 100 жыл» аталышындагы күмүш коллекциялык монета жүгүртүүгө чыкты. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.   Белгиленгендей, аталган тыйын өлкө аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.

Ысык-Көлдө сел кесепеттерин жоюу иштери уланууда

Ысык-Көлдө сел кесепеттерин жоюу иштери уланууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, учурда жеринде 755 адам, 60тай атайын техника иштеп жатат. Тазалоо жумуштарына жергиликтүү органдардын өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар да тартылган.   Эске салсак, 18-августтун кечинде жана 19-августка караган түнү Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл, Тоң, Жети-Өгүз, Ак-Суу жана… Кененирээк…

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча алгачкы жыйын өттү

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча мекемелер аралык комиссиянын биринчи жыйыны өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.   Отурумда өкмөт менен “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан“ темир жол компаниясынын ортосундагы Инвестициялык макулдашуу каралды. Натыйжада тиешелүү тараптарга тапшырмалар берилип, мекемелер аралык комиссиянын иш процессинде пайда болгон маселелерди өз… Кененирээк…

Бишкекте парковкалардын баасын 100 сомго чейин көтөрүү сунушталды

Бишкекте парковкалардын баасын 100 сомго чейин көтөрүү сунушталды. Мэриянын демилгеси коомдук талкууга чыкты. Ага ылайык, ордо калаадагы унаа токтотуучу жайлардын кызмат көрсөтүүлөрүнө сааттык төлөм киргизилет.   Шаардын негизги бөлүгүндө унаа токтоочу жайлардын биринчи сааты үчүн төлөмдү 25 сом жана андан кийинки сааттар үчүн тарифти 40… Кененирээк…

Бишкекте бир нече көчөнү капиталдык оңдоо боюнча жумуштар уланууда

Бишкекте бир нече көчөнү капиталдык оңдоо боюнча жумуштар уланууда.   Муниципалитеттин маалыматына ылайык, учурда Юнусалиев көчөсүнүн Сухэ-Батор көчөсүнөн Саманчин көчөсүнө чейинки аралыгына бир катмар асфальт басылды. Аталган көчө Горький көчөсүнө чейин капиталдык оңдоодон өтөт. Анын алкагында жолдун асфальт катмарын жаңылоо, бордюрларды алмаштыруу, айрым тилкелерди кеңейтүү,… Кененирээк…