Чоң Чүй каналынын жанынан жоголгон үч жашар бала изделүүдө
Ысык-Ата районунун Дружба айылында үч жашар бала үч күндөн бери изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМ билдирди. 19-августта Чоң Чүй каналынын (ЧЧК) аймагынан А.М. жоголгон. Баланы издөөгө 12 куткаруучу жана ондогон жергиликтүү тургундар тартылган.