Ошто “Жеткиликтүү турак жай” программасы аркылуу үй алуу мөөнөтү узартылды

Ошто “Жеткиликтүү турак жай” программасы аркылуу үй алуу мөөнөтү узартылды.   Бул тууралуу түштүк калаа мэриясынан билдиришти. 2024-2027-жылдарга иштелип чыккан концепциянын алкагында, өлкө жарандары жашаган жерине, каттоосуна, иштеген ишине, ишмердүүлүгүнүн багытына карабастан 7-10 жылдык мөөнөттө бөлүп төлөө шарты менен турак жайлуу боло алат.   Ишкананын… Кененирээк…

«Манас» аэропортунда бомба табылган жок

“Манас” эл аралык аэропортунун электрондук почтасына аба майданда жарылуучу зат бар экени тууралуу маалымат түшүп, кызматкерлер жана жүргүнчүлөр тышка эвакуацияланды. Бул тууралуу маалыматты аэропорттун басма сөз кызматкери Алена Хоменко ырастады.   Укук коргоо органдары аба майдандын имаратынан жарылуучу зат табышкан жок. Кыска убакыттан соң адамдар… Кененирээк…

Asman Airlines мамлекеттик авиакомпаниясы мобилдик тиркеме ишке киргизди

Asman Airlines мамлекеттик авиакомпаниясы мобилдик тиркемесин ишке киргизди. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.   Авиакомпания жакынкы күндөрү жүргүнчүлөрдү тейлеп баштайт. Буга байланыштуу атайын мобилдик тиркемесин иштеп чыкты, аны жарандар көчүрүп алып, каттамдар жана билеттин баалары тууралуу маалымат алса болот.   «Мамлекеттик “Асман аба жолдору” авиакомпаниясына… Кененирээк…

Мектептерде 5 баллдык баалоо системасы өзгөрүүсүз калат

Кыргызстанда окутуунун 12 жылдык компонентине өтүүдө 5 баллдык баалоо системасы сакталып калат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.   “Министрлик Кыргыз Билим берүү академиясынын сайтында жарыяланган маалымат айрым эксперттердин жеке пикири экенин жана билим берүү жана илим министрлигинин расмий позициясын чагылдырбасын белгилейт”, –… Кененирээк…

Кыргызстанда 40ка жакын өнөр жай ишканасы ачылат

Кыргызстанда 31-августка карата 40ка жакын өнөр жай ишканасы ачылат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, объекттердин арасында кичи ГЭСтер, түрдүү цехтер, өндүрүш ишканалары, буюм-тайымдарды кайра иштетүүчү заводдор бар.   Мындан тышкары, жыл аягына чейин республика боюнча 130дан ашык өндүрүштүк жана социалдык объектилердин ачылышы… Кененирээк…

Унаалардын каптал терезелерин караңгылатуунун акысы төмөндөдү

Кыргызстанда унаалардын каптал терезелерин караңгылатуунун акысы төмөндөдү. Бул тууралуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктен кабарлашты.   Эми тонировкага уруксатты Кыргызстандын жарандары 1 жылга 50 миң сом, юридикалык жактар 70 миң сом, чет өлкөлүк жарандар 90 миң сом төлөп алса болот.  … Кененирээк…

Оштогу №177 көчө капиталдык оңдоодон кийин пайдаланууга берилди

Ош шаарындагы №177 көчө капиталдык оңдоодон кийин пайдаланууга берилди. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.   Маалыматка ылайык, мында жол четине жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар жасалган. Андан сырткары суу өтүүчү ирригациялык системасы жакшырып, лотоктор жана түнкү жарыктандыруу орнотулган.   Бул көчө шаар аймагынан Фуркат айылына чыккан айланма… Кененирээк…

Ысык-Көлдөгү өзгөчө кырдаалдын айынан 400 киши эвакуацияланды

Зындан көлүнөн ашкан суу Тоң дарыясынын нугуна бурулду. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билдирди.   Жергиликтүү тургундардын коопсуздугун камсыздоо максатында Туура-Суу айылынан жана Балык завод тилкесинен 400 тургун Эшперов жана Ак-Сай айылынын мектептерине эвакуацияланды.   Өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу жана алдын алуу… Кененирээк…

Бишкекте жолдун дагы бир бөлүгү жабылат

Бишкекте жолдун дагы бир бөлүгү жабылат.   Мэриянын маалыматына караганда, Чүй проспектиси менен Тоголок Молдо көчөсүнүн кесилишинде жер астындагы суу түтүгүнүн жарылып кеткени аныкталган. Буга байланыштуу аталган тилкеде бүгүнтөн тарта 24-августка чейин кемчиликти жоюу иштери жүргүзүлөт.   Тоголок Молдо көчөсүнүн Чүй проспектисинен Киев көчөсүнө чейинки… Кененирээк…

Кара-Балтадагы «Жунда» заводун модернизациялоо кийинки жылы аяктайт

Кара-Балтадагы “Жунда” заводун модернизациялоону 2025-жылы аяктоо мерчемделүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев “Жунда” заводунун жетекчилиги менен жолугушканда белгилүү болду.   Жогорку Кеңештен билдиришкендей, Нурланбек Азыгалиев Хуан Цян баштаган “Жунда” нефтини кайра иштетүүчү заводунун жетекчилиги менен жолугушканда өндүрүш процесстеринин айлана-чөйрөгө экологиялык таасирин… Кененирээк…