Жалал-Абадда 35 жыл мурун башталган мектептин курулушу аяктайт

Быйыл Сузак районунун Масадан айылындагы Фуркат атындагы 624 орундуу мектептин курулушун бүткөрүү пландалууда. Архитектура, курулуш жана турак жай-коммналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, объекттин курулушу 1989-жылы башталып, каржылоо жоктугунан токтоп турган.   «Билим берүү уясынын курулушу 2017-жылы республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, долбоору кайрадан иштелип чыгып, курулуш… Кененирээк…

Дем алыш күндөрү кайрадан сел жүрүшү мүмкүн

23-25-август күндөрү туруксуз аба ырайы күтүлүп жатат, катуу жаан жаап, мындан улам сел жүрүп, айрым жерлерде таш кулашы мүмкүн экенин ӨКМ кабарлады. Министрлик кооптуу аймактардын тизмесин кошо жарыялаган: Баткендин Лейлек, Баткен, Кадамжай райондору; Чүйдүн Жайыл, Ысык-Ата, Чүй, Панфилов, Аламүдүн, Москва жана Сокулук райондору; Нарындын Ак-Талаа… Кененирээк…

Кыргызстанда мобилдик тиркеме аркылуу акча которууда комиссияны жоюу сунушталууда

Улуттук банк мобилдик тиркеме аркылуу акча которууларда комиссия алууга тыюу салууну сунуштады. Мындай сунуш финансылык жөнгө салуу органынын коомдук талкууга чыгарылган токтом долбоорунда айтылат.   Документте мобилдик тиркемелер аркылуу кызмат көрсөтүү үчүн улуттук валютада акча которууларды жүзөгө ашыруу боюнча комиссиялык төлөмдөрдү алууга тыюу салуу каралган.… Кененирээк…

Калкты тейлөө борборлору үчүн мульти-талон жаңы кызматы ишке кирди

Калкты тейлөө борборлору үчүн мульти-талон жаңы кызматы ишке кирди. Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билд иришкендей, мульти-талон функциясы Tunduk тиркемесинде жеткиликтүү.   Жаңы функция Калкты тейлөө борборлорундагы кызматтарды алуу процессин кыйла жеңилдетип, убакытты үнөмдөйт.   Эми үй-бүлөнүн ар бир мүчөсү үчүн өз-өзүнчө талон алуу үчүн жазылуунун кереги… Кененирээк…

Бир мандаттуу №13 Сузак округунда мөөнөтүнөн мурда өтчү шайлоого катышуу үчүн арыздарды кабыл алуу аяктады

Бир мандаттуу №13 Сузак округунда мөөнөтүнөн мурда өтчү шайлоого катышуу үчүн арыздарды кабыл алуу аяктады. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы кабарлады. Жалпы 15 киши – 12 эркек, 3 аял арыз берди.   Ушул күнгө чейин алардын алтоо талапкер катары катталып, төртөө берген арыздарын кайтарып алышты.… Кененирээк…

Жогорку окуу жайларга 29 миң 550 абитуриент кабыл алынды

Жогорку окуу жайларга 29 миң 550 абитуриент кабыл алынды. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.   Белгилеп кетсек, быйыл абитуриенттерди кабыл алуу боюнча 5 тур өткөрүлдү. Кабыл алуу “абитуриент онлайн” автоматташтырылган маалыматтык система аркылуу жүргүзүлгөн.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша… Кененирээк…

Бишкекте карызы бар абоненттердин жарыгы өчүрүлөт

Бишкекте карызы бар абоненттердин жарыгы өчүрүлөт. Ордо калаанын электр тармактары ишканасынан такташкандай, 6 миң 300 керектөөчүнүн карызы бар. Ыңгайсыздыктарга кабылбаш үчүн ишкана электр энергияга болгон эсеп-кысапты өз маалында жүргүзүүгө чакырат.   Карызды почта бөлүмдөрүндө кезек күтпөстөн терминалдар аркылуу төлөсө болот.   Ушул жана башка жаңылыктар… Кененирээк…

Бишкекте Тез жардам кызматынын жаңы станциясы ачылды

Бишкекте Тез жардам кызматынын жаңы станциясы ачылды. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, ал Лебединовка айылында жайгашат. Анда күнү-түнү нөөмөт жүргүзө турган 5 бригада иш алып барат.   Жаңы подстанция Бишкектин курамына кошулган Аламүдүн районунун калк жашаган түйүндөрүн тейлейт. Имаратта ремонт жүргүзулүп, тиешелүү жабдуулар орнотулду.  … Кененирээк…

Бишкекте жана Чүй облусунда Жоопкерчилиги чектелген коому формасында юридикалык жактарды каттоого алуу бир гана онлайн форматта жүргүзүлөт

Бишкекте жана Чүй облусунда Жоопкерчилиги чектелген коому формасында юридикалык жактарды каттоого алуу бир гана онлайн форматта жүргүзүлөт. Юстиция министрлигинен билдиришкендей, жаңы эрежелер 27-августтан тарта күчүнө кирет.   Онлайн каттоого шилтемеси ведомствонун сайтында  жеткиликтүү.   Муну менен кагаз формасында арыздар кабыл алынбайт, ал эми бардык документтер… Кененирээк…

Баткен, Ош жанан Жалал-Абад облустарында июнда жүргөн селден 115 миллион сомго жолдор жана көпүрөлөр жабыркады

Баткен, Ош жанан Жалал-Абад облустарында июнда жүргөн селден 115 миллион сомго жолдор жана көпүрөлөр жабыркады. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинин унаа жолдору башкармалыгынын адиси Руслан Асаналиев билдирди.   Анын айтымында, Баткен облусунда бир көпүрө, Ошто 4, Жалал-Абадда  2 көпүрө жарактан чыккан.   Объектилерге толук… Кененирээк…