Ак-Талаада 45 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке алынды

Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы мурдагы автотранспорт ишканасынын 45 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен билдиришти.   Мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелерин жана ишканаларды аныктоо жана кайтарып алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө УКМК тарабынан Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы мурдагы… Кененирээк…

Бишкектеги Ботаникалык бакка өзгөчө статус берүү пландалууда

Бишкектеги Э.Гареев атындагы Ботаникалык бакка өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагы статусун берүү пландалууда. Өкмөттүн токтому коомдук талкууга чыгарылды.   Документтин авторлору макам берүү Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун тургундарынын коомдук пикирине оң таасирин тийгизерин белгилешүүдө. Анткени айрымдар бакча жоюлуп кетет деген кооптонууларын айтып чыгышкан.   Ошондой… Кененирээк…

Кыргызстандык жаран дээрлик 100 миң франк алып чыгууга аракет кылган жеринен кармалды

“Ош” эл аралык аэропортундагы көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу 99 миң 700 Швейцария франкын Кыргызстандан Россияга мыйзамсыз чыгарууга аракет кылган Х.А.А. аттуу 25 жаштагы кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.   Маалыматка ылайык, мыйзам бузуучу тиешелүү документтерди жана бажы декларациясын толтурган эмес. Аталган факты боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.… Кененирээк…

“Оскар” сыйлыгына Кыргызстандын атынан катыша турган тасма аныкталат

Бүгүн Бишкекте “Чет тилдеги эң мыкты тасма” номинациясында абройлуу “Оскар” сыйлыгына Кыргызстандын атынан катыша турган тасма белгилүү болот. Маданият министрлигинен билдиришкендей, бул күнү кыргыздын таланттуу кинорежиссерлору жараткан тасмалардын кайсынысы өлкө маданиятын дүйнөлүк аренада көрсөтүү укугу үчүн күрөшөрү аныкталат.   Эске салсак, “Оскар” сыйлыгын тапшыруу аземи… Кененирээк…

Кыргызстанда 70 миңге жакын адам таза суу менен камсыз болду

Жыл башынан бери Кыргызстандын 14 айылынын тургундары таза суу менен камсыз болду. Бул 70 миңге жакын адамды түзөт.   Курулуш иштери мамлекеттик программанын алкагында Дүйнөлүк банктын донордук каражаттарынын эсебинен жүргүзүлүүдө. Долбоор ишке ашырылган жети жылдын ичинде дээрлик 70 конушка таза суу киргизилген.   Ошол эле… Кененирээк…

Көрктөндүрүү эрежелерин бузгандарга 5,6 млн сомд айып салынды

Муниципалдык инспекция 7-августтан 21-августка чейин Бишкек шаарында көрктөндүрүү эрежесин бузгандарга карата 484 протокол түздү. Мэриядан билдиришкендей, салынган айып пулдун жалпы суммасы 5 млн 680 миң 500 сомго жетти.   Анда көрктөндүрүү эрежелерин сактабагандыгы үчүн 263 протокол, турмуш-тиричилик жана башка буюмдарды белгиленбеген жерге таштагандыгы үчүн 108… Кененирээк…

Мадумаровдун ордуна Жогорку Кеңешке жаңы депутат келди

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Адахан Мадумаровдун бошогон мандаты «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын тизмесиндеги Аккулу Бердиевге тапшырылды. Бул тууралуу Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынан билдиришти.   Аккулу Бердиев 2015-жылы «Республика-Ата Журт» партиясынан шайлоого катышып, 2020-жылдын октябрында мандат алган. Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышы тараганга чейин депутат… Кененирээк…

Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун курулушу уланууда

Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун негизги иштерин ушул жылдын декабрында бүтүрүү пландалууда. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы тараткан маалыматта айтылат.   Учурда Көк-Арт ашуусундагы узундугу 3 миң 890 метрди түзгөн тоннелди куруу иштери жүрүп жатат. Бул тоннел көп функционалдуу тейлөөнү камтыйт. Азыр бетон төшөө… Кененирээк…

Өлкөнүн ички карызы жогорулады

Ушул жылдын 30-июнуна карата Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы 6 млрд 362 млн долларды түздү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин маалыматтарында айтылат.   Мунун ичинен 4 млрд 501 млн доллардан ашыгы тышкы карыз, ал эми 1 млрд 860 млн доллардан көбү ички карыз.   Бир ай мурдагыга… Кененирээк…

Акмаль Хасановго Ч.Айтматов атындагы медаль тапшырылды

Париждеги Олимпиадада кыргызстандык мушкерге секундант болгон өзбек машыктыруучусу сыйланды. Маданият министрлигинен билдиришкендей, Ташкенттеги эл аралык форумдун алкагында Акмаль Хасановго Ч.Айтматов атындагы медаль тапшырылды.   Ал өз кезегинде Кыргызстанда бокс өнүгүп жатканын Мунарбек Сейитбек уулунун жеңиштеринен көрүүгө болот деп белгиледи.   Ушул жана башка жаңылыктар менен… Кененирээк…