Кыргызстанда 368 көл ташып кетүү коркунучунда

Кыргызстандын аймагында эки миңдей көл болсо, анын 368и ташып кетүү коркунучунда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адиси Даурбек Сакыев 24-августта маалымат жыйынында билдирди. Кооптуу делген көлдөрдүн көбү Ысык-Көл жана Чүй облусунда жайгашкан. Сакыев аларга байкоо жүргүзүлүп турарын кошумчалады.   Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ала-Арча… Кененирээк…

Ысык-Көлдө жалпы 314 үй сел калдыктарынан тазаланды

Ысык-Көлдө жалпы 314 үйдүн тегерек чети сел калдыктарынан тазаланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Садыр-Аке айыл аймагында ӨКМдин жана Жарандык коргонуу кызматтарынын күч каражаттарынын сел сууларынын кесепеттерин жоюу иштеринин натыйжасында, жалпы 38 турак үй тазаланып, 23-август күнүнө карата жалпы 314 турак үйдүн тегерек чети… Кененирээк…

Улуттук банктын төрагасына сөгүш жарыяланып, орун басарлары иштен бошотулду

Өлкө башчы Садыр Жапаров Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаевге сөгүш жарыялап, эки орун басары Манас Жакыпов жана Кайып Куленбеков ээлеген кызматтарынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. Билдирмеге караганда, акча-кредит саясаты чөйрөсүндөгү жетишсиз иштер валюта курсунун туруксуздугуна алып келип, экономикага терс таасирин тийгизүү менен… Кененирээк…

Бишкекте үй тибиндеги 4 бала бакча ачылды

Бишкекте үй тибиндеги 4 бала бакча ачылды. Бул тууралуу мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, “өкмөттүк акселераторлор” программасынын алкагында ачылган бакчалардын бири Көк-Жар районунда жайгашса, калгандары Арча-Бешик конушунда, Пригородное жана Озерное айылдарында орун алган.   Аларда балдар үчүн бардык шарттар түзүлүп, кыз-келиндер үчүн жаңы… Кененирээк…

Дүйнө чемпионатында эркин күрөш боюнча эки балбан финалга чыкты

Кыргызстандын эркин күрөшү боюнча өспүрүмдөр (U-17) курама командасынын мүчөлөрү Курсантбек Исаков менен Рустамжан Кахаров Иордания Амман шаарында өтүп жаткан дүйнө чемпионатынын финалына чыгышты.   Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, Курсантбек Исаков 55 кг чейинки салмак категориясында катышууда. Ал алгач япониялык, андан кийин казакстандык балбанды… Кененирээк…