Кыргызстанда 24 саат бою унааларды каттоо пункту ачылат

Кыргызстанда 24 саат бою унааларды каттоо пункту ачылат. Бул тууралуу Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти.   Маалым болгондой, “Биримдик 24” бөлүмү учурда тесттик режимде иштеп жатат. Жакында бөлүм күнү-түнү иштей баштайт, бул керектүү кызматтарды каалаган ыңгайлуу убакта алууга мүмкүндүк берет.… Кененирээк…

Кыргызстанда 270тен ашык кыска мөөнөттүү бала бакча оңдолду

Билим берүү жана илим министрлиги кыска мөөнөттүү бала бакчаларды ачуу иштерин улантууда. Бүгүнкү күндө 270тен ашык мындай объектилер оңдолду. Ошондой эле бардык керектүү жабдуулар менен камсыздалган.   Мекеме өлкө боюнча кыска мөөнөттүү 500 бала бакча жана 60 өнүктүрүү борборун түзүү пландалып жатканын эске салат. Бул… Кененирээк…

Быйыл “Эл үмүтү” стипендиясы 149 талапкердин ичинен 27 адамга берилет

Быйыл “Эл үмүтү” стипендиясы 149 талапкердин ичинен 27 адамга берилет. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.   Бул стипендия дүйнөнүн алдыңкы 100 университетине өткөн магистрант, докторанттарга тапшырылат. Акчанын көлөмү тандалып алынган окуу жайга жараша аныкталары жана жыл сайын 50 миң доллардан ашпоого тийиш экени белгиленген.  … Кененирээк…

Бишкекте 30-31-августта унаа кыймылына чектөөлөр киргизилет

Бишкекте 30-31-августта унаалардын кыймылына чектөөлөр киргизилет. Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, мунун себеби Эгемендүүлүктүн 33 жылдыгына жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракесине арналган майрамдык иш-чараларга байланыштуу.   Ага ылайык, 30-август күнү Чыңгыз Айтматов проспектисинде унаа кыймылына маал-маалы менен чектөөлөр коюлат. Ал эми 31-августта Жибек-Жолу,… Кененирээк…

Жаныбек Керималиев айыл чарба министринин биринчи орун басары болду

Жаныбек Керималиев суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган ведомстводон билдиришти.   Тиешелүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — айыл чарба министри Бакыт Төрөбаевдин сунушунун негизинде министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.… Кененирээк…

Кыргызстандыктар ресторан жана мейманканаларга көбүрөөк бара башташты

Кыргызстандыктар ресторан жана мейманканаларга көбүрөөк бара башташты.   Жылдын январь-июль айларында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу мейманкана жана ресторандар тарабынан көрсөтүлгөн кызматтардын көлөмүнүн өсүшү республиканын бардык аймактарында байкалганын Улуттук статистикалык комитет билдирди.   Мында Бишкек көлөмдүк көрсөткүчтөрдүн негизги үлүшүн ээлейт. Тиешелүү кызмат эң аз Нарын… Кененирээк…

Сентябрдын башында мугалимдерге 24 миң ноутбук акысыз берилет

Сентябрдын башында мугалимдерге 24 миң ноутбук акысыз берилет. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев билдирди.   Анын айтымында, ноутбуктар табигый илимдер боюнча сабак берген мугалимдерге тапшырылат. Ар бир ноутбуктун ичине электрондук китептер киргизилет.   Ал эми алдыдагы жылдары республика боюнча… Кененирээк…

Кара-Көл шаарына жаңы мэр дайындалды

Нуртилек Орозбаев Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын мэри болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге Садыр Жапаров кол койгонун президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.   Ал эми буга чейин бул кызматты ээлеп турган Талайбек Конкобаев президенттин башка тескемеси менен кызматынан бошотулган.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg… Кененирээк…

Бактыбек Осмонов Тоң районунун акими болуп дайындалды

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна, 71-беренесине ылайык Осмонов Бактыбек Арапбаевич Ысык-Көл облусунун Тоң районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким болуп дайындалды.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.

Мектептерди окуу китептери менен толук камсыздоо үчүн 17 млн китеп керек

Кыргызстандын мектептерин окуу китептери менен толук камсыздоо үчүн 17 млн китеп керек. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев билдирди.   Анын айтымында, окутуу кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлгөн мектептер кеминде 129 аталыштагы окуу китеби, окутуу өзбек жана тажик тилдеринде жүргүзүлгөн… Кененирээк…