Быйыл Бишкекте 20 миң 780 бала 1-класска барат

Быйыл Бишкекте 20 миң 780 бала 1-класска барат. Мэриядан билдиришкендей, жалпысынан 228 миң окуучу билим алат.   Ордо калаада мектептер менен бала бакчаларды кошкондо 230дан ашык билим берүү мекемелери бар. Алардын баары канцелярдык жана чарбалык, ошондой эле медициналык буюмдар менен камсыз болгон.   Билим берүү… Кененирээк…

Бишкектин борбордук көчөлөрү 31-августтан тарта жабылат

Бишкектин борбордук көчөлөрү 31-августтан тарта унаа кыймылы үчүн жабылат. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалыматына ылайык, Чүй проспектиси Ибраимовдон Тоголок Молдого чейин, Фрунзе көчөсү Эркиндик бульварынан Тоголок Молдого чейин, Орозбеков жана Раззаков көчөлөрү Фрунзеден Чүй проспектисине чейин жана Ибраимов Чүй проспектисинен Фрунзеге чейин чектелет.  … Кененирээк…

Каракол шаарындагы автобекет оңдоп-түзөлүүдө

Каракол шаарындагы автобекет оңдоп-түзөлүүдө. Унаа жана жолдор министрлигиен билдиришкендей, бүгүнкү күндө пландалган иштердин дээрлик 50 пайызы аткарылды. Тактап айтканда, имарат ирээтке келтирилип, аймактагы жол катмары жаңыланууда.   Каракол шаарындагы автобекет 1988-жылы пайдаланууга берилген. Ошондон бери имарат капиталдык оңдоодон өткөн эмес.   Ушул жана башка жаңылыктар… Кененирээк…

Балдарды мектепке электрондук каттоонун аякташына үч күн калды

Балдарды мектепке электрондук каттоонун аякташына үч күн калды. Билим берүү жана илим министрлиги эскерткендей, мөөнөт 30-августта аяктайт.   Каттоо бош орундар бар мектептерде жүргүзүлөт. Ал үчүн баланын ата-энеси же мыйзамдуу өкүлдөрү арызды маалыматтык система аркылуу бериши керек.   Учурда 126 миңден ашык бала 1-класска кабыл… Кененирээк…

Корумду – Балбай-Баатыр унаа жолун куруу иштери кызуу жүрүүдө

Ысык-Көл айланма жолунун Корумду – Балбай-Баатыр тилкесин реконструкциялоонун алкагында бир катар курулуш иштери аткарылууда.   Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, учурда жолдогу топурактын үстүнкү катмарын тазалоо жана алып салуу, эски асфальт жолду фрезерлөө, эски асфальт-бетон төшөлмөсүн жумшартуу жана демонтаждоо боюнча жумуштар жүрүүдө.   Корумду –… Кененирээк…

Суусамырдагы тамактануучу жайлар ирээтке келтирилет

Суусамырда Бишкек — Ош унаа жолунун боюндагы тамактануучу жайлар ирээтке келтирилет. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.   Жол жээгинде жайгашкан объектилер боюнча эскиздик долбоор Панфилов жана Жайыл райондорунун Шаар куруу жана архитектура башкармалыктары тарабынан иштелип чыгып, жергиликтүү башкаруу органдарына… Кененирээк…

Караколдо тоо лыжа базасына баруучу жол оңдолууда

Караколдо тоо лыжа базасына баруучу жол оңдолууда.   Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына караганда, каттамдын жалпы узундугу 7 чакырымды түзөт. Бүгүнкү күндө 3,5 чакырымга асфальт төшөлдү.   Министрдин милдетин аткаруучу Абсаттар Сыргабаев жол кызматкерлерине лыжа тебүү сезону башталганга чейин ишти бүтүрүүнү тапшырды.   Ушул жана… Кененирээк…

Мароккодо дүйнөдөгү эң чоң футбол аренасы курулат

Мароккодо дүйнөдөгү эң чоң футбол аренасы курулат. 115 миң орунга ылайыкталган стадион падыша Хасан IIнин ысымын алат.   Объекттин курулушу 2030-жылы өтүүчү дүйнөлүк чемпионатка бүткөрүлөт.   Эске салсак, 2030-жылы футбол боюнча дүйнө чемпионаты биринчи жолу үч континентте — Европа, Африка жана Түштүк Америкада өтөт.  … Кененирээк…

Салык органдары күчөтүлгөн режимде иштешет

Салык органдары күчөтүлгөн режимге өтүүдө. Тактап айтканда, салык кызматкерлери 29-30-августта түнкү саат 9га, 31-августта кечки 6га чейин иштешет.   Мамлекеттик салык кызматы 1-сентябрда транспорт каражаттарына, турак жайларга, батирлерге, ошондой эле үй, чарбалык жана огород жерлерине салык төлөө мөөнөтү аяктай турганын эскертет.   Ушул жана башка жаңылыктар менен… Кененирээк…

ӨКМ: Бишкек менен Чүйдө катуу шамал болот

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты. Маалыматка ылайык, бүгүн күндүн экинчи жарымында жана кечинде Бишкек менен Чүйдө күн күркүрөп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал катталышы күтүлөт.   Жарандарга электр чубалгыларынан, бак-дарактардан, жарнама калкандарынан алыс,… Кененирээк…