Бишкекте Осмонкул көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылына жабылды

Бишкекте Осмонкул көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылына жабылды. Мэриядан билдиришкендей, анын Никитин көчөсүнөн Салиева көчөсүнө чейинки тилкесинде жылуулук тармактарын оңдоо иштери жүргүзүлөт.   Жумуштар күзгү-кышкы сезонго даярдык көрүүнүн алкагында жасалат. Ремонт 13-сентябрга чейин уланат. Айдоочуларга тыгындарды жаратпоо үчүн башка каттамдарды түзүп алуу сунушталат.   Ушул… Кененирээк…

Ош облусунда эки мектеп жана бир бала бакчанын курулушу аяктады

Ош облусунда эки мектеп жана бир бала бакчанын курулушу аяктады. Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, Абдиев атындагы мектеп 150 окуучуга чакталып, Ноокат районунун Караке айылында жайгашат.   Ал эми Ачы айылындагы мектеп 225 окуучуну кабыл алат. Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылындагы… Кененирээк…

Бишкекте Сүйүмбаев көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоо иштерине жабылды

Бишкекте Сүйүмбаев көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоо иштерине жабылды. Мэриядан билдиришкендей, анын Москва көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки тилкесинде капиталдык оңдоо жумуштары жүргүзүлөт.   Жол кеңейтилип, асфальттын жаңы катмары төшөлөт.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.

Токтогул сактагычына топтолгон суунун көлөмү 12 миллиард 520 миллион метр кубга жетти

Токтогул сактагычына топтолгон суунун көлөмү 12 миллиард 520 миллион метр кубга жетти.  “Электр станциялары” мамлекеттик ишканасынын маалыматына караганда, ушул тапта суу сактагычка агып кирген суунун көлөмү секундасына  586 метр куб болсо, андан секундуна 269 метр куб суу агып чыгууда.   Энергетика министрлиги быйыл жайкысын да… Кененирээк…

Бир мандаттуу №13 Сузак округунда мөөнөтүнөн мурда өтчү шайлоого  9 талапкер катталды

Бир мандаттуу №13 Сузак округунда мөөнөтүнөн мурда өтчү шайлоого  9 талапкер катталды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы кабарлап, документ кабыл алуу токтотулганын белгиледи.   7 эркек жана 2 аял талапкерлигин жылдырып, каттоодон өттү. Шайлоо 22-сентябрда өтөт.   Эске салсак, аталган округдан Жогорку Кеңешке шайланып келген депутат… Кененирээк…

Баткенде жаңы көмүр кени иштетилип баштайт

Баткенде жаңы көмүр кени иштетилип баштайт.  “Дөгмөн” кени Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Ормузан аймагында жайгашат. Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, кен расмий түрдө 30-августта ачылат.   Аны иштетүүгө жеке ишкер тарабынан 1,5 миллион доллар инвестиция салынган. Ишкана жылына 600 миң тонна көмүр өндүрөт деп күтүлүүдө.… Кененирээк…

Евро-2024 турнирин уюштурган Германиянын тапкан кирешеси белгилүү болду

Евро-2024 турнирин уюштурган Германиянын тапкан кирешеси белгилүү болду. Өлкө 7 миллиард евродон ашык тапты. Сумманын 90 пайызы билеттерди сатуудан, көрүүчүлөрдү жайгаштыруу, ташуу жана алардын тамак-ашынан түшкөн.   Андан тышкары, 500 миллион евро – жарнама кирешеси болсо, 95 миллион евро спорт товарларын сатуудан түштү. Жалпысынан Европа… Кененирээк…

Бишкекте жаңы сквер пайда болот

Бишкекте жаңы сквер пайда болот. Мэрия маалыматына ылайык, ал Медеров жана 7-апрель көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашат. Учурда “Бишкек жашыл чарба” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жашылдандыруу иштерин жүргүзүп жатат.   Андан тышкары, бактардын бир нече түрү отургузулду. Эс алуу аймагында тротуар курулуп, отургучтар, таштанды челектери жана жарыктандыруу системасы… Кененирээк…

Салмагы 12 тоннадан ашкан жүк ташуучу унаалардын Бишкек – Ош жолундагы туннелден өтүү акысы 300дөн 500 сомго кымбаттайт

Салмагы 12 тоннадан ашкан жүк ташуучу унаалардын Бишкек – Ош жолундагы туннелден өтүү акысы 300дөн 500 сомго кымбаттайт. Ал эми чет элдик унааларга төлөм тескерисинче, 10 эсе төмөндөйт – 5 миң сомдон 500 сомго.   Тарифтерди өзгөртүүнү Унаа жана жолдор министрлиги ЕАЭБдин талаптарына ылайык демилгелеп,… Кененирээк…

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылы Өзбекстанда өтөт

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылы Өзбекстанда өтөт. Бул тууралуу 2024-жылдын сентябрь айында Астанада өтө турган оюндарга улуттук курама команданы даярдоо боюнча жыйында белгилүү болду.   Буга чейин VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда өтө турганы айтылган. Эске салсак, оюндар үч ирет Кыргызстанда, төртүнчүсү Түркияда өткөн. Эми бешинчиси сентябрь… Кененирээк…