Бүгүн Парижде Паралимпиада оюндары башталат

Бүгүн, 28-августта Парижде Паралимпиада оюндарына старт берилет. Жайкы Олимпиада Парижде  11-августта жыйынтыкталган. Бул жолку XVII жайкы Паралимпиада оюндарында өлкө намысын пауэрлифтинг, триатлон, жеңил атлетика жана дзюдо сыяктуу спорттун түрлөрү боюнча 4 спортчу коргойт.   Ачылыш аземинде Кыргызстандын туусун Паралимпиада курама командасынын капитаны Маматибраим Суранов алып… Кененирээк…

Нарын облусунда ири бетон заводунун курулушу уланууда

Нарын облусунда ири бетон заводунун курулушу уланууда. Президенттин аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, анын алкагындагы таш майдалоочу ишкана 20-сентябрда ишке кирет.   Ал эми бетон өндүрүүчү заводдун өзүн октябрь айынын аягында кое берүү пландалып жатат. Анын кубаттуулугу саатына 70-80 кубометр бетон аралашмасын түзөт. Күтүлгөндөй, завод… Кененирээк…

Эгемендүүлүк майрамына карата Бишкектеги иш-чаралар планы

Мэрия Эгемендүүлүк майрамына жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата Бишкекте өтчү иш-чаралардын тизмесин жарыялады. Свердлов району: 29-30-август күндөрү саат 17:00дөн 18:00гө чейин Чыгыш-5 кичи районундагы Арбат аллеясында сүрөт көргөзмөсү болот; 31-августа саат 08:00дөн баштап Кара-Жыгач токоюнда ачык асман алдында сүрөт көргөзмөсү, спорттук оюндар… Кененирээк…

Бишкекте мыйзамсыз күйүүчү май саткандар текшерилип жатат

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өрттү көзөмөлдөө боюнча кызматы өрт кырсыгынын алдын алуу максатында Бишкек шаарында рейд жүргүзүүдө. Анын натыйжасында мыйзамсыз күйүүчү жана майлоочу май саткандар аныкталып, жалпысынан 565 литр күйүүчү май конфискацияланды. ӨКМ акыркы мезгилде «күйүүчү-майлоочу майды өрт коопсуздук эрежесин сактабай, желим бөтөлкөлөргө куюп жол жээктеринде… Кененирээк…

Португалия курамасынын форварды Криштиану Роналду Гиннес рекорддор китебине катталды

Португалия курамасынын форварды Криштиану Роналду Гиннес рекорддор китебине катталды. Анын Youtube-каналы дүйнөлүк рекорд жаратты. Канал түзүлгөндөн кийин 2 саатта эле ага 1 миллион адам, ал эми бир күндө 20 миллион адам катталды.   Муну менен Роналду аккаунтуна бир сутка ичинде 19 миллион 729 миң 287… Кененирээк…

Ысык-Көл облусунда жаңы мектеп пайда болот

Ысык-Көл облусунда жаңы мектеп пайда болот. Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, билим берүү мекемеси Жети-Өгүз районунун Жалгыз-Өрүк айылында жайгашат.   Окуу корпусунан тышкары анда спорт, акты залдары, ашкана жана футбол талаасы каралган. Курулуш иштери 2022-жылы мамлекеттик бюджеттин эсебинен башталган.  … Кененирээк…

Бишкекте такси кызматтарына талаптарды күчөтүү пландалууда

Бишкекте такси кызматтарына талаптарды күчөтүү пландалууда. Министрлер кабинети унаа транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташуу эрежелерин бекитүү тууралуу токтомдун долбоорун коомдук талкууга койду.   Документте таксисттердин, жүргүнчүлөрдүн, диспетчердик жана маалымат кызматтарынын укуктары менен милдеттери каралган. Алсак, таксист күн сайын жолго чыгар алдында медициналык кароодон өтүүгө милдеттүү болот.… Кененирээк…

Кыргыз-өзбек чек ара кызматындагы өткөрүү түйүндөр кадимки тартипте иштеп жатат

Кыргыз-өзбек чек ара кызматындагы өткөрүү түйүндөр кадимки тартипте иштеп жатат. УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришкендей, жайкысын, тактап айтканда, 10-августтан тарта “Достук” пункту аркылуу өткөн жүргүнчүлөрдүн саны кескин көбөйгөн.   Бул Ош облусундагы базарлардын иштеши, студенттердин окуусуна кайтышы жана туристтик сезонго байланыштуу көрүнүш. Ведомстводон белгилешкендей, “Достук”… Кененирээк…

Президент администрациясынын жаңы имараты эртең, 30-августта ачылат

Президент администрациясынын жаңы имараты эртең, 30-августта ачылат.  “Ынтымак – Манас Ордо” аталышындагы имарат дээрлик 26 гектар аянтты ээлейт. Ал Чыңгыз Айтматов проспектисинде, мурдагы “Ысык-Көл” мейманканасынын ордунда жайгашат.   Ак үй эми ушул имаратта жайгаштырылса, Бишкек мэриясы азыркы өкмөт үйүнө көчүрүлөт деп айтылган.   Ушул жана… Кененирээк…