Жогорку Кеңештин сессиясы 2-сентябрда башталат

2-сентябрда Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын IV сессиясы өз ишин баштайт.   Парламенттин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмүнөн билдиришкендей, жыйындар сентябрдын биринчи жумушчу күнүнөн тартып келерки жылдын июнунун акыркы жумушчу күнүнө чейин өткөрүлөт.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.

Чүй облусундагы “Жунда” заводу кайра ишке берилди

Чүй облусунун Кара-Балта шаарындагы “Жунда” заводу кайра ишке берилди. Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, заводду модернизациялоо долбоорунун алкагында Садыр Жапаров курулушка капсула салды.   Маалыматка ылайык, “Жундада” 400гө жакын жаңы жумуш орундары түзүлөт.   Эске салсак, мындагы иш 2019-жылы токтоп калган. Мунун себеби пандемияга байланыштуу… Кененирээк…

БШК Нуржигит Кадырбековду депутаттык мандатынан ажыратты

Борбордук шайлоо комиссиясы 30-августтагы отурумунда Жогорку Кеңештеги “Ыйман Нуру” фракциясынын лидери Нуржигит Кадырбековду депутаттык мандатынан ажыратты.   Ал мандатынан баш тартуу боюнча арызын өзү Боршайкомго бүгүн берген.   Нуржигит Кадырбековдун бошогон мандаты “Ыйман Нуру” партиясынын тизмесиндеги Эрнис Айдаралиевге берилди.   Ушул жана башка жаңылыктар менен… Кененирээк…

Кыргызстанда бир катар товарларга милдеттүү акциздик маркалоо киргизилет

Кыргызстанда бир катар товарларга милдеттүү акциздик маркалоо киргизилет. Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, Министрлер кабинетинин токтому 1-сентябрдан тарта иштеп баштайт.   Өндүрүүчүлөр жана импорттоочулар акциздик марка менен маркалоого милдеттүү болгон товарлардын түрү төмөнкүдөй:   — ТЭИ ТН 2403 товардык позициясына киргизилген түтүктүү тамеки, тартуучу тамеки, жыттоочу,… Кененирээк…

Эгемендүүлүк күнү коомдук транспорт түнкү саат 2ге чейин иштейт

Бишкекте Эгемендүүлүк күнү коомдук транспорт түнкү саат 2ге чейин иштейт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.   Эске салсак, 31-августта Ала-Тоо аянтында Эгемендүүлүк күнүнө жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата иш-чаралар өткөрүлөт. Майрамдык саамалыктар түнкү саат экиге чейин уланат.   Ушул жана башка жаңылыктар менен… Кененирээк…

Бишкекте мыйзамсыз жүргөн 40тан ашуун чет элдик аныкталды

Бишкек шаарынын аймагында мыйзамсыз жүргөн 42 адам аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен билдиришти.   Атайын кызматтын маалыматына караганда, виза мөөнөтү өтүп кеткени аныкталгандар Бангладеш жана Пакистандын жарандары.   Тартип бузгандар тиешелүү административдик жоопкерчиликке тартуу жана депортациялоо үчүн Ички иштер министрлигине өткөрүлүп берилди.… Кененирээк…

Окумуштуулар көрүүсү начар адамдар үчүн акылдуу көз айнек ойлоп табышты

Британиялык окумуштуулар көрүүсү начар адамдар үчүн акылдуу көз айнек ойлоп табышты. Аппарат спорттук беттештерди, ошондой эле түз берүүлөрдү жакшы сапатта көрүүгө мүмкүндүк берет.   Анын уникалдуулугу көрүү мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар объектти жеке муктаждыктарына ылайык башкара алышында. Мисалы, сүрөттү кичирейтип же алыстата алышат. Мындан тышкары, объектилер… Кененирээк…

Бишкектеги «Аккула» ат майданынын ордуна кичи район курулат

Бишкектеги «Аккула” ат майданынын ордуна кичи район курулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.   Маалыматка ылайык, шаардык кеңеш аталган ат майдандын 55 гектардан ашык аянты менен эки ишканага түз сатуу боюнча токтом долбоорун жактырды. Ага ылайык, ипподромду Вьетнамдык компаниялар өздөштүрөт.   Анын алкагында бюджетке бир жолку… Кененирээк…

Бүгүн Кыргызстанда 100 объект ишке берилди

Бүгүн Кыргызстанда 100 объект ишке берилди. Президенттик адинистрациядан билдиришкендей, анын 40ы өндүрүш ишканалары болсо, 60ы социалдык обьектилер.   Алардын арасында мектептер, бала бакчалар, ооруканалар, турак жайлар, спорт имараттары жана маданият мекемелери бар. Мындан тышкары курулуш материалдарын чыгаруучу заводдор, кичи ГЭСтер, соода-логистикалык борборлор, текстиль буюмдарын чыгаруучу… Кененирээк…

Депутат Нуржигит Кадырбеков мандатын тапшыруу үчүн арыз жазды

Жогорку Кеңештеги «Ыйман-Нуру» фракциясынын лидери, депутат Нуржигит Кадырбеков мандатын тапшыруу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жазды. Бул маалыматты БШКнын басма сөз кызматы тастыктады.   Депутат Кадырбеков мандатын өз каалоосу менен тапшыруу боюнча арызды бүгүн, 30-августта жазган. Анын арызын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү бүгүн карай турганы… Кененирээк…