Кыргызстандыктар үчүн Пакистанга виза алуунун жол-жобосу жеңилдетилди

Кыргызстандыктар үчүн Пакистанга виза алуунун жол-жобосу жеңилдетилди. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, аталган өлкөдөгү жаңы визалык саясатка ылайык, биздин жарандар туристтик жана ишкердик визаларга расмий онлайн-виза системасы аркылуу тапшыра алышат.   Талапкерлер системадагы 30 милдеттүү талаасы бар кыскартылган анкетаны толтурат. Арыз берилгенден кийин автоматтык түрдө виза берүү… Кененирээк…

Ош облусунда 16 социалдык объект ачылды

Ош облусунда 16 социалдык объект ачылды.   Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев тарабынан объектилердин салтанаттуу ачылышы өттү.   Ведомстводон билдиришкендей, курулуш Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгынын алкагында жүргүзүлдү. 16 объектинин ичинен төртөө мектеп, экөө бала бакча жана 20… Кененирээк…

3-сентябрдан тартып тоок жумурткаларынын импортуна киргизилген убактылуу чектөөлөр алынат

3-сентябрдан тартып тоок жумурткаларынын импортуна киргизилген убактылуу чектөөлөр алынат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматы билдирди.   Ушул жылдын 5-июнунан тартып өкмөттүн токтому менен Кыргызстандын аймагына тоок жумурткаларын алып кирүүгө тыюу салынган. Бул чара ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоого жана өлкөнү азык-түлүк жумурткалары менен камсыз… Кененирээк…

Бишкектин бир бөлүгүндө 2 күнгө газ өчүрүлөт

Бишкектин бир бөлүгүндө 2 күнгө газ өчүрүлөт. “Бишкекгаз” ишканасынын маалыматына ылайык, 3-4-сентябрда көгүлтүр от Курманалиев, Зеленая, Кыргыз, Новая көчөлөрүн бириктирген бөлүктө жок болот.   Убактылуу чектөөлөр газ түтүктөрүндө оңдоо иштерине  байланыштуу.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.

Өзгөндө айланма жолдун курулушу кызуу жүрүүдө

Өзгөндө айланма жолдун курулушу кызуу жүрүүдө. Бишкек — Ош унаа жолунун Өзгөн шаары аркылуу өтүүчү тилкесинде жол тыгынын азайтуу максатында курулуп жаткан жолдун узундугу 14 чакырымды түзөт.   Жол эки тараптуу 4 катар болот. Анда Кара-Дарыянын үстүнөн өткөн 200 метрлик көпүрө жана Жазы дарыясынын үстүнөн… Кененирээк…

Улуу Британияда болочок күйөөсү көзгө чөп салганын билген бийкеч тойду жокко чыгарган жок

Улуу Британияда болочок күйөөсү көзгө чөп салганын билген бийкеч тойду жокко чыгарган жок. Жуп 12 жылдан бери мамиле куруп, бирок тойго бир жума калганда эркектин калпы билинип калган. Кыз мындай абалга чөкпөй, тойду жигити жок эле өткөрдү.   Ал пландалган жерге досторун, туугандарын чакырып, майрамдап,… Кененирээк…

Баткен облусунда Урмезан-3 көмүр кени ишке кирди

Баткен облусунда Урмезан-3 көмүр кени ишке кирди. Бул тууралуу “Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасынын басма-сөз кызматынан билдиришти. Долбоордун баасы 3 миллион долларды түздү.   Аймактын тургундарын жеткиликтүү баада кара отун менен камсыздоо максатында кенди мамлекеттик компания иштетет.   Учурда  26 адам жумуш менен камсыздалды. Кендин жалпы… Кененирээк…

Бишкектин эски аянтында эртең ата-мекендик продукциянын көргөзмө-жарманкеси өтөт

Бишкектин эски аянтында эртең ата-мекендик продукциянын көргөзмө-жарманкеси өтөт. Экономика министрлигинин маалыматына ылайык, иш-чаранын алкагында өнөр-жай, айыл чарба, текстиль, кол өнөрчүлүк, оор өндүрүш жана унаа куруу тармактарындагы товарлар тартууланат.   Көргөзмө жергиликтүү ишканалардын потенциалын баалоого мүмкүнчүлүк берет, — дешти министрликтен.   Ушул жана башка жаңылыктар менен… Кененирээк…

Кыргызстан – Өзбекстан футбол беттешинде  VAR системасы колдонулат

Кыргызстан – Өзбекстан футбол беттешинде  VAR системасы колдонулат. Эске салсак, оюн 10-сентябрда Дөлөн  Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт. Курамалар 2026-жылкы дүйнө чемпионатынын тандоо турунун үчүнчү раундунун алкагында кез келет.   Белгилеп кетсек, учурда реконструкциядан өтүп жаткан стадиондо аталган системаны колдонууга бардык шарттар түзүлүүдө.   Ушул жана… Кененирээк…

Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүндө коомдук коопсуздукту 15 миңден ашык милиция кызматкери камсыздайт

Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүндө коомдук коопсуздукту 15 миңден ашык милиция кызматкери камсыздайт. Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, анын 5 миңдейи Бишкектеги тартипти көзөмөлдөйт.   Майрамдык иш-чараларга байланыштуу ордо калаанын борбордук бөлүгүндө унаа кыймылына чектөөлөр киргизилет. Айтматов, Манас проспектилери менен Байтик баатыр көчөсүн бириктирген бөлүк тосулат.  … Кененирээк…