Бишкекте мыйзамсыз жүргөн 40тан ашуун чет элдик аныкталды

Бишкек шаарынын аймагында мыйзамсыз жүргөн 42 адам аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен билдиришти.   Атайын кызматтын маалыматына караганда, виза мөөнөтү өтүп кеткени аныкталгандар Бангладеш жана Пакистандын жарандары.   Тартип бузгандар тиешелүү административдик жоопкерчиликке тартуу жана депортациялоо үчүн Ички иштер министрлигине өткөрүлүп берилди.… Кененирээк…

Окумуштуулар көрүүсү начар адамдар үчүн акылдуу көз айнек ойлоп табышты

Британиялык окумуштуулар көрүүсү начар адамдар үчүн акылдуу көз айнек ойлоп табышты. Аппарат спорттук беттештерди, ошондой эле түз берүүлөрдү жакшы сапатта көрүүгө мүмкүндүк берет.   Анын уникалдуулугу көрүү мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар объектти жеке муктаждыктарына ылайык башкара алышында. Мисалы, сүрөттү кичирейтип же алыстата алышат. Мындан тышкары, объектилер… Кененирээк…

Бишкектеги «Аккула» ат майданынын ордуна кичи район курулат

Бишкектеги «Аккула” ат майданынын ордуна кичи район курулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.   Маалыматка ылайык, шаардык кеңеш аталган ат майдандын 55 гектардан ашык аянты менен эки ишканага түз сатуу боюнча токтом долбоорун жактырды. Ага ылайык, ипподромду Вьетнамдык компаниялар өздөштүрөт.   Анын алкагында бюджетке бир жолку… Кененирээк…

Бүгүн Кыргызстанда 100 объект ишке берилди

Бүгүн Кыргызстанда 100 объект ишке берилди. Президенттик адинистрациядан билдиришкендей, анын 40ы өндүрүш ишканалары болсо, 60ы социалдык обьектилер.   Алардын арасында мектептер, бала бакчалар, ооруканалар, турак жайлар, спорт имараттары жана маданият мекемелери бар. Мындан тышкары курулуш материалдарын чыгаруучу заводдор, кичи ГЭСтер, соода-логистикалык борборлор, текстиль буюмдарын чыгаруучу… Кененирээк…

Депутат Нуржигит Кадырбеков мандатын тапшыруу үчүн арыз жазды

Жогорку Кеңештеги «Ыйман-Нуру» фракциясынын лидери, депутат Нуржигит Кадырбеков мандатын тапшыруу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жазды. Бул маалыматты БШКнын басма сөз кызматы тастыктады.   Депутат Кадырбеков мандатын өз каалоосу менен тапшыруу боюнча арызды бүгүн, 30-августта жазган. Анын арызын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү бүгүн карай турганы… Кененирээк…

Кыргызстандыктар үчүн Пакистанга виза алуунун жол-жобосу жеңилдетилди

Кыргызстандыктар үчүн Пакистанга виза алуунун жол-жобосу жеңилдетилди. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, аталган өлкөдөгү жаңы визалык саясатка ылайык, биздин жарандар туристтик жана ишкердик визаларга расмий онлайн-виза системасы аркылуу тапшыра алышат.   Талапкерлер системадагы 30 милдеттүү талаасы бар кыскартылган анкетаны толтурат. Арыз берилгенден кийин автоматтык түрдө виза берүү… Кененирээк…

Ош облусунда 16 социалдык объект ачылды

Ош облусунда 16 социалдык объект ачылды.   Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев тарабынан объектилердин салтанаттуу ачылышы өттү.   Ведомстводон билдиришкендей, курулуш Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгынын алкагында жүргүзүлдү. 16 объектинин ичинен төртөө мектеп, экөө бала бакча жана 20… Кененирээк…

3-сентябрдан тартып тоок жумурткаларынын импортуна киргизилген убактылуу чектөөлөр алынат

3-сентябрдан тартып тоок жумурткаларынын импортуна киргизилген убактылуу чектөөлөр алынат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматы билдирди.   Ушул жылдын 5-июнунан тартып өкмөттүн токтому менен Кыргызстандын аймагына тоок жумурткаларын алып кирүүгө тыюу салынган. Бул чара ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоого жана өлкөнү азык-түлүк жумурткалары менен камсыз… Кененирээк…

Бишкектин бир бөлүгүндө 2 күнгө газ өчүрүлөт

Бишкектин бир бөлүгүндө 2 күнгө газ өчүрүлөт. “Бишкекгаз” ишканасынын маалыматына ылайык, 3-4-сентябрда көгүлтүр от Курманалиев, Зеленая, Кыргыз, Новая көчөлөрүн бириктирген бөлүктө жок болот.   Убактылуу чектөөлөр газ түтүктөрүндө оңдоо иштерине  байланыштуу.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.

Өзгөндө айланма жолдун курулушу кызуу жүрүүдө

Өзгөндө айланма жолдун курулушу кызуу жүрүүдө. Бишкек — Ош унаа жолунун Өзгөн шаары аркылуу өтүүчү тилкесинде жол тыгынын азайтуу максатында курулуп жаткан жолдун узундугу 14 чакырымды түзөт.   Жол эки тараптуу 4 катар болот. Анда Кара-Дарыянын үстүнөн өткөн 200 метрлик көпүрө жана Жазы дарыясынын үстүнөн… Кененирээк…