Бишкек жана Чүй облусун газдаштыруу уланууда

Бишкек жана Чүй облусун газдаштыруу уланууда. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, аталган аймактарды газдаштыруу боюнча иштерди жүргүзүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында 10 миллион сомдон ашык берилди.   Соңку маалыматка карата долбоордун алкагында каржылоону 73 субъект алды. Насыялоонун жалпы көлөмү 1 миллиард сомду… Кененирээк…

Жыл аягына чейин мүлктөрдү легалдаштыруу керек

Мамлекеттик салык кызматы жыл аягына чейин мүлктөрдү легалдаштыруу мүмкүнчүлүгүн эскертет. Декларацияда мүлкүн көрсөткөндөргө мүлктүн сакталышынын жана кылмыш-жаза куугунтугунан коргоонун кепилдиктери берилет. Мында легалдаштырылган мүлктөр үчүн социалдык камсыздандыруу төгүмдөрү, ошондой эле салык, бажы жана башка төлөмдөр талап кылынбайт.   Ведомство активдерди ыктыярдуу легалдаштыруу боюнча мыйзамдын максаты… Кененирээк…

Париж-2024: Бүгүн кыргызстандык дагы үч спортчу мелдешке чыгат

Парижде өтүп жаткан Олимп оюндарында бүгүн кыргызстандык дагы үч спортчу мелдешке чыгат. Амантур Исмаилов грек-рим күрөшү боюнча көңүл жубатуучу беттеш өткөрөт. Бекзат Алмаз уулу эркин күрөш боюнча мелдешке 57 килограммга чейинки салмак ченинде катышат.   Таймаштар Бишкек убактысы боюнча күндүзгү саат 3:30да башталат.   9-августка… Кененирээк…

Кыргызстанда жумушсуздук азаюуда

Кыргызстанда жумушсуздук азаюуда. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдиргендей, ишке орноштуруу кызматтарында катталган жумушсуздардын саны өткөн жылга салыштырмалуу 17 миң 620 адамга азайды.   Маалыматка ылайык, учурда республика боюнча 81 миңден ашык жумушсуз жаран министрликте каттоодо турат. Жыл башынан бери 6 миңден көп адам… Кененирээк…

Кыргызстан менен Греция диппаспорт ээлери үчүн виза режимин жокко чыгарды

Кыргызстан менен Греция диппаспорттордун ээлери үчүн виза режимин жокко чыгарды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.   Макулдашууга ылайык дипломаттык паспорт ээлери 180 күндүн ичинде 90 күндөн ашпаган мөөнөткө эки өлкөнүн аймактарына кирүүдө, андан чыгууда жана убактылуу жүрүү учурунда визалык талаптардан бошотулат.   Ушул жана… Кененирээк…

Жалал-Абад шаарында жаңы гүлбакча пайда болот

Жалал-Абад шаарынын Нагима Айтматова жана Түмөнбай Байзаков проспектисинин кесилишиндеги «Бакыт телеграф» соода жайы буздурулууда. Муниципалитеттен билдиришкендей, анын ордуна гүлбакча пайда болот.   Гүлбакчаны курууга каражат жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилет.   Эске салсак, буга чейин «Бакыт телеграф» соода жайынын айланасындагы соода күркөлөрү, тез татым жайлары да… Кененирээк…

Бишкекте №215 жана №243 автобус каттамдары иштеп баштады

Бишкекте №215 жана №243 автобус каттамдары иштеп баштады. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.   №215 автобус Ак-Ордо конушунан Беш-Күнгөй айылына чейин барат. Каттамга 25 автобус чыгып, алардын аралыгы 8 мүнөттү түзөт.   Ал эми №243 автобус Жеңиш конушунан Асанбай кичи районуна чейин каттайт. Анда 30 автобус… Кененирээк…

Париж-2024: Балбан Амантур Исмаилов көңүл жубатуучу беттешке чыгат

Париж Олипиадасында грек-рим күрөшүнөн 67 килограммга чейинки салмакта Амантур Исмаилов коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды. Анын чейрек финалда жеңилген украиналык атандашы Парвиз Насибов жарым финалда азербайжандык Хазрат Жафаровду жеңип, финалга чыкты.   Эрежеге ылайык Исмаилов эми көңүл жубатуучу беттешке чыгат. Андан утса, коло байге үчүн… Кененирээк…

Париж-2024: Акжол менен Үзүр коло медаль утту

Париж Олимпиадасында Акжол Махмудов менен Үзүр Жузупбеков коло медаль утту. Акжол Махмудов грек-рим күрөшүнөн 77 килограмм салмакта 3-орун үчүн беттеште азербайжандык Санан Сулеймановду 6:5 эсебинде жеңди. Үзүр Жузупбеков болсо 97 килограмм салмакта египеттик Мохамед Габрды 2:1 эсебинде артка калтырды.   Учурда Кыргызстандын капчыгында Париж олимпиадасынын… Кененирээк…

Кореяда расмий түрдө иштеп, эмгек акыларынан төгүмдөрдү жүргүзгөн кыргыз жарандары бир жолку төлөмдөрдү алууда

Кореяда расмий түрдө иштеп, эмгек акыларынан төгүмдөрдү жүргүзгөн кыргыз жарандары бир жолку төлөмдөрдү алууда. Социалдык фонддон билдиришкендей, жарандарга каражат Кыргызстанга келгенден кийин берилет.   Бир жолку төлөмдүн орточо өлчөмү 4 миң 200  долларды түзөт. Жалпысынан бүгүнкү күндө Кореяда иштеп келип пенсиялык топтоолордун бир жолку төлөмдөрүн… Кененирээк…