Үзүр Жузупбеков атаандашын көтөрүп уруп, чейрек финалга чыкты
Үзүр Жузупбеков Париждеги Олимпиадада жолун жеңиш менен баштап, чейрек финалга чыкты. Ал грек-рим күрөшүндө 97 килограммга чейинки салмакта литвалык Миндаугас Венскаитисти көтөрүп уруп, 5:1 эсебинде жеңди. Жузупбековдун кийинки атаандашы ирандык Мохаммадхади Сарави болот.