Париж-2024: Бүгүн Кыргызстандын эки спортчусу мелдешке чыгат

Париждеги Олимп оюндарында бүгүн Кыргызстандын эки спортчусу мелдешке чыгат. Суучул Елизавета Печерских аялдар арасында 50 метр аралыкты эркин сүзүү боюнча жарышат. Мелдеш саат 11:00дө башталат.   Ал эми боксчу Мунарбек Сейитбек уулу чейрек финалда күч сынашат. Ал АКШнын спортчусу Жамал Харви менен кез келет. Беттеш… Кененирээк…

GoBus кичи автобустары Бишкектен Нарынга каттай баштайт

GoBus кичи автобустары Бишкектен Нарынга каттай баштайт. Бул тууралуу Туризмди колдоо жана өнүктүрүү фондунан билдиришти.   Маалыматка ылайык, каттам 8-августтан тарта ишке кирет. Билет баасы 500 сом.   Учурда GoBus мобилдик тиркемеси аркылуу Ысык-Көлгө, ошондой эле Ала-Арча жаратылыш паркына же “Манас” аэропортуна билет сатып алса… Кененирээк…

Кара-Сууда 60 орундуу бала бакчанын курулушу аяктоодо

Ош облусунун Кара-Суу районундагы 60 орундуу бала бакчанын курулушу аяктап калды. Жергиликтүү бийликтен билдиришкендей, объект 85 пайызга бүткөрүлдү.   Учурда айланасын жашылдандыруу иштери жүрүүдө.   Курулушу 2021-жылы башталган бала бакча республикалык казынадан каржыланууда.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.

Президенттин Таластагы өкүлү болуп Эрмат Жумаев дайындалды

Президенттин Таластагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Эрмат Жумаев дайындалды. Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койду.   Жумаев Талас шаарынын мэри болуп иштеп жаткан. Ал ошондой эле Каракол шаардык кеңешинин депутаты, Каракол шаардык «Зеленстрой» ишканасынын жетекчиси, Караколдун мэри болуп иштеген.   Ал эми буга чейинки президенттин… Кененирээк…

Кыргызстанда электр энергиясын колдонуу рекорддук чекке жетти

Кыргызстанда электр энергиясын колдонуу рекорддук чекке жетти. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.   Анын айтымында, учурда бир сутка ичинде электр энергиясын колдонуу көлөмү саатына 40 миллион киловаттка жетип жатат. Мындан улам, керектөөчүлөргө электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу сунушталат.   Ушул жана башка жаңылыктар менен… Кененирээк…

Кыргызстанда кышында электр энергиясын өчүрүүлөр болбойт

Кыргызстанда кышында электр энергиясын өчүрүүлөр болбойт. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.   Анын айтымында, электр кубатын пайдалануу чегинен ашпаган учурларды эске албаганда, кышкысын өлкө боюнча электр энергиясын пайдаланууда чектөөлөр колдонулбайт.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.  

Түркияда Instagram жабылды

Бүгүнтөн тарта Түркияда Инстаграмга кирүү чектелди. Бул тууралуу аталган мамлекеттин Маалыматтык технологиялар жана байланыш башкармалыгынын сайтында кабарланды.   Мекеме бул чечим канчага созулары же тыюунун себеби тууралуу эч кандай маалымат берген жок.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.

Өлкөнү газдаштыруунун деңгээли 40%га жетти

Жыл башынан бери өлкөнү газдаштыруунун деңгээли 40%га жетти.   Энергетика министри Таалайбек Ибраев билдиргендей, учурда Бишкек шаарынын Ак-Босого конушунда, Чүй облусунун Новопокровка айылында курулуш-монтаждоо иштери жүрүүдө.   Ошондой эле ордо калаанын Эне-Сай, 69-Га, Селекция конуштарында долбоорлоо-изилдөө иштери аткарылып жатат.   Ушул жана башка жаңылыктар менен… Кененирээк…

Кыргызстанда 6 айда 9 млрд 80 млн кВт/саат электр энергиясы керектелди

Кыргызстанда 6 айдын ичинде 9 млрд 80 млн кВт/саат электр энергиясы керектелди. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.   Анын айтымында, керектелген электр энергиясынын 6 млрд кВт/сааттан ашыгы ГЭСтерден, ал эми 870 млн кВт/сааты Бишкек ЖЭБинен өндүрүлдү.   “2 млрд 200 млн кВт/сааты импорттолду.… Кененирээк…

Кыргызстанда пенсиянын орточо өлчөмү айтылды

Социалдык фонд ушул жылдын 1-июлуна карата Кыргызстандагы пенсиянын орточо өлчөмүн атады. Мекеме башчысы Бактияр Алиевдин айтымында, төлөмдөрдүн орточо суммасы 9 миң 63 сомду түзөт. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 1 миң 364 сомго көп.   Алиев кошумчалагандай, өлкөдө жалпысынан 780 миңден ашуун пенсионер бар.   Ушул… Кененирээк…