Суусамырдагы тамактануучу жайлар ирээтке келтирилет

Суусамырда Бишкек — Ош унаа жолунун боюндагы тамактануучу жайлар ирээтке келтирилет. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.   Жол жээгинде жайгашкан объектилер боюнча эскиздик долбоор Панфилов жана Жайыл райондорунун Шаар куруу жана архитектура башкармалыктары тарабынан иштелип чыгып, жергиликтүү башкаруу органдарына… Кененирээк…

Караколдо тоо лыжа базасына баруучу жол оңдолууда

Караколдо тоо лыжа базасына баруучу жол оңдолууда.   Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына караганда, каттамдын жалпы узундугу 7 чакырымды түзөт. Бүгүнкү күндө 3,5 чакырымга асфальт төшөлдү.   Министрдин милдетин аткаруучу Абсаттар Сыргабаев жол кызматкерлерине лыжа тебүү сезону башталганга чейин ишти бүтүрүүнү тапшырды.   Ушул жана… Кененирээк…

Мароккодо дүйнөдөгү эң чоң футбол аренасы курулат

Мароккодо дүйнөдөгү эң чоң футбол аренасы курулат. 115 миң орунга ылайыкталган стадион падыша Хасан IIнин ысымын алат.   Объекттин курулушу 2030-жылы өтүүчү дүйнөлүк чемпионатка бүткөрүлөт.   Эске салсак, 2030-жылы футбол боюнча дүйнө чемпионаты биринчи жолу үч континентте — Европа, Африка жана Түштүк Америкада өтөт.  … Кененирээк…

Салык органдары күчөтүлгөн режимде иштешет

Салык органдары күчөтүлгөн режимге өтүүдө. Тактап айтканда, салык кызматкерлери 29-30-августта түнкү саат 9га, 31-августта кечки 6га чейин иштешет.   Мамлекеттик салык кызматы 1-сентябрда транспорт каражаттарына, турак жайларга, батирлерге, ошондой эле үй, чарбалык жана огород жерлерине салык төлөө мөөнөтү аяктай турганын эскертет.   Ушул жана башка жаңылыктар менен… Кененирээк…

ӨКМ: Бишкек менен Чүйдө катуу шамал болот

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты. Маалыматка ылайык, бүгүн күндүн экинчи жарымында жана кечинде Бишкек менен Чүйдө күн күркүрөп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал катталышы күтүлөт.   Жарандарга электр чубалгыларынан, бак-дарактардан, жарнама калкандарынан алыс,… Кененирээк…

Бишкекте Осмонкул көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылына жабылды

Бишкекте Осмонкул көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылына жабылды. Мэриядан билдиришкендей, анын Никитин көчөсүнөн Салиева көчөсүнө чейинки тилкесинде жылуулук тармактарын оңдоо иштери жүргүзүлөт.   Жумуштар күзгү-кышкы сезонго даярдык көрүүнүн алкагында жасалат. Ремонт 13-сентябрга чейин уланат. Айдоочуларга тыгындарды жаратпоо үчүн башка каттамдарды түзүп алуу сунушталат.   Ушул… Кененирээк…

Ош облусунда эки мектеп жана бир бала бакчанын курулушу аяктады

Ош облусунда эки мектеп жана бир бала бакчанын курулушу аяктады. Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, Абдиев атындагы мектеп 150 окуучуга чакталып, Ноокат районунун Караке айылында жайгашат.   Ал эми Ачы айылындагы мектеп 225 окуучуну кабыл алат. Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылындагы… Кененирээк…

Бишкекте Сүйүмбаев көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоо иштерине жабылды

Бишкекте Сүйүмбаев көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоо иштерине жабылды. Мэриядан билдиришкендей, анын Москва көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки тилкесинде капиталдык оңдоо жумуштары жүргүзүлөт.   Жол кеңейтилип, асфальттын жаңы катмары төшөлөт.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.

Токтогул сактагычына топтолгон суунун көлөмү 12 миллиард 520 миллион метр кубга жетти

Токтогул сактагычына топтолгон суунун көлөмү 12 миллиард 520 миллион метр кубга жетти.  “Электр станциялары” мамлекеттик ишканасынын маалыматына караганда, ушул тапта суу сактагычка агып кирген суунун көлөмү секундасына  586 метр куб болсо, андан секундуна 269 метр куб суу агып чыгууда.   Энергетика министрлиги быйыл жайкысын да… Кененирээк…

Бир мандаттуу №13 Сузак округунда мөөнөтүнөн мурда өтчү шайлоого  9 талапкер катталды

Бир мандаттуу №13 Сузак округунда мөөнөтүнөн мурда өтчү шайлоого  9 талапкер катталды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы кабарлап, документ кабыл алуу токтотулганын белгиледи.   7 эркек жана 2 аял талапкерлигин жылдырып, каттоодон өттү. Шайлоо 22-сентябрда өтөт.   Эске салсак, аталган округдан Жогорку Кеңешке шайланып келген депутат… Кененирээк…