Баткенде жаңы көмүр кени иштетилип баштайт

Баткенде жаңы көмүр кени иштетилип баштайт.  “Дөгмөн” кени Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Ормузан аймагында жайгашат. Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, кен расмий түрдө 30-августта ачылат.   Аны иштетүүгө жеке ишкер тарабынан 1,5 миллион доллар инвестиция салынган. Ишкана жылына 600 миң тонна көмүр өндүрөт деп күтүлүүдө.… Кененирээк…

Евро-2024 турнирин уюштурган Германиянын тапкан кирешеси белгилүү болду

Евро-2024 турнирин уюштурган Германиянын тапкан кирешеси белгилүү болду. Өлкө 7 миллиард евродон ашык тапты. Сумманын 90 пайызы билеттерди сатуудан, көрүүчүлөрдү жайгаштыруу, ташуу жана алардын тамак-ашынан түшкөн.   Андан тышкары, 500 миллион евро – жарнама кирешеси болсо, 95 миллион евро спорт товарларын сатуудан түштү. Жалпысынан Европа… Кененирээк…

Бишкекте жаңы сквер пайда болот

Бишкекте жаңы сквер пайда болот. Мэрия маалыматына ылайык, ал Медеров жана 7-апрель көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашат. Учурда “Бишкек жашыл чарба” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жашылдандыруу иштерин жүргүзүп жатат.   Андан тышкары, бактардын бир нече түрү отургузулду. Эс алуу аймагында тротуар курулуп, отургучтар, таштанды челектери жана жарыктандыруу системасы… Кененирээк…

Салмагы 12 тоннадан ашкан жүк ташуучу унаалардын Бишкек – Ош жолундагы туннелден өтүү акысы 300дөн 500 сомго кымбаттайт

Салмагы 12 тоннадан ашкан жүк ташуучу унаалардын Бишкек – Ош жолундагы туннелден өтүү акысы 300дөн 500 сомго кымбаттайт. Ал эми чет элдик унааларга төлөм тескерисинче, 10 эсе төмөндөйт – 5 миң сомдон 500 сомго.   Тарифтерди өзгөртүүнү Унаа жана жолдор министрлиги ЕАЭБдин талаптарына ылайык демилгелеп,… Кененирээк…

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылы Өзбекстанда өтөт

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылы Өзбекстанда өтөт. Бул тууралуу 2024-жылдын сентябрь айында Астанада өтө турган оюндарга улуттук курама команданы даярдоо боюнча жыйында белгилүү болду.   Буга чейин VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда өтө турганы айтылган. Эске салсак, оюндар үч ирет Кыргызстанда, төртүнчүсү Түркияда өткөн. Эми бешинчиси сентябрь… Кененирээк…

Олимпиада оюндарында жеңишке жеткен спортчулар өмүр бою мамлекеттен стипендия алышат

Олимпиада оюндарында жеңишке жеткен спортчулар өмүр бою мамлекеттен стипендия алышат.   Кыргызстандын алдыңкы спортчуларынын стипендиясы жобосуна ылайык, күмүш медалдарды багындырган  менен Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов, Мээрим Жуманазарова жана Мунарбек Сейитбек уулу ай сайын  25 миң сомдон алышат.   Ал эми Жоламан Шаршенбеков менен Үзүр Жусупбековго… Кененирээк…

Бишкектеги Ала-Тоо аянтынын аймагы көрктөндүрүлүүдө

Жакында борбор калаадагы Ала-Тоо борбордук аянтын реконструкциялоо аяктайт.   Мэриядан билдиришкендей, анда флагшток жана фонтандар менен кошо жашыл аянт дагы жаңыланат.   Алсак, «Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасынын адистери авариялык жана куураган көчөттөрдү алып, буташты. Анын ордуна Орозбеков көчөсүнүн Пушкин көчөсүнөн Чүй проспектисине чейинки аралыгына… Кененирээк…

Министрлик ЖМК, соцтармактагы жалган маалымат үчүн айып салууну сунуштады

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жалпыга маалымдоо каражаттарында, сайтта, сайттын социалдык тармактардагы баракчасында жалган маалымат тараткан жеке жактарга 100 миӊ сом, юридикалык жактарга 200 миӊ сом айып пул салуу сунушун берди. “Укук бузуулар жөнүндө” кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу министрлик иштеп чыккан мыйзам долбоору 27-августта… Кененирээк…

Бишкекте Чүй проспектисинин бир бөлүгү унаа кыймылына ачылды

Бишкекте Чүй проспектисинин бир бөлүгү унаа кыймылына ачылды. Мэрия маалыматына ылайык, капиталдык ремонт иштери анын Ибраимов – Айтматов жана Абдрахманов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки тилкелеринде жүргүзүлдү.   Муниципалитеттен белгилешкендей, Чүй проспектисинин аталган бөлүгүндө иштер белгиленген мөөнөттөн бир айга эрте жыйынтыкталды.   Ушул жана башка жаңылыктар… Кененирээк…

Оштогу жаңы муниципалдык базарды куруу иштери эки нөөмөттө жүрүүдө

Оштогу жаңы муниципалдык базарды куруу иштери эки нөөмөттө жүрүүдө. Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, учурда базардын жалпы конструкциялык каркастарын ширетүү жана орнотуу, коммуналдык тутумдарын кошуу, кире беришиндеги фасадды куруу боюнча ар тараптуу иштер аткарылууда.   Ошондой эле төрт тараптан базарга кирүүчү жаңы кошумча жолдорду ачуу иштери… Кененирээк…