Өзбекстанда узун сакал койгондорго айып пул салынууда

Өзбекстанда сакал койгон эркектерге айып пул салынып жатат. Бийлик өкүлдөрүнүн айтымында сакал адамдын тек-жайын аныктоого кыйынчылык жаратууда. «Подробно.уз» басылмасы жазгандай, мындай эркектер аялдарга бетин жапкан кийим кийүүгө тыюу салган берене боюнча жазага тартылып жатышат. Журналисттер соттун базасында бул берене колдонулган 800дөй иш бардыгын аныкташкан. Алардын көбү… Кененирээк…

Туура-Суу – Темир – Канат тилкесинде жолду калыбына келтирүү иштери жүрүүдө

Ысык-Көл облусундагы Бөкөнбаев – Көл-Төр – Дөң-Талаа унаа жолунун Туура-Суу – Темир – Канат тилкесинде жолду калыбына келтирүү иштери жүрүүдө.   Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, 21-августта Тоң районундагы Зындан көлү жарылып, айылды каптоо коркунучу жаралгандыктан Туура-Суу – Темир – Канат жолун жаап, суунун… Кененирээк…

Бишкекте Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионду реконструкциялоо иштери дээрлик аяктап калды

Бишкекте Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионду реконструкциялоо иштери дээрлик аяктап калды. Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, учурга карата жумуштар  95 пайызга жыйынтыкталды.   Стадиондо гибриддик футбол аянтчасы жана отургучтар алмаштырылып, 9 чуркоо жолдору пайда болот.   Ошондой эле мекеменин башкы имаратынын… Кененирээк…

Өлкө аймагында сел жүрүү коркунучу жогору

Өлкө аймагында сел жүрүү коркунучу жогору.   Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, 28-29-августта нөшөрлүү жаандан улам тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.   Жарандарга тоодо, капчыгайларда, суу жээктеринде эс алуудан баш тартуу сунушталат. Эгер кандайдыр бир өзгөчө кырдаал жаралса 112 номерине күнү-түнү кайрылса болот.   Ушул… Кененирээк…

Бишкекте 10-сентябрда Кыргызстан – Өзбекстан футбол беттеши өтөт

Бишкекте 10-сентябрда Кыргызстан – Өзбекстан футбол беттеши өтөт. Оюн Дөлөн Өмүрзаков атындагы жаңыланган стадиондо болот.   Серепчилер жолугушуу тарыхый болот деп ишенүүдө, анткени, биздин курама 2026-жылкы дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагында биринчи үйдөгү беттешин өткөрөт.   Оюн кечки саат 10до старт алат.   Ушул жана… Кененирээк…

Бишкекте №3 насос станциясынын курулушу башталды

Бишкекте №3 насос станциясынын курулушу башталды. Мэриядан билдиришкендей, объект Чүй проспектисинин Осмонкул көчөсү менен кесилишинде жайгашат. Станция 8 насостон турат.   Ал ишке киргенде ордо калаанын борбордук жана батыш тарабындагы 30 миң жашоочуга жылуулук берүү системасы жакшырат. Курулуш иштери кийинки жылдын август айында жыйынтыкталат деп… Кененирээк…

Транспорт, турак-жай жана үй алдындагы участокторго салык төлөө үчүн саналуу гана күндөр калды

Транспорт, турак-жай жана үй алдындагы участокторго салык төлөө үчүн саналуу гана күндөр калды. Мамлекеттик салык кызматынан эске салышкандай, жарандардын ыңгайы үчүн салык органдары 29-30-августта кечки саат 9га чейин иштейт, ал эми 31-августта кечки 6га чейин.   Адистер мүлккө салык төгүүгүн жол-жобосун түшүндүрүп берет. Жарандарга салык… Кененирээк…

Кыргызстан мектептеринде окуу китептеринин басымдуусунун ижара акысы өзгөрүүсүз калды – 25 сомдон

Кыргызстан мектептеринде окуу китептеринин басымдуусунун ижара акысы өзгөрүүсүз калды – 25 сомдон. Бул тууралуу Билим берүү министрлиги алдындагы “Окуу китеби” басма үйүнүн директору Ильяс Сарыбаев билдирди.   Анын айтымында, бир гана “Алиппе” менен “Орус тили” жаңы китептеринин баасы өзгөрөт. Аз камсыздалган үй-бүлөлөрдүн балдары ижара акыдан… Кененирээк…

Азат Козубеков Улуттук банктын төрагасынын орун басары болду

Азат Козубеков Улуттук банктын төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгонун 27-августта мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.   37 жаштагы Азат Козубеков буга чейин Улуттук банктын Экономикалык башкармалыгынын башчысы болуп иштеген.   Садыр Жапаров өткөн аптада Улуттук банктын төрагасы… Кененирээк…

Орто-Токой ГЭСин курууга даярдык иштери кызуу жүрүүдө

Орто-Токой ГЭСин кура турган жумушчулар үчүн атайын шаарча курулуп, 45 киши жеринде жашап жана иштеп жатат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.   Ошондой эле жумушчу топ ГЭСти курууга даярдык иштеринин алкагында суу, электр энергиясы менен камсыз болуп, жол салынууда. Эми сентябрь айында туннель казуу үчүн… Кененирээк…