Улуттук банкка жаңы орун басар дайындалды

Азат Козубеков Улуттук банктын төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду.   37 жаштагы Азат Козубеков буга чейин Улуттук банктын Экономикалык башкармалыгынын башчысы болуп иштеген.   Эске салсак, Садыр Жапаров өткөн аптада Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаевге сөгүш жарыялап, анын… Кененирээк…

Ош шаарында жаңы автобус каттамга чыкты

Бүгүнтөн тарта Ош шаарында жаңы №49 муниципалдык автобус каттамга чыкты. Түштүк калаа мэриясынан такташкандай, ал №149 кичи автобус каттамын алмаштырат жана кыймыл схемасы өзгөрбөйт.   Маршрут Мады айылынын аймактык борборунан Түштүк-Чыгыш кичи районуна чейин жүрөт. Жаңы автобустук каттам 19 коомдук транспорттун аялдамасын камтыйт.   Ушул… Кененирээк…

Билим күнүндө коопсуздукту 4 миңден ашык милиция камсыздайт

Билим күнүнө арналган майрамдык иш-чараларда ички иштер органдарынын 4 миңден ашык кызматкери коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздайт. Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, сейил бактардын аймактарында, соода борборлорунда, оюн-зоок комплекстеринде жөө жана көчмө кайгуулдар тартылат.   Ошондой эле министрлик мектептердин жанында жол коопсуздугун камсыздоого өзгөчө көңүл буруларын… Кененирээк…

Кыргызстанда инфляция июль айында 4,1%га төмөндөдү

Кыргызстанда инфляция июль айында 4,1%га төмөндөдү. Бул тууралуу Евразия өнүктүрүү банкынын макроэкономикалык баяндамасында айтылат.   Маалыматка ылайык, андан мурунку айда көрсөткүч 4,5% болчу. Мындай динамикага азык-түлүк сегментиндеги баанын басаңдашы өбөлгө болгону белгиленди.   Ошол эле учурда өсүмдүк майы, эт жана кантка дүйнөлүк баалар бир нече… Кененирээк…

Улуттук банк эсептик ченди 9 пайыз менен калтырды

Улуттук банк эсептик ченди 9 пайыз менен өзгөртүүсүз калтырды. Бул тууралуу мекеменин өкүлү Аида Карабаева билдирди.   Анын айтымында, мындай чечим бүгүнтөн тартып күчүнө кирет.   Эсептик чендин өзгөрүүсүз калганы инфляция фактору, өлкөдөгү экономиканын өнүгүү тенденциясы, тышкы экономикалык чөйрөдөгү шарттар менен түшүндүрүлдү.   Ушул жана… Кененирээк…

Бишкек ЖЭБге көмүр ташылып келе баштады

Күз-кыш мезгилине даярдык көрүү максатында Бишкек Жылуулук электр борборуна көмүр ташылып келе баштады. Мэриядан билдиришкендей, бүгүнкү күндө 180 миң тоннаны түзгөн жогорку калориялуу көмүр келүүдө.   Жалпысынан күз-кыш мезгили үчүн 1 млн тонна көмүр алуу пландалууда.   Белгиленгендей, жеткирүүлөр келерки жылдын март айына чейин жүргүзүлөт.… Кененирээк…

Бишкекте айрым коомдук транспорттун кыймылына өзгөртүүлөр киргизилди

Бишкекте айрым коомдук транспорттун кыймылына өзгөртүүлөр киргизилди. Мэриядан билдиришкендей, бүгүнтөн тарта №8 троллейбустук каттам кыймылын жарым-жартылай өзгөртүү менен ишин жандантты. Аталган троллейбус Ак-Өргө конушунан Мамлекеттик циркке чейин каттайт.   Ошондой эле №4 автобустук каттамдын акыркы аялдамасы Келечек жаңы конушуна чейин узартылды. Ал эми оңдоо иштерине… Кененирээк…

Бишкекке 500 кичи автобус алып келинет

Бишкекке 500 кичи автобус алып келинет. Шаардык Транспорт департаментинен билдиришкендей, маршруткалар жаңы конуштардагы каттамдарга коюлат. Учурда аларды сатып алуу үчүн донор изделүүдө.   Белгиленгендей, айрым жаңы конуштардагы жолдор автобустардын жүрүүсүнө ыңгайлашкан эмес, мындан улам ал жактарга автобустар каттай албайт.   Кошумчаласак, азыркы тапта ордо калаада… Кененирээк…

Кыргызстанда автогаз боюнча абал сентябрдын ортосунда калыбына келет

Кыргызстанда автогаз боюнча абал сентябрдын ортосунда калыбына келет. Бул тууралуу Монополдукка каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда жеткирүүчүлөр менен жаңы келишимдер түзүлдү.   Белгилеп кетсек, Кыргызстандагы айрым  жерлерде автогаз дагы эле тартыш болууда. Ал эми жыл башынан бери унаа газынын баасы 20 пайызга… Кененирээк…

31-августта 15 миңден ашык милиционер коопсуздукту камсыздайт

Кыргызстанда Эгемендүүлүк күнүндө коомдук коопсуздукту камсыздоого 15 миңден ашык милиционер тартылат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, 28-августка чейин республика боюнча «Укук тартип» аталышындагы комплекстүү алдын алуу ыкчам иш-чарасы уюштурулат.   Ал эми Бишкек шаарында өтө турган майрамдык иш-чараларда ИИМдин 5 миңден… Кененирээк…