Кыргызстанда биринчи жолу кармаш-уруш боюнча Азия чемпионаты өтөт

Кыргызстанда биринчи жолу кармаш-уруш боюнча Азия чемпионаты өтөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Кыргызстандын спорттук кармаш-уруш боюнча улуттук федерациясынын президенти Рамис Кыдыралиев билдирди.   Анын айтымында,спорттук иш-чара борбор калаадагы спорттук комплекстердин биринде 12-16-сентябрь күндөрү өтүп, 17 өлкөдөн 300дөн ашуун спортчунун катышуусу күтүлүүдө.  … Кененирээк…

“Кызыл-Кыя” өткөрмө бекетинде электрондук кезек киргизилет

1-ноябрдан тарта Өзбекстан менен чектеш “Кызыл-Кыя” өткөрмө бекетинде жүк ташуучу унааларга электрондук кезек киргизилет. Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматына караганда, долбоор пилоттук режимде 15-декабрга чейин иштейт.   Демилге чек арадагы сооданы жеңилдетүүгө жана логистикалык процесстерди оптималдаштырууга багытталган. Система соода операцияларын жөнөкөйлөштүрүп жана чек ара постторунун… Кененирээк…

Чүйдө энергообъекттерди оңдоп-түзөө иштеринин 70 пайызы аяктады

Күз-кыш мезгилин утурлай Чүй облусундагы энергообъекттерде оңдоп-түзөө иштеринин 70 пайызы аяктады. Чүй электр тармактар ишканасынан билдиришкендей, облус боюнча 23 көмөк чордон, 520 даана трансформатордук көмөк чордон, 505 чакырым аба чубалгысы капиталдык оңдоодон өттү.   Мындан тышкары, 96 көмөк чордон, 3 миң 64 даана трансформатордук көмөк… Кененирээк…

“Бедел” өткөрүү түйүнү бүгүн ачылат

Кыргыз-кытай чек арасында “Бедел” өткөрүү түйүнү бүгүн ачылат. Министрлер кабинетинен билдиришкендей, анда жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте убактылуу шарттар түзүлөт.   Эл аралык стандарттарга ылайык инфраструктураны түзүү жакынкы жылдарда толук кандуу ишке ашырылат.   Өкмөттөн белгилешкендей, “Бедел” түйүнүнүн ишке кириши менен Кытай жана Борбор Азия мамлекеттери ортосунда эки… Кененирээк…

Таласта мөмө-жемиштер үчүн 4,5 млн сомго тоңдургуч алынды

Таластын Манас районуна караштуу Үч-Коргон айыл өкмөтүнө 4,5 миллион сомго мөмө-жемишти тоңдура турган жабдык жана 20 тонналык эки муздаткыч берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, жабдыктын жардамы менен айыл чарба продукциясын керектүү температурада тоңдуруп,… Кененирээк…

Президенттин администрациясынын мурдагы имараты эки министрликке берилди

Президенттин администрациясынын мурдагы имараты Тышкы иштер министрлиги менен Экономика жана коммерция министрлигине берилди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.   Буга чейин өкмөт үйүнүн эски имараты Бишкек шаарынын мэриясына өтө турганы айтылып жаткан. Ал эми президенттин администрациясы “Ынтымак Ордого” көчтү.   Ушул жана… Кененирээк…

Ош облусунун аймагында жер титиреди

Бүгүн таңга жуук саат 04:49да Ош облусунун аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Сейсмология институтунан билдиришкендей, жер титирөөнүн очогу Кара-Киндик айылынан түштүк-батышка карай 6 чакырым, Сары-Таш айылынан түштүк-чыгышка карай 19 чакырым аралыкта болгон.   Жер титирөө калктуу пунктарда — Кара-Киндик айылында 3 баллга… Кененирээк…

Бишкектин бир бөлүгүндө эки күнгө газ өчүрүлдү

Бишкектин бир бөлүгүндө эки күнгө газ өчүрүлдү. “Бишкекгаз” ишканасынын маалыматына ылайык, бүгүн жана эртең көгүлтүр от Курманалиев, Зеленая, Кыргызская, Новая көчөлөрү жана Колхозный тилкеси менен чектелген аймактарда жок болот.   Убактылуу чектөөлөр газ түтүктөрүндө оңдоо иштерине  байланыштуу.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg… Кененирээк…

Салык төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча рейддер башталат

Бул жумада автоунаалар, турак жайлар, батирлер жана жеке участокторго салык төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча рейддер башталат. Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашкандай, текшерүүлөр Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы менен биргеликте жүргүзүлөт.   Салык төлөөдөн кечиккендерге ар бир кечиктирилген күн үчүн туум жана айып пул салынат. Жеке жактарга административдик… Кененирээк…

Кыргызстанда дин тутуу жөнүндө мыйзамды өзгөртүү сунушталды

Кыргызстанда бетти жапкан кийимдерди кийүүгө тыюу салуу сунушталды. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия тиешелүү мыйзам долбоорун коомдук талкууга койду. Тыюуну бузгандыгы үчүн 20 миң сом айып салуу каралууда.   Ошондой эле, диний уюмдардын же алардын өкүлдөрүнүн мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана… Кененирээк…