Бишкектен Ошко 100 троллейбус жеткирилет

Бишкектен Ошко 100 троллейбус жеткирилет. “Кыргызиндустрия” ишканасынан билдиришкендей, 100 троллейбус, трасформаторлор, электр чубалгылары жана мамычаларды жеткирүү башталды.   Жалпысынан 152 рейс жүргүзүлөт. Эске салсак, Бишкекте троллейбустар толугу менен алынып, алардын ордуна мобилдүү электробустарды кое берүү пландалып жатат.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg… Кененирээк…

Чүй облусунун Аламүдүн районунда кыска мөөнөттүү 5 бала бакча ачылды

Чүй облусунун Аламүдүн районунда кыска мөөнөттүү 5 бала бакча ачылды. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти. Бакчалар 2-сентябрдан тарта иштеп баштады.   Кыргызстанда кыска мөөнөттүү 500 бала бакча жана 60 өнүктүрүү борборун ачуу пландалууда. Алар аркылуу 3-5 жаштагы 40 миңдей бала мектепке чейинки билим менен… Кененирээк…

Бишкекте №5 троллейбустук каттамдын ордуна ушул эле номер менен жаңы автобус каттай баштады

Бишкекте №5 троллейбустук каттамдын ордуна ушул эле номер менен жаңы автобус каттай баштады. Муниципалитеттен билдиришкендей, №5 автобустук каттам Жал кичи районунан Тунгуч кичи районуна чейин жүрөт.   Мэриядан белгилешкендей, жолду оңдоо иштерине байланыштуу автобус убактылуу Медеров көчөсү аркылуу өтөт.   Ушул жана башка жаңылыктар менен… Кененирээк…

Кыргызстанда кумар оюндары боюнча жаңы талаптар киргизилди

Кыргызстанда кумар оюндары боюнча жаңы талаптар киргизилди. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Документте эми оюн автоматтарынын залдары казинодо жайгашуусу керектиги жазылат.   Аянты 200 чарчы метрден кем болбошу кажет. Букмекердик конторалар жана тотализаторлор лицензия алууга милдеттендирилип, казинолордо гана иштей алат. Оюн… Кененирээк…

Футбол боюнча Уругвайдын курамасынын башкы форварды Луис Суарес карьерасын жыйынтыктады

Футбол боюнча Уругвайдын курамасынын башкы форварды Луис Суарес карьерасын жыйынтыктады. Эми ал улуттук команда үчүн ойнобойт. Бул тууралуу Суарес өзү пресс-конференцияда жарыялады.   7-сентябрда өтө турган Парагвай курамасы менен беттеш ал үчүн акыркы болот. Бирок клубдук карьерасын Суарес улантат. Эске салсак, футболчу америкалык “Интер Майами”… Кененирээк…

Бишкекте жаңы автобустук каттам кое берилди

Бишкекте жаңы автобустук каттам кое берилди. №30 автобус Дордой базарынан Муромская көчөсүндө жайгашкан Жол-эксплуатациялык башкармалыгына чейин жүрөт.   Каттамга 7-8 мүнөттүк аралык менен жалпысынан 23 автобус чыкты.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.

Бишкектин Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн магистралдык жылуулук тармагын масштабдуу реконструкциялоо иштери аяктады

Бишкектин Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн Медеров көчөсүнөн Кулатов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө магистралдык жылуулук тармагын масштабдуу реконструкциялоо иштери аяктады.   Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда жол толугу менен унаа кыймылына ачык. Белгиленгендей, долбоордун алкагында түтүктөр алмаштырылып, бардык жапкычтар жаңыланды. Реконструкцияланган тармактын жалпы узундугу 845 метрди түзөт.   Ушул жана башка… Кененирээк…

Өлкөдө жеке турак-жайлар көбүрөөк салынып баштады

Өлкөдө жеке турак-жайлар көбүрөөк салынып баштады. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, жыл башынан бери 5 миң 500 объект колдонууга берилди.   Үйлөрдүн жалпы аянты 700 миң чарчы метрди түзөт. Бул өткөн жылдын ушул мезгил аралыгына салыштырмалуу 36,5 пайызга көп. Жеке турак-жайларды курууга негизги капиталга 7… Кененирээк…

Кыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсиянын минималдуу өлчөмү 6 миң 900 сомду түзөт

Кыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсиянын минималдуу өлчөмү 6 миң 900 сомду түзөт. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.   Документке ылайык, пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн индексациялоо коэффициенти 1,18 өлчөмүндө бекитилди. Социалдык фонддун буга чейинки эсебине караганда, Кыргызстанда 764 миң пенсионер бар.   Учурда… Кененирээк…

Өлкөдө 7-8-сентябрда күн кескин сууктап, үшүк жүрөт

Өлкөдө 7-8-сентябрда күн кескин сууктап, үшүк жүрөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти. Маалыматка ылайык, 7-сентябрда Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк жеринде жаан, тоолуу аймактарында кар жаайт. Ош, Баткен жана Нарындын айрым жерлери жаан-чачындуу болот. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге чейин… Кененирээк…