Быйылкы “Алтын топ” сыйылыгына талапкер футболчулар аталды

Быйылкы “Алтын топ” сыйылыгына талапкер футболчулар аталды. Жалпысынан тизмеде 30 оюнчу бар.   Анын ичинде “Реалдын” форварды Джуд Беллингем, аны менен бир клубда ойногон Килиан Мбаппе, “Барселонадан” Ламин Ямаль жана “Реалдын”, Германия курамасынын мурдагы жарым коргоочусу Тони Кроос бар. Сыйлык тапшыруу салтанаттуу аземи 28-октябрда өтөт.… Кененирээк…

Баткен облусунун Кадамжай районунда сел коркунучунан коргоо чаралары жүрүүдө

Баткен облусунун Кадамжай районунда сел коркунучунан коргоо чаралары жүрүүдө. Өзгөчө кырдаалдар мингистрлигинен билдиришкендей, учурда Орозбеков айыл аймагындагы Таш-Булак сел өткөрүүчү сайында экскаватор менен 200 метр аралыкта механикалык тазалоо жумуштары башталды.   Жыйынтыгында 41 турак үй, 5 гектар айдоо талаалары, 3,5 чакырым ички чарбалык жол жана… Кененирээк…

Кыргызстанда кесиптик лицейлердин шарттары жакшыртылууда

Бүгүн Кант шаарындагы №25 кесиптик лицейде билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева, Азия өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы өкүлү Б.Өмүрзакова, Ысык-Ата районунун акимм Эрмекбай Омошев жана Кант шаарынын мэри Улан Майлибашев жаңыланган 9 колледж жана 10 кесиптик лицейдин онлайн бет ачар аземине катышты.   Билим берүү… Кененирээк…

Миң-Куш айылындагы оорукана капиталдык оңдоодон өткөрүлүүдө

Нарын облусунун Жумгал районунун Миң-Куш айылындагы Жалпы дарыгердик практика борборун капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүүдө. Мамкурулуш агенттигинен билдиришкендей, оңдоо иштери 2023-жылы башталып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.   Бүгүнкү күндө, имараттагы демонтаж иштери толук бүтүп, терезелер алмаштырылды, ал эми ички курулуш иштери 80 пайызга бүткөрүлүп, сырткы курулуш… Кененирээк…

Бишкекте №1 шаардык клиникалык оорукананын жаңы корпусунун курулушу башталды

Бүгүн Бишкек шаардык №1 клиникалык ооруканасында терапия бөлүмүнүн курулушуна капсула салуу расмий аземи өттү. Бул тууралуу Салтанатка саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Кувейт мамлекетинин «Ас-Сафа» кайрымдуулук фондунун төрагасы шейх Мухаммад Абдурахман Альшая, оорукананын жетекчилиги жана жамааты катышты.   Курулушту келерки жылдын сентябрына чейин бүтүрүү пландалууда.… Кененирээк…

АКШда эркекти атасынын белеги миллионер кылды

АКШда эркекти атасынын белеги миллионер кылды. Үйлөнүү тойдон кийин ага атасы лотерея билетин белек кылган. Купон байгелүү болуп чыкты. Америкалык бактылуу жаран бир миллион доллардын ээси болду.   Бул акчага ал үй сатып алып, жубайы менен ата-энесинен бөлүнүп чыгууну пландап жатат.   Ушул жана башка… Кененирээк…

“Түндүк” системасында жаңы мамлекеттик кызматтар пайда болот

“Түндүк” системасында жаңы мамлекеттик кызматтар пайда болот. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги алдындагы калкты каттоо департаментинин директору Арсен Минбаев билдирди.   Анын айтымында, жарандар паспортту онлайн алса болот. Бул үчүн арыз берип, сүрөткө түшүү керек. Калкты тейлөө борборуна келип, кезек күтүүнүн кереги жок.   Бардыгын… Кененирээк…

Бишкектеги “Баш-Карасуу” суу дарбазасында 5 скважина ишке кирди

Бишкектеги “Баш-Карасуу” суу дарбазасында 5 скважина ишке кирди. Мэриядан билдиришкендей, аталган долбоор Ороктун 12 айылын, ЖЭБ-2 конушун, Ак-Өргө, Ак-Ордо конуштарынын жогорку бөлүгүн, ошондой эле Арча-Бешиктин түштүк тарабын суу менен камсыз кылат.   Скважиналарды бургулоо иштери ушул жылдын май айында башталган. Суу дарбазасын кеңейтүүгө 9 гектардан… Кененирээк…

Токмокто 920 млн сомдук бала бакча мамлекетке кайтарылды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген объекттерди мамлекетке кайтаруу иштеринин алкагында, Токмок шаарындагы мурда мыйзамсыз менчиктештирилген, базар баасы 920 млн сомдук бала бакча мамлекеттин балансына кайтарылды. Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, 1996-жылы Токмок шаарындагы эки кабаттуу бала бакча жалпы аянты 6900,5 чарчы… Кененирээк…

Билим берүү министрлиги окуучуларды электрондук китептерди колдонууга чакырат

Билим берүү жана илим министрлиги окуучуларды электрондук китептерди колдонууга чакырат. Министрлик окуу китептеринин электрондук варианттары https://kitep.edu.gov.kg/kg электрондук китепкана сайтында жайгаштырылганын маалымдайт. Мында окуу китептерин компьютер, телефонго жүктөп же кагаз түрүндө басып чыгарып алса болот.   Ошондой эле 2024-2025-окуу жылында окутуу орус жана кыргыз тилинде жүргүзүлгөн Кыргызстандын… Кененирээк…