Бишкектин 9-кичи районунда ички жолдор капитиалдык оңдоодон өткөрүлдү

Бишкектин 9-кичи районунда ички жолдор капитиалдык оңдоодон өткөрүлдү.   Мэриядан билдиришкендей, №111 жана №112 бала бакчаларынын жанындагы жолдун асфальты жаңыртылып, бордюр жана ирригация системасы орнотулду.   Октябрь районунун аймагында, тагыраагы кичи райондордо жолдорду жана тротуарларды капиталдык оңдоо иштери улантылат.   Ушул жана башка жаңылыктар менен… Кененирээк…

Ички каттамдарды аткаруу максатында сатып алынган учактардын бири бүгүн Кыргызстанга келди

Ички каттамдарды аткаруу максатында сатып алынган учактардын бири бүгүн Кыргызстанга келди. “Манас” эл аралык аэропортунун маалыматына ылайык, Dash 8 Q-400 учагы 80 жүргүнчүнү батыра алат жана 2 миң чакырымга чейинки аралыкка учууга жөндөмдүү.   “Асман аба жолдору” мамлекеттик авиакомпаниясы 27-сентябрдан баштап өлкөнүн ичинде бардык багыттар… Кененирээк…

Кыргызстанда 3 миң 817 үй-бүлө жер көчкү коркунучу бар аймактарда жашайт

Кыргызстанда 3 миң 817 үй-бүлө жер көчкү коркунучу бар аймактарда жашайт. Анын ичинен 2 миң 400 үй-бүлө Ош облусуна туура келет, — деп билдирди Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматов.   Ал белгилегендей, кооптуу аймактарда жашаган үй-бүлөлөрдүн баарына эскертүү берилип, коопсуз жакка көчүү сунушу… Кененирээк…

Такси айдоочуларына көзөмөл күчөтүлөт

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы такси айдоочуларына көзөмөл күчөтүлөрүн билдирди.   Мекеменин маалыматына караганда, акыркы учурда унаанын техникалык абалына көңүл бурбастан, айдоочулук тажрыйбасы жок, тийиштүү докумменттерди чогултпастан, такси кызматына тиркемелер аркылуу жеңил туташып, жүргүнчүлөрдү комерциялык жолдор менен ташып жүргөн такси айдоочулары көбөйүүдө. Бул айдоочуларга… Кененирээк…

«Кыргыз-Түрк достугу» ооруканасына Эрдогандын ысымы берилди

Бишкектеги «Кыргыз-Түрк достугу» мамлекеттик ооруканасына Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын ысымы берилди. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты. Тийиштүү Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.   Мындан ары медициналык борбор «Режеп Тайып Эрдоган атындагы Бишкек Кыргыз-Түрк достугу мамлекеттик ооруканасы» деп аталат. Бүгүнкү күндө дарылоо мекемеси коммерциялык… Кененирээк…

Ош облусундагы «Кара-Суу» өткөрмө бекети кайрадан ачылат

Ош облусундагы «Кара-Суу» өткөрмө бекети кайрадан ачылат. Novosti.kgге президенттин аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн такташкандай, аталган пункт ишке берүүгө толук даяр.   Белгиленгендей, «Кара-Суу” түйүнү ачылса “Достук” көзөмөл бекетине жеңилдик болот.   Белгилеп кетсек, “Кара-Суу” өткөрмө түйүнү мындан 14 жыл мурда жабылган.   Ушул жана башка… Кененирээк…

Токтогул ГЭСиндеги №1 гидроагрегатты оңдоо 80%га аяктады

Токтогул ГЭСиндеги №1 гидроагрегатты оңдоо иштеринин 80% аяктады. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.   Маалыматка ылайык, аталган агрегаттын генераторунун статору толугу менен чогултулуп, сыноодон өткөрүлдү. №1 гидроагрегат ишке кирсе ГЭСтин кубаттуулугуна дагы 60 мВт кошула турганы кабарланган.   Эске салсак, Токтогул гидроэлектрстанциясынын… Кененирээк…

Бишкекте №8 троллейбустун схемасы жарым-жартылай өзгөртүлдү

Бишкекте №8 троллейбустук каттам жарым-жартылай өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен иштеп жатат.   Муниципалитеттен билдиришкендей, мурда маршруттун акыркы аялдамаларынын бири Кыргыз мамлекеттик цирки болсо, эми троллейбус Ак-Өргөдөн Тунгуч кичи районуна чейин каттайт.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.

Кыргызстанда малды экспорттоо убактылуу токтотулду

Кыргызстан ийри мүйүздүү малды, жылкыны экспорттоону убактылуу токтотту. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.   Мындай чара өлкөдөгү малдын так эсебин камсыз кылууга, ошондой эле ветеринардык жана санитардык нормалардын сакталышына контролду жогорулатууга багытталган. Экспортко уруксат берүү боюнча кошумча… Кененирээк…

Улуттук банк кезектеги интервенцияны жасады

Улуттук банк валюта рыногунан 22 миллион 500 миң доллар сатып алды. Бул маалымат банктын расмий сайтына жарыяланды.   Өлкөнүн башкы каржы мекемеси жыл башынан бери 18 жолу интервенция жасап, анын көбүндө долларды сатып алды.   Эске салсак, интервенция доллардын курсу кескин көтөрүлүп же түшүп кеткенде… Кененирээк…