Кыргызстандын түштүгүндө жер титиреди

Кыргызстандын түштүгүндө түндө саат 02:53тө очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөөнүн очогу Фергана тоо кыркаларында Байбиче айылынан 15 чакырым чыгышта, Жалал-Абад шаарынан 100 чакырым түштүк-чыгышта, Ош шаарынан 120 чакырым түндүктө болгон.   Жердин силкинүүсү… Кененирээк…

Бишкектин Юнусалиев көчөсү Сүйөркулов көчөсүнө чейин оңдолуп бүттү

Бишкектин Юнусалиев көчөсү Сүйөркулов көчөсүнө чейин оңдолуп бүттү. Бул тууралуу маалыматты Novosti.kgге мэриядан ырасташты.   Белгиленгендей, аталган тилке унаа кыймылы үчүн бүгүнтөн тарта ачылат.   Мэриядан ишендиришкендей, Бишкекте жолдорду капиталдык оңдоо иштери 31-октябрга чейин аяктайт.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан… Кененирээк…

Чолпон-Атада 175 орундуу бала бакча оңдоп-түзөөдөн өткөндөн кийин ачылды

Чолпон-Ата шаарында 175 орундуу бала бакча капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийин пайдаланууга берилди. Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, ремонт 2023-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталып, 5 млн сомго жакын жумшалган.   Учурда бул жерде 250дөн ашык бөбөк тарбияланууда.   Ушул жана башка жаңылыктар менен… Кененирээк…

Кыргызстан өзү сатып алган учактардын алгачкысы Бишкекке бүгүн конот

Кыргызстан өзү сатып алган учактардын алгачкысы Бишкекке бүгүн келип конот. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.   Буга чейин кабарлангандай, самолет ички каттамдарга колдонулат. Эске салсак, мамлекеттик авиакомпания 27-сентябрдан тарта Бишкектен Талас, Нарын жана Караколго аба каттамдарды ачат.   Билеттердин баасы 2 миң сомдон башталат.  … Кененирээк…

Кыргызстанда эки жаңы министр кызматка киришти

Кыргызстанда эки жаңы министр кызматка киришти. Транспорт жана коммуникациялар министри кызматына Жалал-Абад облусунун мурдагы башчысы Абсаттар Сыргабаев, жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри кызматына буга чейин Маммүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары болуп иштеп жаткан Медер Машиев дайындалды.   Тиешелүү жарлыктарга президент… Кененирээк…

Кыргызстандын футбол курамасы Иранга жеңилди

Кыргызстандын футбол курамасы Дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарынын 3-раундундагы алгачкы оюнун Иран курама командасы менен ойноп, 1:0 эсебинде жеңилди.   Беттеш 5-сентябрда Ирандын Исфахан шаарынын “Фуладшехр” стадионунда өттү. Оюндагы жалгыз голду 34-мүнөттө Иран курамасынын чабуулчусу Мехди Тареми киргизди.   Эки команданын кийинки беттеши 19-ноябрда Бишкектеги Дөлөн… Кененирээк…

Такси жана жеткирүү кызматындагыларга ККМ колдонбоого уруксат берилди

Такси кызматында жүргүнчүлөрдү ташуу жана курьер кызматын көрсөткөн ишкерлер 1-январга чейин ККМ колдонуудан бошотулду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.   Ошондой эле көзөмөл-касса машина колдонуудан интернет аркылуу товар саткан же кызмат көрсөткөн ишкерлер 1-ноябрга чейин бошотулду.   Ошол эле учурда окуу жайлардын ашканаларында жана… Кененирээк…

Кыргызстанда 1-октябрдан тарта эң аз пенсия 6 миң 900 сом болот

Кыргызстанда 1-октябрдан тарта эң аз пенсия 6 миң 900 сом болот.   Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон. Ага ылайык, Социалдык фондго пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн 1-октябрдан баштап 18% көбөйтүп, анын ичинде кеминде миң сом кошуп эсептөө тапшырылды.   Социалдык фонддун буга чейинки… Кененирээк…