Акылбек Жапаров Эл аралык валюта фондунун орун басары Бо Ли менен жолукту

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Эл аралык валюта фондунун башкаруучу директорунун орун басары Бо Ли менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.   Жолугушууда тараптар макроэкономикалык абалды, андан тышкары энергетика тармакта жана климаттын өзгөрүшү боюнча кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.   Акылбек Жапаров климаттын… Кененирээк…

Бишкекте мыйзамсыз объекттерди демонтаждоо иштери уланууда

Бишкек шаарында мыйзамсыз объекттерди демонтаждоо иштери уланууда. Муниципалитеттен билдиришкендей, мэриянын жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы Садыбакасов көчөсүндө жайгашкан «Равза» ашканасынын кеңейтилишин демонтаждоодо. Натыйжада 90 чарчы метр жеңил конструкция менен кеңейтилген жер бошотулду.   Белгиленгендей, буга чейин аталган башкармалык тарабынан муниципалдык аймакты уруксат берилбеген орнотуулардан, ошондой… Кененирээк…

Бишкекте жолдорду капиталдык оңдоо иштери уланууда

Бишкекте жолдорду капиталдык оңдоо иштери уланууда. Муниципалитеттен билдиришкендей, эртең Юнусалиев жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишин унаа кыймылы үчүн жаап, 13-сентябрда ачуу пландалууда.   Ал эми бүрсүгүнү Юнусалиев-Медеров көчөлөрүнүн кесилиши жабылып, 14-сентябрда кайра ачылат.   Белгилеп кетсек, 14-сентябрда Юнусалиев көчөсүнүн Сүйөркуловдон Ахунбаевге чейинки бөлүгү капиталдык оңдоодон кийин… Кененирээк…

Бишкекте 500дөй мугалимдин орду бош турат

Бишкек шаарынын мектептеринде 496 мугалимдин орду бош. «Азаттыкка» билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, көбүнчө орус тилдүү мектептерде айрыкча так илимдер — физика, математика, биология боюнча адистер жетишсиз.   Маалыматка ылайык, шаардагы мугалимдер пенсия курагына жеткендиктен жумуштан кеткен. Ал эми аймактарда, өзгөчө айыл жергесинде бир… Кененирээк…

Кыргызстанда 9,5 миңден ашуун фермер жеңилдетилген насыя алышты

“Айыл чарбасын каржылоо-12” долбоорунун алкагында 9,5 миңден ашуун фермер жеңилдетилген насыя алышты.   Каржы министрлигинин маалыматына караганда, жалпысынан 3,5 миллиард сомдон ашык каражат берилди. Каражат мал чарбачылыгын жана өсүмдүк өстүрүүнү өнүктүрүүгө жумшалат.   Долбоор боюнча кредит берүүнүн жалпы көлөмү беш миллиард сомду түзөт.   Ушул… Кененирээк…

Чүй облусунда Ала-Арча дарыясына көпүрө куруу иштери уланууда

Чүй облусунда Ала-Арча дарыясына көпүрө куруу иштери уланууда.   Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, объект Аламүдүн-Арашан-Кой-Таш жолунда жайгашкан. Анын узундугу 23, туурасы 13 метрди түзөт.   Бүгүнкү күндө фундаментти казуу иштери толугу менен аяктады. Көпүрөнү жылдын аягына чейин пайдаланууга берүү пландалууда.   Эске салсак, эски… Кененирээк…

Эне жана баланы коргоо борборунун жаңы имараты ачылды

Бишкекте курулушу отуз жыл мурун башталган Эне жана баланы коргоо борборундагы имарат пайдаланууга берилди. Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, жаңы объектке 30 орундуу эндокринология, 30 койкалуу нефрология бөлүмдөрү, жандандыруу, операция жасоочу бөлүмдөр, чоң жыйындар залы жана башка кызматтык бөлмөлөр жайгаштырылган.   Бөлүмдөрдүн баары керектүү медициналык жабдуулар,… Кененирээк…

Өзбекстандык машыктыруучу Акмаль Хасановго унаа белекке берилди

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-сентябрда бокс боюнча өзбекстандык машыктыруучу Акмаль Хасанов менен жолугуп, Мунарбек Сейитбек уулунун жеңишине кошкон салымы үчүн ага ыраазычылык иретинде унаа белек кылды. Мамлекет башчысы Акмаль Хасанов менен болгон баарлашууда анын бул жасаган кадамы Кыргызстан менен Өзбекстан элдеринин достугун жана биримдигин даңазалаганын… Кененирээк…

Ошто ЖОЖдун деканы пара талап кылууга шектелип кармалды

Ошто ЖОЖдордун биринин деканы жана анын орун басары кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен билдиришти.   Маалыматта Ош шаарындагы Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин (КУМУ) финансы-экономика факультетинин деканы Ш.Ш.О. мамлекеттик экзамендерди тапшырууда студенттерден системалуу түрдө опузалап акча талап кылгандыгы айтылат.   Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам… Кененирээк…

Нарында ата мекендик мотоциклдер чыгарыла баштады

Нарында ата мекендик мотоциклдер чыгарыла баштады. Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, завод Ат-Башы районунда жайгашкан.   Кытайлык өнөктөштөрдүн колдоосу менен ишкана эки, үч жана төрт дөңгөлөктүү мотоциклдерди чыгарат. Алар 400 килограммдан 2 тоннага чейинки жүктөрдү ташууга жөндөмдүү.   Баасы түрүнө жараша 90 миңден 190… Кененирээк…